Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 13:29

Анталияда дагы шайлоо тилкеси ачылат


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Быйыл 28-ноябрда өтө турчу парламенттик шайлоодо Түркиянын Анталия шаарында дагы шайлоо тилкеси ачылат. Бул тууралуу Кыргызстандын Стамбулдагы Башкы консулдугу маалымдады.

Буга чейин Түркиядагы кыргызстандыктар Анкарадагы элчиликтин жана Стамбулдагы Башкы консулдуктун имаратында ачылган участкаларда гана добуш берип келген. Эми Түркиядагы мигранттар үч шайлоо тилкесинде добуш бере алышат.

Башкы консулдук кыргызстандыктарга Боршайкомдун тизмесине 12-ноябрга чейин кошулуу керектигин эскертет. Ошондой эле, тизмеге кошулуу үчүн жаран биометрикалык маалыматтарын тапшырып, консулдук каттоодон өтүүсү шарт.

Түркиядагы кыргызстандыктардын дээрлик көпчүлүгү дал ушул Анталия, Измир жана Алания аймактарында жашап, иштегендиктен бул жерлерде шайлоо тилкесин ачуу керектиги бир канча жылдан бери айтылып келген.

11-апрелде өткөн референдумда Анкарадагы элчиликте жана Стамбулдагы Башкы консулдукта эки шайлоо тилкеси ачылган. Бул эки тилкеде жалпысынан 1532 шайлоочу бар. Алардын 701и Анкарада, 831и Стамбулдагы Башкы консулдукта катталган.

Ал эми расмий эсепте Түркияда 20 миңден 25 миңге чейин кыргызстандык бар. Бирок пандемияга байланыштуу мигранттардын саны акыркы эки жылда азайып кеткени айтылууда. (ElB)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG