Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:53

Орхан Инанды Түркиянын жарандыгынан баш тартууга арыз бергени маалымдалды


Орхан Инандынын тарапташтарынын митинги, Бишкек, 7-июль.
Орхан Инандынын тарапташтарынын митинги, Бишкек, 7-июль.

16-сентябрда Түркиянын башкалаасы Анкарада Кыргызстандын жарандыгын алган теги түркиялык Орхан Инандынын соту башталды. Бул тууралуу мамлекеттик "Анадолу" маалымат агенттиги билдирди.

Инандынын ишин Анкара шаарынын Жогорку соту карап жатат. Айыпталуучу видеоконференция аркылуу өзү жаткан түрмөдөн катышканы жазылат.

Колу үч жерден сынгандыктан сотко толук даярдана албаганын билдирген Инанды, ден соолугуна байланыштуу көйгөйлөр чечилгенге чейин кошумча убакыт сураган.

Ошондой эле, сотто ал Кыргызстандын жараны экенин жана Түркиянын жарандыгынан баш тартууга арыз бергенин айтып, аны кылмыш жоопкерчилигине тартууга эч кандай негиз жок экенин билдирген. Сот Инандыны камакта калтыруу боюнча чечим чыгарып, анын коргонууга даярдануу үчүн убакыт сураганын эске алуу менен отурумду 23-ноябрга жылдырды.

"Сапат" билим берүү мекемелеринин негиздөөчүсү Орхан Инанды 1-июнга караган түнү жоголгон. 5-июлда Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган атайын кызматтар аны Анкарага алып келгенин айткан.

Инандынын Түркиядагы адвокаты Халил Ибрагим Йылмаз ага козголгон кылмыш иши менен таанышуу жүрүп жатканын, прокуратура аны 22 жылга чейин эркинен ажыратууну сунуш кылганын маалымдаган. (ElB)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG