Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Июнь, 2026-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 08:57

"Кумтөр иши": УКМК дагы бир мурдагы премьерди камады

Кумтөр кени. Июнь, 2021-жыл.
Кумтөр кени. Июнь, 2021-жыл.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети (УКМК) 16-сентябрда мурдагы премьер-министр Жоомарт Оторбаевди Кумтөр кенин иштетүүдөгү коррупциялык фактылар боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында кармады. Ал "Кумтөр ишиндеги" жемкордукка байланыштуу шек саналган төртүнчү премьер-министр.

УКМКнын басма сөз кызматынын билдирүүсүндө Оторбаев премьер-министр болуп турганда мыйзамдын талаптарын бузуп, “Кумтөр Голд Компани” чет элдик ишканасынын "кызыкчылыгы үчүн буйрук алып, Лысый жана Давыдов мөңгүлөрүн мындан ары жок кылууга макулдук берген" деп жазылган. Анын бөгөт чарасы 48 саат ичинде аныкталууга тийиш.

Кыргыз өкмөтүн 2014-2015-жылдары жетектеген Оторбаевдин жакындары жана адвокаттарынан комментарий алууга мүмкүн боло элек.

Кумтөр боюнча козголгон кылмыш ишин УКМК иликтеп-тергеп жатат. Буга чейин экс-премьер-министр Өмүрбек Бабанов камалып, кое берилген. Атайын кызмат аны 31-майда "Кумтөр иши" боюнча коррупцияга айыптап кармаган жана тергөөнүн жүрүшүндө анын күнөөсүн далилдеген айныгыс фактылар табылганын жарыялаган. Бабанов өзүнө козголгон кылмыш ишин абсурд деп баалаган.

27-июлда камактан чыккандан кийин дарылануу тууралуу жүйө менен 5-августта чет мамлекеттердин бирине чыгып кетип, туура бир айдан кийин кайтып келди.

Атайын кызмат саясатчынын саламаттыгы начарлап кеткенин жана чет өлкөдө медициналык мекемелерде дарыланышы керектиши жөнүндө медициналык документтер алынганын билдирген.

3-августта дагы бир мурдагы өкмөт башчы Темир Сариев кармалып, камакка алынды. Анын тарапташтары жана адвокаттар камакка алуунун артында саясий өңүт турганын айтып жатышат. Сариевди бошотуу тууралуу бир нече коомдук ишмерлер бийликке, атайын кызматтын жетекчилигине кайрылуу жолдогон.

“Кумтөр иши” боюнча айыпталып камалган дагы бир премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев мамлекетке 50 миллион сом төлөп бергенден кийин үй камагына бошотулганы 24-августта белгилүү болду. Абылгазиевдин бөгөт чарасын өзгөртүү өтүнүчү менен сотко Башкы прокуратура кайрылып, анын ден соолугу начарлап баратканын жана материалдык чыгымды төлөгөнүн жүйө келтирген.

Кумтөрдүн азыркы абалы

Кумтөр кенинин негизги карьери. 
1/21 Кумтөр кенинин негизги карьери. 
Экология жана климат боюнча мамлекеттик комитет 1995-жылдан бери алтын казган “Кумтөр Голд Компани” ишканасы Давыдов жана Лысый мөңгүсүнөн 178 млн куб метр музду жок кылганын билдирди.
Карьердин жанында Давыдов жана Лысый мөңгүлөрү жайгашкан. 
2/21 Карьердин жанында Давыдов жана Лысый мөңгүлөрү жайгашкан. 
Экология жана климат боюнча мамлекеттик комитет 1995-жылдан бери алтын казган “Кумтөр Голд Компани” ишканасы Давыдов жана Лысый мөңгүсүнөн 178 млн куб метр музду жок кылганын билдирди.
Экология жана климат боюнча мамлекеттик комитеттин төрайымы Динара Кутманованын айтымында, “Кумтөр Голд” ишканасы 1995-жылдан тарта 2017-жылга чейин топурак, башкача айтканда калдыктарды төгө бергендиктен Давыдов жана Лысый эки мөңгүсүнүн этеги ээрип кеткен. 
3/21 Экология жана климат боюнча мамлекеттик комитеттин төрайымы Динара Кутманованын айтымында, “Кумтөр Голд” ишканасы 1995-жылдан тарта 2017-жылга чейин топурак, башкача айтканда калдыктарды төгө бергендиктен Давыдов жана Лысый эки мөңгүсүнүн этеги ээрип кеткен. 
Экология жана климат боюнча мамлекеттик комитет 1995-жылдан бери алтын казган “Кумтөр Голд Компани” ишканасы Давыдов жана Лысый мөңгүсүнөн 178 млн куб метр музду жок кылганын билдирди.
4/21
Экология жана климат боюнча мамлекеттик комитет 1995-жылдан бери алтын казган “Кумтөр Голд Компани” ишканасы Давыдов жана Лысый мөңгүсүнөн 178 млн куб метр музду жок кылганын билдирди.
Учурда карьердин жанындагы кертилип турган мөңгүлөрдүн негизги бөлүгүн сактоо чаралары зарыл болуп турат. 
5/21 Учурда карьердин жанындагы кертилип турган мөңгүлөрдүн негизги бөлүгүн сактоо чаралары зарыл болуп турат. 
Экология жана климат боюнча мамлекеттик комитет 1995-жылдан бери алтын казган “Кумтөр Голд Компани” ишканасы Давыдов жана Лысый мөңгүсүнөн 178 млн куб метр музду жок кылганын билдирди.
6/21
Экология жана климат боюнча мамлекеттик комитет 1995-жылдан бери алтын казган “Кумтөр Голд Компани” ишканасы Давыдов жана Лысый мөңгүсүнөн 178 млн куб метр музду жок кылганын билдирди.
Экологиялык талапка ылайык, калдыктар үчүн мөңгүсү жок атайын өрөөн тандалып, ошол жерге бийиктиги 60 метрден ашпагандай кылып топтолушу керек болчу. Ишкана мындай ишти 2017-жылдан баштап аткара баштаган.  
7/21 Экологиялык талапка ылайык, калдыктар үчүн мөңгүсү жок атайын өрөөн тандалып, ошол жерге бийиктиги 60 метрден ашпагандай кылып топтолушу керек болчу. Ишкана мындай ишти 2017-жылдан баштап аткара баштаган.  
Экология жана климат боюнча мамлекеттик комитет 1995-жылдан бери алтын казган “Кумтөр Голд Компани” ишканасы Давыдов жана Лысый мөңгүсүнөн 178 млн куб метр музду жок кылганын билдирди.
Биз көрүп турган 160 млн. куб таш-топурак курамында алтыны жок калдык.
8/21 Биз көрүп турган 160 млн. куб таш-топурак курамында алтыны жок калдык.
Экология жана климат боюнча мамлекеттик комитет 1995-жылдан бери алтын казган “Кумтөр Голд Компани” ишканасы Давыдов жана Лысый мөңгүсүнөн 178 млн куб метр музду жок кылганын билдирди.
Заводдон алтыны иргелип алынгандан кийинки таш-топурак суйуктук түрүндө атайын уу калдык сакталган жайга төгүлөт.
9/21 Заводдон алтыны иргелип алынгандан кийинки таш-топурак суйуктук түрүндө атайын уу калдык сакталган жайга төгүлөт.
Экология жана климат боюнча мамлекеттик комитет 1995-жылдан бери алтын казган “Кумтөр Голд Компани” ишканасы Давыдов жана Лысый мөңгүсүнөн 178 млн куб метр музду жок кылганын билдирди.
“Кумтөр Голд” ишканасынын маалыматында уу калдыктар сакталган жайда 106 тонна алтын бар. 
10/21 “Кумтөр Голд” ишканасынын маалыматында уу калдыктар сакталган жайда 106 тонна алтын бар. 
Экология жана климат боюнча мамлекеттик комитет 1995-жылдан бери алтын казган “Кумтөр Голд Компани” ишканасы Давыдов жана Лысый мөңгүсүнөн 178 млн куб метр музду жок кылганын билдирди.
Кумтөрдөгү Петров мөңгүсүнөн пайда болгон көлдүн суусун тазалап, ишкана ичүү жана өндүрүш үчүн пайдаланат. Көлдүн аянты 400 гектардан ашат, 65 млн куб суу бар.
11/21 Кумтөрдөгү Петров мөңгүсүнөн пайда болгон көлдүн суусун тазалап, ишкана ичүү жана өндүрүш үчүн пайдаланат. Көлдүн аянты 400 гектардан ашат, 65 млн куб суу бар.
Экология жана климат боюнча мамлекеттик комитет 1995-жылдан бери алтын казган “Кумтөр Голд Компани” ишканасы Давыдов жана Лысый мөңгүсүнөн 178 млн куб метр музду жок кылганын билдирди.
Петров менен уу калдык сактоочу жайдын аралыгы беш чакырым. Экология жана климат боюнча мамлекеттик комитеттин төрайымы Динара Кутманова уу калдыктар сакталган  жай талапка ылайык эмес курулганын айтат. 
12/21 Петров менен уу калдык сактоочу жайдын аралыгы беш чакырым. Экология жана климат боюнча мамлекеттик комитеттин төрайымы Динара Кутманова уу калдыктар сакталган  жай талапка ылайык эмес курулганын айтат. 
Экология жана климат боюнча мамлекеттик комитет 1995-жылдан бери алтын казган “Кумтөр Голд Компани” ишканасы Давыдов жана Лысый мөңгүсүнөн 178 млн куб метр музду жок кылганын билдирди.
2021-жылы түзүлгөн Кумтөрдү иликтеген мамлекттик комиссия жалпы "Кумтөр Голд" ишканасы Кыргызстанга төлөп бериши зарыл деп, 4 миллиард 252 миллион 800 миң доллар доо койгон. Анын 3 миллиард 86 миллиону экологиялык зыян деп эсептелген. Бирок, 16-майда “Центерра Голд” айыптарды четке кагып, кыргыз өкмөтүнө каршы Эл аралык арбитражда териштирүү баштаганын жарыялаган. 
13/21 2021-жылы түзүлгөн Кумтөрдү иликтеген мамлекттик комиссия жалпы "Кумтөр Голд" ишканасы Кыргызстанга төлөп бериши зарыл деп, 4 миллиард 252 миллион 800 миң доллар доо койгон. Анын 3 миллиард 86 миллиону экологиялык зыян деп эсептелген. Бирок, 16-майда “Центерра Голд” айыптарды четке кагып, кыргыз өкмөтүнө каршы Эл аралык арбитражда териштирүү баштаганын жарыялаган. 
Экология жана климат боюнча мамлекеттик комитет 1995-жылдан бери алтын казган “Кумтөр Голд Компани” ишканасы Давыдов жана Лысый мөңгүсүнөн 178 млн куб метр музду жок кылганын билдирди.
Кыргыз өкмөтү 17-майда "Кумтөргө" убактылуу тышкы башкаруу киргизген.15-майда Кумтөр кениндеги мөңгү, калдык, өндүрүш жана карьер жөнүндө маалымат берип турган системанын компьютерлери өчүп калган. Система 3-4 күндөн кийин калыбына келтирилген, ага чейин ушул жерден кол менен башкарылып турган.
14/21 Кыргыз өкмөтү 17-майда "Кумтөргө" убактылуу тышкы башкаруу киргизген.15-майда Кумтөр кениндеги мөңгү, калдык, өндүрүш жана карьер жөнүндө маалымат берип турган системанын компьютерлери өчүп калган. Система 3-4 күндөн кийин калыбына келтирилген, ага чейин ушул жерден кол менен башкарылып турган.
Экология жана климат боюнча мамлекеттик комитет 1995-жылдан бери алтын казган “Кумтөр Голд Компани” ишканасы Давыдов жана Лысый мөңгүсүнөн 178 млн куб метр музду жок кылганын билдирди.
Алтын кендин өндүрүш боюнча аткаруучу директорунун милдетин аткарып жаткан, алтын иштетүүчү фабриканын менеджери Нурдин Усенов учурда Кумтөрдө кадимкидей иш жүрүп жатканын билдирди. 
15/21 Алтын кендин өндүрүш боюнча аткаруучу директорунун милдетин аткарып жаткан, алтын иштетүүчү фабриканын менеджери Нурдин Усенов учурда Кумтөрдө кадимкидей иш жүрүп жатканын билдирди. 
Экология жана климат боюнча мамлекеттик комитет 1995-жылдан бери алтын казган “Кумтөр Голд Компани” ишканасы Давыдов жана Лысый мөңгүсүнөн 178 млн куб метр музду жок кылганын билдирди.
Азыркы тапта кенде жалпы 3500 адам эмгектенүүдө. Алардын баардыгысы кыргыз жарандары.
16/21 Азыркы тапта кенде жалпы 3500 адам эмгектенүүдө. Алардын баардыгысы кыргыз жарандары.
Экология жана климат боюнча мамлекеттик комитет 1995-жылдан бери алтын казган “Кумтөр Голд Компани” ишканасы Давыдов жана Лысый мөңгүсүнөн 178 млн куб метр музду жок кылганын билдирди.
Канадалык "Центерра Голд" ишканасы 24 жылдан бери Кумтөрдөн 400 тонна алтын өндүрдү.
17/21 Канадалык "Центерра Голд" ишканасы 24 жылдан бери Кумтөрдөн 400 тонна алтын өндүрдү.
Экология жана климат боюнча мамлекеттик комитет 1995-жылдан бери алтын казган “Кумтөр Голд Компани” ишканасы Давыдов жана Лысый мөңгүсүнөн 178 млн куб метр музду жок кылганын билдирди.
«Кумтөр» долбоору - өлкөдөгү эң ири ишкана. Орточо эсеп менен компания жыл сайын 16-17 тонна алтын казат. Быйыл 14,62 же 15,86 тонна алтын өндүрүүнү пландаган.
18/21 «Кумтөр» долбоору - өлкөдөгү эң ири ишкана. Орточо эсеп менен компания жыл сайын 16-17 тонна алтын казат. Быйыл 14,62 же 15,86 тонна алтын өндүрүүнү пландаган.
Экология жана климат боюнча мамлекеттик комитет 1995-жылдан бери алтын казган “Кумтөр Голд Компани” ишканасы Давыдов жана Лысый мөңгүсүнөн 178 млн куб метр музду жок кылганын билдирди.
Кумтөрдөгү оор техникаларды оңдоочу жай. 
19/21 Кумтөрдөгү оор техникаларды оңдоочу жай. 
Экология жана климат боюнча мамлекеттик комитет 1995-жылдан бери алтын казган “Кумтөр Голд Компани” ишканасы Давыдов жана Лысый мөңгүсүнөн 178 млн куб метр музду жок кылганын билдирди.
Кумтөр өзгөчө кайтаруудагы жай. Жумушчулардан башка кишилер атайын уруксат менен гана кирет. 
20/21 Кумтөр өзгөчө кайтаруудагы жай. Жумушчулардан башка кишилер атайын уруксат менен гана кирет. 
Экология жана климат боюнча мамлекеттик комитет 1995-жылдан бери алтын казган “Кумтөр Голд Компани” ишканасы Давыдов жана Лысый мөңгүсүнөн 178 млн куб метр музду жок кылганын билдирди.
Кумтөргө кеткен жол. 
21/21 Кумтөргө кеткен жол. 
Экология жана климат боюнча мамлекеттик комитет 1995-жылдан бери алтын казган “Кумтөр Голд Компани” ишканасы Давыдов жана Лысый мөңгүсүнөн 178 млн куб метр музду жок кылганын билдирди.
Артка
Алдыга

Бул иш боюнча парламенттин депутаты Төрөбай Зулпукаров УКМКнын тергөө абагында отурат. Эч кайда кетпөө тууралуу тил кат менен бошотулган экс-депутат Исхак Пирматов сентябрдын башында Жазык кодексинин “Коррупция” беренеси менен күнөөлүү деп табылып, 300 миң сом айыпка жыгылды. Июлдун этегинде мурдагы депутат Талантбек Узакбаевди да күнөөлүү деп таап, айыппул түрүндөгү жаза чегерген. Жазык кодексинин 319-беренесинин (“Коррупция”) негизинде күнөөлүү деп табылган саясатчыга да мамлекеттин пайдасына 300 миң сом өлчөмүндө айыппул салынды. Ошентип айыпталгандардын ичинен Узакбаев, Алмазбек Баатырбеков үй камагына чыкты. Исхак Пирматов менен Тайырбек Сарпашев тил кат менен бошотулган.


Азыр парламенттин мурдагы спикери, депутат Асылбек Жээнбеков да камакта. Сот Жээнбеков жана Зулпукаровду УКМКнын тергөө абагына 30-сентябрга чейин камоо тууралуу чечим чыгарган. Алмазбек Атамбаевдин бийлигинин тушунда президенттик аппаратты жетектеген Данияр Нарымбаев да атайын кызматтын тергөө абагында.

Кендеги коррупцияга байланыштуу козголгон кылмыш ишинде Аскар Акаевден тышкары, мурдагы президенттер Курманбек Бакиев жана Алмазбек Атамбаевдин да ысымы аталган. Бакиев Беларуста башкалкалап жүрсө, Атамбаев башка кылмыш иштерге айыпталып абакта отурганы белгилүү.

Август айында 2005-жылдагы март окуяларынын натыйжасында бийликтен кулатылып, Кыргызстандан качып кеткен мурдагы президент Аскар Акаев 16 жылдан кийин биринчи ирет мекенине келип, "Кумтөр иши" боюнча УКМКга көрсөтмө берип чыккан. Башкалардан айырмаланып ал камакка алынган эмес. Тергөө менен кызматташууга макул болгону айтылган жана аз күн өтпөй кайра Москвага учуп кеткен.

УКМКнын Кумтөр боюнча айыптоолорунда кен иштетүүдө коррупцияга жол берилип, Кыргызстандын кызыкчылыгы тебеленип, пайданын көбү чыгым катары көрсөтүлүп, көз жумду мамиленин айынан экологияга олуттуу зыян келтирилгени белгиленген.

Бул ишке шектүүлөр, алардын санаалаштары, жакындары коюлган айыпка макул эместигин билдиришкен.

Кумтөрдөгү коррупцияга байланыштуу козголгон кылмыш иши Бишкектин Биринчи май райондук сотунда каралууда.

Атайын кызмат "Кумтөр" долбоорун ишке ашырууда коррупция фактысы боюнча козголгон кылмыш ишинин тергөө иштери улантылып, бардык кылмышкерлерди аныктоо аракети көрүлүп жатканын жарыялаган.

Кыргызстандагы соңку камоолордун саясий төркүнү
please wait

No media source currently available

0:00 0:49:12 0:00

Куржундар
XS
SM
MD
LG