Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:54

ИИМ саясатчыларды суракка алды (видео)


Жогорку Кеңештин депутаты Жанарбек Акаев.
Жогорку Кеңештин депутаты Жанарбек Акаев.

Ички иштер министринин мурдагы орун басары Курсан Асанов "бийликти күч менен басып алууга даярданып жүргөн" деген шек менен камалды.

Жогорку Кеңештин депутаттары Жанарбек Акаев, Алтынбек Сулайманов, Бакытбек Жетигенов, Канатбек Исаев жана Чүй облусунун мурдагы башчысы Туйгунаалы Абдраимов Ички иштер министрлигине сурак берип чыгышты.

Жети саясатчы сурак берди, экөө камалды
please wait

No media source currently available

0:00 0:04:14 0:00

Алтынбек Сулайманов сурактан чыккандан кийин бийлик шайлоо алдында биригүү ниети бар топторду алсыратуу аракетин кылып жатышы мүмкүн экенин белгиледи.

“Менин жеке пикиримде, шайлоо алдында чоң командаларды алсыратуу түшүнүгү болуп жатат окшойт. Бизге келе тургандар качышы керекпи же башкабы?.. Мени чакырууга эч себеп жок эле. Эмнеге чакырышканы өзүмө да түшүнүксүз болууда”, - деди ал.

Жанарбек Акаев төрт саат сурак берип чыккандан кийин журналисттерге буларды айтты.

"Бийликти басып алууга коомчулукка чакырык жасаган эмесмин. Кыргызстанда бир дагы киши аны далилдеп бере албайт. Суроо-жоопту ачыкка чыгарбоо тууралуу катка кол коюп бергеним үчүн көп нерсени айта албай турам. Суракка чакырган мөөнөттө келип туруу боюнча катка дагы кол коюп бердим".

Жанар Акаев сурактан кийин.
Жанар Акаев сурактан кийин.

Акматбек Келдибеков менен Исмаил Исаков дагы сурак берип чыгышты.

“Биз сурак берип жатканда Сонунбү Кадырованын видеокайрылуусу чыкты. Ал андай жазбаганын, биринчи бет алмаштырылганын, фамилиялар жоктугун, көпчүлүк текст өзгөргөнүн айтты. Бул боюнча сөзсүз изилдөө жүргүзүү керек. Суракта маданият кызматкерлеринин кайрылуусу дегендеги түшкө кирбеген, ойго келбеген нерселер боюнча суроолор берилди. Ким фальсификация кылса, ошону ким жасаган болсо жоопко тартылышы керек”, - деди Келдибеков.

Ал эми Исмаил Исаков бул аракеттерди өзүм билемдик, мыйзам бузуу, коркутуу катары баалады.

“Адамдарды коркутуп, эркиндикти кысып, басып, бардыгын дудук кылуу аракети деп ойлойм. Шайлоого бардырбай же болбосо “бул командага кирбегиле” деген аракеттер болушу ыктымал”, - деди ал.

Исаков кайсы бир билдирүүнү “Ак үйдө же Көк үйдө отуруп бурмалап жазып койсо, башкаларды камап жок кылганга бүгүн мүмкүнчүлүк түзүлүп калганы өтө коркунучтуу” экенин кошумчалады.

"Азаттыктын" кабарчысынын билдиришинче, Ички иштер министрлигинин алдында Туйгуналы Абдраимовдун жактоочулары чогулушту. Абдраимов суракка чейин журналисттерге аны "каралоо" аракети жүрүп жатканын билдирген.

Курсан Асановдун шайлоо штабында иштеген Алмаз Сарыбаев дагы кармалган. "Азаттыктын" кабарчысы жеринен орган кызматкерлери Сарыбаевди колуна кишен салып, машинеге отургузуп алып кетишкенин айтты.

Ички иштер министрлиги жогоруда аталган саясатчылардын суракка чакырылышы боюнча расмий маалымат бере элек. Комментарий сурап бир нече жолу кайрылганыбызда мекеме азырынча маалымат жок экенин, болор замат дароо жөнөтүлөрүн билдирди.

Саясатчылардын камалып, суракка чакырылуусу тууралуу "Азаттыктын" талкуусу:

"Фейк маалыматтан кийин чакырылды"

ИИМ Курсан Асанов 14-сентябрда Жазык кодексинин 309-беренеси (“бийликти күч менен басып алуу аракети”) менен сотко чейинки териштирүүнүн негизинде камалганын маалымдады. Билдирүүдө ал “башка адамдар менен бирге алдын ала сүйлөшүп, бийликти күч менен басып алууга активдүү даярданып, уюштуруп жүргөн” деп айтылат.

Асановдун адвокаттарынын бири Икрамидин Айткулов милициянын материалдарында мурдагы президент Алмазбек Атамбаев менен депутат Жанарбек Акаевдин дагы аты бар экенин билдирди.

Тактап айтканда, ИИМдин Тергөө кызматынын Асановдун үйүн тинтүү тууралуу токтомунда "ИИМдин Тергөө кызматына 14-сентябрда бийликти күч менен басып алууга байланыштуу материалдар келип түшкөн, аны иликтөөнүн жүрүшүндө А.Атамбаев, К. Асанов жана Жогорку Кеңештин депутаты Жанар Акаев жана башкалар ок атуучу курал-жарактарды колдонуу менен Конституцияны бузуп, бийликти күч менен басып алууга аракеттенип жүргөнү аныкталды" деп жазылган.

Буга чейин адвокат Таалайгүл Токтакунова Асанов милицияга суракка “интернетте тарап жаткан фейк маалыматка” байланыштуу күбө катары чакырылгандан кийин кармалганын “Азаттыкка” билдирген. Ал аудио монтаждалып, жасалмаланганын айткан.

"Курсан Асанов бирөө менен сүйлөшүптүр деген фейк маалымат бүгүн "Фейсбукта" жүргөн. Ошонун негизинде. Мен эртең менен бул тууралуу укканда Курсан Асановго милицияга арыз менен кайрылыш керектигин айткам. Себеби, контексттен үзүлүп алынган жасалма тасма экен. Анан эле өзүн суракка чакырып калышты да жаап коюшту".

Курсан Асанов менен сүйлөшкөн деген адам экономист Айылчы Сарыбаевдин уулу экени белгилүү болду. Ал президенттик шайлоодо талапкерлигин койгон Асановдун штабында иштеген.

Суракка чейин Жанарбек Акаев "Фейсбуктагы" баракчасы аркылуу өзүнүн аты аталган аудиого байланыштуу видеокайрылуу жасагпн. Анда бийликти күч менен басып алууга даярданып жүрөт деген маалыматтарды каралоо, опузалоо аракети катары сыпаттаган.

Жанар Акаев.
Жанар Акаев.

"Курсан Асанов көчөдөбү, кафедеги бейтааныш адам менен сүйлөшүп, ал жерге "Жанар" деген сөздү эптеп алып келип чаптап, "ушулар тополоң уюштурганга аракет кылып жатат" дегендей калп маалымат таратканы өкүндүрөт. Калп, жалган сөз мамлекеттик деңгээлге чейин айтылып, бул нормага айланып баратканы кейиштүү. Экинчиден, бул күлкүлүү, анткени жанагы сапатсыз аудиого 1-класстын окуучусу дагы ишенбейт. Мен эч бир саясатчы, коомдук ишмер менен "бийликти күч менен басып алабыз, массалык башаламандык уюштурабыз" дегендей сөздөрдү эч бир жерде сүйлөшкөн эмесмин. Экинчиден, Курсан Асанов менен жаңылбасам, февраль айларында куран окуткан жерде жолуккан болушум керек. Ошондон бери Курсан Асановго телефон дагы чалган эмесмин, же бир жолугуп шайлоо же, саясий максаттарды дагы сүйлөшкөн эмесмин. Буга кымындай дагы далил жок. Бирок ошого карабастан "Асанов, Атамбаев жана Акаев бийликти басып алууга аракет көрүп жатат" деген абдан негизсиз, акылга сыйбаган нерсе, карандай куру доомат. Мен эмне үчүн бийликти басып алышым керек, эгер мен өзүм бийликтин бир бутагында отурсам. Өзүмдүн кабинетимди барып өзүм басып аламбы? Абдан таң калычтуу, акылга сыйгыс көрүнүш болуп жатат. Каралоо аракети болсо, бир саясатчылардын кафедеги эле сөзү үчүн айыпка жыгабыз деген аракет болсо бул анда азыркы бийликтин өтө чоң жаңылыштыгы жана катачылыгы. Буга чейин деле мындай жол менен барабыз деген бийликтин аягы жакшы бүткөн эмес".


Ал арада мамлекеттик ЭлТР телеканалы "Пезидент Садыр Жапаровго жети облустан кайрылуу түштү" деген атайын материал көрсөттү. Анда маданият ишмерлерин кол койду деген кагазда "Туйгуналы Абдраимов, Бакыт Жетигенов, Курсан Асанов, Жанар Акаев, Азамат Мусакеев, Исмаил Исаков, Акматбек Келдибеков, Алтынбек Сулайманов, Жылдызкан Жолдошева аттуу жарандар баштаган адамдар 17-сентябрь күнү жүз миң киши алып чыгып, бийликти алмаштырабыз деген лозунг менен массалык маалымат каражаттарына маалымат беришти. Аны колдогон беш-алты бала курал-жарак чогултуп жаткан имиш. Ошондуктан биз сизге кайрылуубузга туура келди. Урматтуу Садыр Нуркожоевич, 80% кыргыз эли сегиз ай мурда эле сизге өз тагдырын, мамлекетибиздин тагдырын ишенип, добуштарын берди. Анткени сиз бир тамчы кан төкпөстөн, курал колдонбостон, Конституциянын талаасында, мыйзам жолу менен бийликти тынч алмаштыра алдыңыз" деп жазылган.

Мурдагы коргоо министри, Жогорку Кеңештин экс-депутаты, генерал Исмаил Исаков бул кайрылууга байланыштуу атайын кызматтын башчысы Камчыбек Ташиевге кайрылды. Анда кайрылууну жазгандардын артында кимдер жана кандай кызыкчылыктар турганын аныктап, мыйзам чегинде жоопкерчиликке тартуу талабы коюлганын Исаков "Азаттыкка" билдирди.

Исмаил Исаков.
Исмаил Исаков.

"Бийликтин суранычы менен бир топ аялдарды чогултуп Садыр мырзага (Кыргызстандын президенти - ред.) кайрылуу жасатыптыр. Ыплас, чындыкка жатпаган, адамдын оюна келбеген нерселерди жазган экен. Элди коркутуп, дүрбөтүп, туристтерди качырып, мамлекеттин экономикасына чоң залалын тийгизген адамдарга иш козгогула деген талап менен Камчы мырзага кайрылуу жаздым. Ал сөзсүз чечим чыгарыш керек. Алардын бардыгын сурап, артында ким турат, ким түрткү берди, ким Кыргызстандын стабилдүүлүгүн бузганга аракет кылып жатат, баарын тактап маалымат бериш керек", - деди экс-депутат.

Эк-депутат Жылдыз Жолдошева кайрылуунун демилгечилери, авторлору аныкталып, алардын аракеттерине укуктук баары берилиши керектигин билдирди.

"Биз муну ким, кайсы күч жасаганын билбейбиз. Бул жерде ким буйрук бергени аныкталышы керек. Болгондо дагы маданият кызматкерлерин, 60-70 жашка чыгып калган аялдардын атын колдонуп, ушундай кайрылууну ким жөнөткөнү аныкталышы керек. Бул деген өтө катуу айыптоо. Биз эмес, керек болсо бийлик азыр 100 миң кишини чыгара албайт. Эгер бийлик өзү бул ишке аралашпаган болсо бийлик ушундай акылга сыйбаган, маданият тармагында иштеген инсандардын атын колдонуп кайрылуу жасаган кайсы күч экенин аныктоого ынтызар болушу керек. Ошону табышы керек. Эгер муну бийлик өзү жасаса анда мурунку бийликтин жолоюна бирин калтырбай түшүп келе жаткан болот".

Кайрылууда кол койду деген тизменин сап башында турган Маданияттын мыкты кызматкери Сонунбү Кадырова жергиликтүү маалымат каражаттарына кайрылуунун мазмуну бурмаланганын айтып чыкты.

Эл акыны Меңди Мамазаирова митингге каршы деген кайрылууга макул болгонун, бирок анда аты жазылган адамдар тууралуу билбегенин жазды. Ал "Фейсбуктагы" баракчасына "Сонунбү Кадырова эки-үч күн мурда мага чалып: "Эже, Туйгуналы Абдыраимов ызы-чуу уюштурмакчы болуп жатыптыр, кат жаздык, кол коюп бересизби" деди. Мен коомдогу ызы-чуудан тажагандыктан, макул дегем, бирок, кол коюп берген эмесмин. Катты көргөн да эмесмин. Ал эми каттагы белгиленген инсандар мен сыйлаган инсандар. Алар тууралуу мен жаман пикир айтышым мүмкүн эмес. Жылдыз Жолдошова, Акматбек Келдибеков, Исмаил Исаков, Курсан Асановдор тууралуу мен тескери пикир билдиришим да мүмкүн эмес. Менин атымды мен көрбөгөн, мен кол койбогон каттарга пайдалана беришкени туура эмес" деген билдирүү калтырды.

Садыр Жапаровго Ысык-Көлдөн "Ахмед Ата" коомдук кайрымдуулук фондунан дагы кайрылуу түшкөн. Анын негиздөөчүсү Таалайгүл Мамаева аны мамлекет башчыны колдоо аракети катары сыпаттады.

"17-сентябрда митинг болот деп уктук. Азыр Садыр Жапаровдун колуна кол, бутуна бут болушубуз керек. Кыргызстанды жакшы жакка алып кетсе экен. Муну Садыр Жапаров гана алып кете алат, башка киши алып кете албайт. Анткени, биз 30 жылда көрдүк да. Бул кишинин көп нерсесине мен кол көтөрө алам".

Курсан Асановго карата буга чейин козголгон үч иш бириктирилип, Бишкектин Биринчи май райондук сотунда каралып келатат.

Ал иштер боюнча Башкы прокуратура 2020-жылдын февраль айында маалымат берген.


Мекеме билдиргендей, биринчиси боюнча ИИМдин эки кызматкерин өзүнө мыйзамсыз жол менен жеке иштери үчүн жардамчы жана жансакчы кылып дайындап алгандыктан мамлекетке 793 миң сом зыян келтирилген деп кине коюлган. Экинчиси боюнча Асанов өзү жана өкүл баласы Турсунбек Бейшенбеков мурдагы вице-премьер Жеңиш Разаковду өтө оор кылмыштарга айыптаган жалган маалыматтарды таратууга айыпталууда. Үчүнчү иш 2019-жылдагы Кой-Таш окуясына байланыштуу. Ал боюнча Асановго "тергөө үчүн маанилүү далилдерди жашырып, кийин аларды мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин тарапкерлерине өткөрүп берген" деген негиздеги айып коюлган.

Быйыл январь айында Асановго 2020-жылдын октябрындагы окуяларга байланыштуу "Имаратты жана мекемени басып алуу" деген берене менен да төртүнчү айып тагылган.

Асанов алгач камалып, кийин үй камагына чыгарылган болчу.

Анын сотунда күбөлөр берген көрсөтмөлөрдүн көбү актаган мазмунда болуп жатканын 16-июнда жактоочулар билдирген.

Буга чейинки бийликтердин тушунда дагы бир катар саясатчыларга "бийликти күч менен басып алууга аракет жасаган" деген айып менен кылмыш иштери козголуп, камалган. Алардын арасында азыркы президент Садыр Жапаров, УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев, Жогорку Кеңештин спикери Талант Мамытов дагы болгон.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG