Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Октябрь, 2021 шаршемби, Бишкек убактысы 15:56

Суракка жеткирген кайрылуу: "Биринчи бети өзгөргөн"


15-сентябрда бир топ саясатчылар ИИМге сурак берип чыгышты.

15-сентябрда бир топ саясатчылар ИИМге сурак берип чыгышты. Анын алдында айрым маданият өкүлдөрүнүн атынан президент Садыр Жапаровдун дарегине жолдонгон кайрылууда "бийликти күч менен басып алуу аракети жасалып жатканы" белгиленип, тогуз саясатчынын ысымы аталган.

Алардын катарында саналган ИИМдин мурдагы орун басары Курсан Асанов 14-сентябрда камалды. Коомчулуктун кызуу талкуусуна түшкөн бул окуялардын келип чыгышына президентке жолдонгон кайрылуу түрткү болдубу? Бийликти күч менен алмаштырууга шек бар деп кооптонууга негиз барбы? Мурункулардын каталарын кайталабаш үчүн бийлик кандай тобокелчиликтерди эске алышы керек? Бул суроолор “Арай көз чарайда” талкууланды.

Талкууга президентке кайрылган жарандардын бири, ырчы, алып баруучу Сонунбү Кадырова, мамлекеттик катчы Чолпонбек Абыкеев, саясатчы Бектур Асанов, саясат таануучу Жолбос Жоробеков катышты.

Сонунбү Кадырова: Биз отуз жылдан бери ызы-чуу болуп эле экономикалык жактан артта калып, жоголуп кетүү коркунучуна келдик. Августтун башынан эле Туйгунаалы Абдраимов кайрылууларды көп жазат. Кандай эле эрте ойгонгондун баары тополоң кыла бериш керек деген ой келип, ушундай кайрылуу жасабайлыбы, чара көрүп (президент – ред.), тартипке чакырса кандай болот деп коллегаларым менен сүйлөшүп, бир жарым барак кат жазгамын. Анан бардык маданий кызматкерлерге барып отурбай, жарым бетке алты адамды жазып, телефон аркылуу алардын макулдугун сурагам. Бирок, катты окуп берген эмесмин. Бийликке отургусу келгендин бардыгы эле ызы-чуу кыла береби, митинг дегенди токтотпойлубу, президент Жапаровдун атына кат жазбайлыбы десем, макул болушкан. Алар кол койгон эмес, бир гана өзүм кол койгом. "Телефон аркылуу макулдугун алды" деп жазылып турат.

Ошол маалыматтарды (сөз президентке кайрылуунун биринчи бетинде жазылган Курсан Асанов, Бакытбек Жетигенов, Алтынбек Сулайманов, Акматбек Келдибеков, Исмаил Исаков, Туйгунаалы Абдраимов, Жанарбек Акаев, Азамат Мусакеев, Жылдызкан Жолдошева баштаган жарандар бийлик алмаштыруу максаты менен 100 миң кишин көчөгө чыгарары тууралуу маалымат жөнүндө болууда-ред.) мен жазган эмесмин. Эки бет деп айтып атканым бекеринен эмес. Биз кол койгон барак калып калган да, биринчи бети өзгөрүлүп кеткен. Мен ал катты президенттин канцеляриясына, эшиктин оозундагы үкөккө таштагам. Ал президентке жеттиби же орто жолдон кызыкчылыгы бар башка адамдар аркылуу оңдолуп интернетке чыгып кеттиби, билбейм. Бул кат интернетке чыксын деген ойдо эмес болчумун.

Катты таштаганым чын, бирок каттын оригиналын өзүмө сактап калбаптырмын. Сотко берсе, болгонун болгондой айтып берем. Мисалы, ошол кат чыгаары менен элдин баарын кармап атат деген сөздөр айтылып жатат. Буга чейин канча каттар жазылды. Ошол каттардын бардыгын эле ишке ашыра берсе анархия болуп кетпейби.

Чолпонбек Абыкеев
Чолпонбек Абыкеев

Чолпонбек Абыкеев: Болуп аткан окуялар жөнүндө айтканда бир нерсени эстен чыгарбашыбыз керек. Биз жаңы Конституция менен жашап жатабыз да. 5-майда кабыл алынган Конституцияда адам укугу өзгөчө корголгон. Эгерде укук коргоо органдары тарабынан күнөөсүз эле адамдарды камалса, ыдык көрсөтүлсө, адамдар сотко кайрылып, өзүнүн моралдык чыгымдарын төлөтүп алганга да укугу бар. Ошондуктан укук коргоо органдары ушундай иштерге жөн жеринен эле барып жатпаса керек. Кайсы бир деңгээлде далилдери болсо керек. Мыйзамдуу жагын укук талаасында туруп карашыбыз керек. Эгер алар ошону далилдей албай калса, анда бүгүнкү "мыйзамсыз камалып жатат" деген адамдар өздөрүнүн укуктарын коргоп алганга толук укугу бар. Бул баш мыйзамда ачык жазылып турат.

Бектур Асанов
Бектур Асанов

Бектур Асанов: Бул окуянын шайлоонун алдында болуп жатканы өтө кызык. Саясатчылар арасында шайлоонун алдында беш-алты активдүү саясатчыны камайт деп сөз болуп жаткан. Муну күтүп атканбыз. Шайлоонун алдында элди коркутуп коелу деген мурдагы бийликтер кетирген катаны кайталап атышат. Экинчиден, мамлекеттик төнкөрүш даярдалып жатат дегенге бүгүн эч ким ишенбейт. Ички иштер министрлиги "куралданышкан" деген маалыматты берип атпайбы. Кыргызстанда элдик каршылык менен үч ирет бийлик алмашты. Бир да курал колдонулган жок. Бийлик алмаштырам деген күндө да анын кереги жок. Бакиевдин убагында курал бийлик тарабына колдонулган. Менимче, бул бийликтин чоң катачылыктарынын бири. Ачык эле айтышыбыз керек, бийликтегилер бүгүн кадыр-баркы кеткенин билишет.

Жолборс Жоробеков: Кайсы бир адамдардын жанагыдай иштерди жүргүзүүсү мүмкүн. Бирок компетенттүү органдар, кимди кармабасын: чыккынчыныбы, коррупционердиби же мамлекеттик төңкөрүш жасайм деген адамдыбы, кынтыксыз изилдеп, эч кандай шек калтырбашы керек. Бизде эмне үчүн кийинки кездерде коррупционериби, башкасыбы шак камашат да, кайра бошотуп коюшат. Ушунун өзү элде бийликке болгон ишенимди азайтып жатат.

Мына, азыр мамлекеттик төңкөрүш тиги-бу деп айтып атат, азыр техника укмуш, жанагы интернетте жүргөндөрдү жасап коюшу ыктымал. Тигилерге да коргонууга мүмкүнчүлүк бериш керек. Элибиз азыр ушунчалык саясатташкан, 6,5 миллион калктын колунда 10 миллион телефон бар. Тынбай карап турушат. Ошондуктан эл расмий маалыматка караганда интернеттегиге көп ишенүүдө. Ошон үчүн бийлик кынтыксыз иштеп туруп, мойнуна коюшу керек. Компетенттүү органдар президентке жакшылык кылабыз деп, тескерисинче президент менен элдин ортосундагы ажырымды көбөйтүшү да мүмкүн. Ошондуктан, биз мурдагы окуялардан сабак алышыбыз керек.

Талкуунун толук версиясын бул жерден көрүңүз:

  • 16x9 Image

    Бурулкан Сарыгулова

    "Азаттык" радиосунун Бишкек кеңсесинин баш редактору. Кыргыз Мамлекеттик улуттук университетинин журналистика факультетин бүтүргөн.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG