Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 22:16

Саясат айдыңын дүрбөткөн аудио жана кайрылуу


Курсан Асанов тартиби катаал №50 колонияга камалды
please wait

No media source currently available

0:00 0:03:39 0:00

Курсан Асанов тартиби катаал №50 колонияга камалды

Бир канча күн мурда интернетке тараган аудио сүйлөшүүгө жана президенттин атына жазылган кайрылууга байланыштуу тергөө жана сурак иштери 16-сентябрда да уланып, мурдагы ички иштер министринин орун басары Курсан Асанов эки айга камалды.

Ал арада президент Садыр Жапаровго жолдонгон кайрылуунун автору анын түп нускасы, мазмуну бурмаланып, өзгөрүп калганын айтууда. Мамлекет башчынын администрациясына тапшырылган каттын коомчулукка жарыяланып кеткени суроо жаратууда.

Милиция "калайман башаламандык уюштурууга аракет кылган адамдарга чара көрүү" тууралуу бул кайрылуудан улам бир топ саясатчыларды суракка алган.

Анын алдында ички иштер министринин мурдагы орун басары Курсан Асанов "бийликти күч менен басып алууга даярданып жүргөн" деген шек менен камалган.

Асанов менен Сарыбаевдин иши

16-сентябрда Бишкектин Биринчи май райондук соту "бийликти күч менен басып алууга" шек саналып кармалган ички иштер министринин мурдагы орун басары Курсан Асановдун баш коргоо чарасын карап, аны Ысык-Ата районунун Төмөнкү-Нооруз айылындагы №50 колонияга эки айга камады. Ал эми "АКБ Толубай" жабык акционердик коомунун директорлор кеңешинин мурдагы мүчөсү Алмаз Сарыбаев №1 тергөө абагына 15-ноябрга чейин камалды. Экөө тең өздөрүнө коюлуп жаткан айыпты четке кагып, аны "куру жалаа" деп айтышууда.

Адвокат Чынара Жакупбекова эмне үчүн прокуратура Курсан Асановду №50 колонияда - өтө оор кылмыш кылгандар отура турган абакка кармоону суранып жатканын түшүнбөй жатканын журналисттерге билдирген.

Адвокат Курсан Асановдун генерал-майор экенин да эске салган.

Сарыбаевдин жактоочусу Айжан Орозакунова бул чечим менен макул эместигин, жогорку инстанцияга апелляциялык арыз менен кайрыларын айтты.

Ички иштер министрлигинин 16-сентябрда тараткан маалыматына караганда, ИИМдин Тергөө кызматынын өндүрүшүндө Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган Жазык кодексинин 309-беренесинде (Бийликти күч менен басып алуу) көрсөтүлгөн кылмыштын курамы боюнча материал иликтенип жатат. Анын негизинде жогорудагы кылмышты жасоого шектүү катары 14-сентябрда Курсан Асанов, 15-сентябрда Алмаз Сарыбаев кармалган.

Алар Бишкек шаарынын ички иштер башкы башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

"Сотко чейинки өндүрүштү тергөө учурунда күбө катары Жогорку Кеңештин мурдагы жана азыркы бир нече депутаты, мурда иштеп кеткен мамлекеттик кызматчылар суракка алынган. Сотко чейинки өндүрүш боюнча бир катар тергөө аракеттери жүргүзүлүүдө", - деп жазылат меке тараткан маалыматта.

Буга чейин интернетке Асанов жана Сарыбаевдин телефондон сүйлөшүүсү делген аудио тараган. Сапаты начар, сүйлөшкөн сөздөрү делген текст менен коштолгон ал материалда парламент депутаты Жанар Акаевдин, ИИМдин мурдагы жетекчиси Мелис Турганбаевдин дагы аты аталганы айтылган.


Айрым маалымат каражаттары мурдагы ички иштер министри, Жаза аткаруу кызматынын мурдагы төрагасы Мелис Турганбаев дагы сурак бергенин жазган. Турганбаев "Азаттыкка" комментарий берип жатып, мындай маалыматты жокко чыгарды, ушул тушта өлкөдөн сыртта жүргөнүн билдирди.

Милициянын материалдарында аты аталган Жогорку Кеңештин депутаты
Жанар Акаев интернетке тараган Асанов менен Сарыбаевдин телефондон сүйлөшүүсү делген аудиого жана президенттин атына жазылган кайрылууга байланыштуу 15-сентябрда милицияга сурак берди. Депутат сурактан чыккандан кийин аны айыптоого далил дагы, негиз дагы жок экенин айтты.

Жанар Акаев.
Жанар Акаев.

“Мен эч бир саясатчы же коомдук ишмер менен бийликти күчкө салып басып алуу аракетин көргөн эмесмин. Бир да, кымындай да далил жок экенин айттым. Маданият ишмерлеринин кайрылуусундагы “ар кандай интервью берип, элди митингге үндөгөн” деген да жалган”.

15-сентябрда Акаевден тышкары депутаттар жана саясатчылар Бакытбек Жетигенов, Алтынбек Сулайманов, Акматбек Келдибеков, Исмаил Исаков, Туйгунаалы Абдраимов, Жанарбек Акаев жана Канатбек Исаев ИИМде суракта болушту. Алар "маданият кызматкерлеринин кайрылуусу" деген катка байланыштуу суроолорго жооп бергенин билдиришти.

ЭлТР "Президент Садыр Жапаровго жети облустан кайрылуу түштү" деген материалды 14-сентябрда көрсөткөн. Маданият ишмерлери кол койду деген ага үндөш кайрылуунун тексти интернетте тараган. Анда "Туйгуналы Абдраимов, Бакыт Жетигенов, Курсан Асанов, Жанар Акаев, Азамат Мусакеев, Исмаил Исаков, Акматбек Келдибеков, Алтынбек Сулайманов, Жылдызкан Жолдошева ж.б. жарандар баштаган адамдар 17-сентябрь күнү 100 миң киши алып чыгып, бийликти алмаштырабыз" деп жатканы үчүн аларга чара көрүү талабы жазылган.

Көп өтпөй кагазда аты аталган айрым адамдар кайрылууга кол койбогонун жана мазмуну өзгөргөнүн билдирип чыгышкан.

Ушул эле кайрылууга байланыштуу Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Жылдызкан Жолдошева да 16-сентябрда милицияга чакырылып, бирок сурак бербей чыкканын билдирди.

Жылдызкан Жолдошева.
Жылдызкан Жолдошева.

"Мени саат 14:00гө чакырган. Кайрылуу президентке жазылган. Ошондуктан президенттин колу коюлган, андан ИИМдин жетекчилиги Улан Ниязалиевге келген, андан Тергөө кызматына тапшырма берилген документти көргөзгүлө деп талап кылдым. Экинчиден, Кылмыштардын жана жоруктардын реестрине катталышы керек. Анда кайсы номерде, кайсы күнү саат канчада ачылган ошону көрсөтүүнү талап кылдым. Мыйзам боюнча ошондой болушу керек. Мен сурак берген жокмун, анткени алар ошондой катты көрсөтө алышкан жок", - деди Жолдошева.

Кайрылуу авторунун жана ЭлТРдин жообу

Милициянын сурагына негиз болгон, “маданият ишмерлеринин президент Садыр Жапаровго кайрылуусу” деген каттын автору, Жазуучулар союзунун мүчөсү Сонунбү Кадырова кайрылуунун түп нускасы бурмаланып, мазмуну өзгөрүп калганын айтып чыкты.

Ал "Азаттыкка" президентке “тополоң кылгысы келгендерге чара көрүп, тартипке чакырууну" сунуштаганын бышыктады. Бирок катта аты аталган бир топ адам, 100 миң киши тууралуу да жазбаганын билдирди.

“Мен коллегаларыма телефон чалып, ушундай кайрылуу жасабайлыбы дегем. Кат 1,5 барак болгон. Маданият кызматкерлеринин макулдугун телефон аркылуу сурагам. Аларга катты окуп берген эмесмин. Катка алар кол койгон эмес. Бир гана өзүм кол койгом. Өзүм демилге көтөргөм. Президент Жапаровдун атына кат жазбайлыбы десем макул болушкан. “Телефон аркылуу макулдугу алынды” деп жазылып турат тиги жерде”.


ЭлТР көрсөткөн тасмага байланыштуу айрыкча социалдык тармактарда кызуу талкуу жаралды.

Аталган телеканалдын жетекчиси Эрлан Догдурбеков сюжетти даярдоого интернеттеги маалыматтар негиз болгонун айтып, "президенттик администрациядан тапшырма түшкөн" деген сөздөрдү жокко чыгарды.

"Ошол бөлүмдө иштеген журналисттер мага "ушундай маалыматтар түшүп жатат, интернетте дагы аябай көп болуп кетти" деп кайрылды. Негизги булагы интернет, жеке баракчаларга көп чыкканына байланыштуу болду. Ошол жактагы адамдар "эмне себептен андай кылып чыгарып жатканын тактоо максатында материал жасап көргүлө" дегем. Балдарга ошондой тапшырма бергем. Биз катта жазылган адамдардын ысымдарын алып, кээ бирлери менен байланышып көрдүк. Баары тынчтыкка үндөп, "азыр митингдин кереги жок, ызы-чуудан тажадык" деген ойлорун айткан. Ал жерде Сонунбү эженин өзүнүн интервьюсу турат. Ал ошол убакта каттын бурмаланып кеткенин бизге айткан эмес. Бизде андай маалымат жок болчу".

Догдурбеков аталган телеканал бул кайрылууга байланыштуу айрым саясатчылар милицияга сурак бергени тууралуу материал даярдабаганын сурактын кеч бүткөнү менен негиздеди жана ЭлТР эми даярдашы мүмкүн экенин айтты.

Аудио ынандырчу далилби?

Мамлекеттик катчы Чолпонбек Абыкеев "Азаттыктын" “Арай көз чарай” берүүсүндө акыркы саясий окуялар тууралуу буларды айтты:

"Болуп аткан окуялар жөнүндө айтканда бир нерсени эстен чыгарбашыбыз керек. Биз жаңы Конституция менен жашап жатабыз да. 5-майда кабыл алынган Конституцияда адам укугу өзгөчө корголгон. Эгерде укук коргоо органдары тарабынан күнөөсүз эле адамдарды камалса, ыдык көрсөтүлсө, адамдар сотко кайрылып, өзүнүн моралдык чыгымдарын төлөтүп алганга да укугу бар. Ошондуктан укук коргоо органдары ушундай иштерге жөн жеринен эле барып жатпаса керек. Кайсы бир деңгээлде далилдери болсо керек. Мыйзамдуу жагын укук талаасында туруп карашыбыз керек. Эгер алар ошону далилдей албай калса, анда бүгүнкү "мыйзамсыз камалып жатат" деген адамдар өз укуктарын коргоп алганга толук укугу бар. Бул баш мыйзамда ачык жазылып турат".

Талдоочу Марс Сариев "өлкөдө тополоң уюштурууну көздөгөндөр" тууралуу президентке кайрылгандар суракка чакырылбаганын белгиледи жана бул окуялардын айланасында суроо, бүдөмүк ойлор көп экенин айтты.

Марс Сариев.
Марс Сариев.

"Мен дагы түшүнбөй турам, биринчи кат жазгандарды сураш керек болчу, чынында эле башында ошолорду дагы чакырыш керек эле. Азырынча бийликти басып алуу коркунучу барбы же жокпу, бул шайлоо алдындагы пиар технологиябы же жокпу, айтуу кыйын. Ушундай кызык окуялар болуп жатканына мен дагы таң калып жаткам. Бирок ошондой бир окуя болушу мүмкүн. Себеби азыр саясий кырдаал курчуп жатканын көрүп турабыз. Аймактык чоң саясий оюндар болууда. Курсан Асановго, Жанар Акаевге айып койгону суроо туудурат. Мени мисалы ынандырган жок. Факт жагынан далилдениши керек. Алар ушундайды уюштургусу келген фигуралар эмес. Мени алардын ишиндеги аудио ынандырган жок".

Мурдагы коргоо министри, Жогорку Кеңештин экс-депутаты, генерал Исмаил Исаков коомчулукка тараган кайрылууга байланыштуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) башчысы Камчыбек Ташиевге кайрылган. Атайын кызмат буга байланыштуу териштирүү болобу же жокпу, азырынча комментарий бере элек.

Жети саясатчы сурак берди, экөө камалды
please wait

No media source currently available

0:00 0:04:14 0:00

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG