Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 12:18

Дүйшөмбү шаарында ШКУ лидерлеринин саммити өтөт


Дүйшөмбү шаары.
Дүйшөмбү шаары.

Бүгүн 17-сентябрда Тажикстандын борбору Дүйшөмбү шаарында Шанхай кызматташтык уюмунун (ШОС) лидерлеринин кезектеги саммити өтөт. Ага Кыргызстандан президент Садыр Жапаров баштаган расмий делегация катышат.

Уюмдун 20 жылдыгына арналган саммиттин күн тартибинде кызматташтыкты өркүндөтүү, пандемиянын кесепеттерине каршы чогуу күрөшүү маселелери жана аймактык, эл аралык мамилелерге байланыштуу көйгөйлөр бар. Президенттер Ооганстандагы соңку абал тууралуу да сөз кылышат.

Саммиттин жыйынтыгында 30дан ашуун документке кол коюлат.

Кечээ 16-сентябрда президент Садыр Жапаров Дүйшөмбүдө Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун (ЖККУ) саммитине катышып, Ооганстандагы кырдаал боюнча Кыргызстандын позициясын билдирди. Ал аймакта башкаруусу динге негизделген мамлекеттин калыптанышы уюмга мүчө өлкөлөргө терс таасир этерин айтты. Кыргызстан Ооганстан менен достук мамилени сактай турганын, алардын ички иштерине кийлигишпөөнү жактарын белгиледи.

Ошондой эле кыргыз президенти уюмдаштарды кыргыз-тажик чек арасындагы чыңалууга көңүл бурууга чакырды.

Коопсуздук жана экономика жаатындагы кызматташтык максатында 2001-жылы түзүлгөн ШКУ уюмуна сегиз өлкө – Индия, Казакстан, Кыргызстан, Кытай, Орусия, Пакистан, Өзбекстан жана Тажикстан мүчө. Беларусь, Иран, Монголия жана Ооганстан байкоочу макамына ээ.

1992-жылы негизделген ЖККУнун курамында алты өлкө бар – Армения, Беларусь, Казакстан, Кыргызстан, Орусия жана Тажикстан. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG