Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 01:43

Генералдын кооптуу абакка которулушу талкуу жаратты


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Курсан Асановдун жактоочусу анын бөгөт чарасын өзгөртүү тууралуу Бишкек шаардык сотуна кайрылды. Анын алдында "бийликти күч менен басып алууга аракет кылган" деген айып менен эки айга камалган ички иштер министринин мурдагы орун басары №50 абакка которулган.

Айрым укук коргоочулар бул түрмөдө өтө оор кылмыш кылгандар, өмүр бою эркинен ажыратылгандар отурарын, Асановдун өмүрүнө коркунуч туулуп, кол салуу болушу ыктымалдыгын айтып чыгышты. Жаза аткаруу кызматы бул жай катуу көзөмөлдө экенин билдирди.

Мындан алты жыл мурун аталган абактан кылмышкерлер качкан, 10дон ашык адамдын өлүмү менен аяктаган кандуу окуялар орун алган.

Курсан Асановдун адвокаты Чынара Жакупбекова аны үй камагына чыгарып, же атайын кызматтын тергөө абагына которуу тууралуу Бишкек шаардык сотуна арыз берди. Асанов 16-сентябрда Биринчи май райондук соттун чечими менен Ысык-Ата районунун Төмөнкү Нооруз айылындагы №50 тергөө абагына эки айга камалган.

Сотко прокуратурадан келген материалда ("Азаттыкта" көчүрмөсү бар -ред.) "Асанов өзгөчө оор кылмышты жасоого шек саналып жатып жаңы кылмыш иштерине барганына байланыштуу ал боштондукта жүрсө, тергөө амалдарынын ар тараптуу жана толук жүрүшүнө тоскоолдук жаратышы мүмкүн. Ал өзүнүн ой-максаттарын ишке ашырып бөлөк кылмыштарды жасап, жашынып качып кетиши мүмкүн" деп жазылган. Ошондой эле аны 14-ноябрга чейин №50 абакка камоо керектиги көрсөтүлгөн.

Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы Асанов эмне себептен аталган абакка которулганы тууралуу ИИМ комментарий бере турганын билдирди. "Азаттык" аталган мекеменин Тергөө кызматынын жообун күтүп жатат.

Ал арада укук коргоочу Азиза Абдирасулова Асановго байланыштуу өлкө жетечилерине кайрылуу жолдоду. Анда бул түрмөдө эгер Асановдун өмүрүнө коркунуч туулса, кол салуу болсо азыркы бийлик жооптуу болорун эскертти.

Азиза Абдирасулова
Азиза Абдирасулова

"Ал жайга мен бир нече жолу баргам. Шарты өтө начар. Коопсуздук маселеси өтө начар. Адам укуктары ал жерде сакталбайт. Ал жакка чынын айтканда укук коргоочулар деле аз барат. Ал жактан бир нече адам качкан, адам өлүмүнө алып келген окуялар катталган. Ошол жерде кармалып турган эмес, ал жайды кайтарып турган күзөтчүлөргө кол салуу болгон, куралдары тартылып алынган. Курсан Асанов андай жерде кармалбашы керек. Дүйнөлүк тажрыйбада ушундай укук коргоо органдарында иштегендер эч убакта мындай жайларда, катардагы кылмышкерлер менен чогуу отурбайт. Мен муну атайын өч алуу, сындыруу максаты деп эсептейм. Тыжрыйбасы чоң укук коргоочу катары айта алам, мындай жерге, мындай контингентке генералды алып барып отургузганын биринчи жолу көрүп жатам. Мисалы, Садыр Жапарвдун өзүн №1 тергөө абагына киргизгенде дагы биз "мындай болбойт" деп чырылдап чыкканбыз. Андан кийин ал моюнун кескиледи, балдары кандай азап тартты. Мындай шарт анын башынан, азыркы бийлик турган бир топ адамдын башынан өткөн да".


2015-жылы октябрда №50 абактан тогуз кылмышкер күзөттөгү үч кызматкерди өлтүрүп, дагы бирин оор жарадар кылып качкан. Аларды кармоо учурунда жайкын эки тургун окко учкан жана кылмышкерлердин көпчүлүгү өлтүрүлгөн.

Кандуу окуяга байланыштуу абактын ошол кездеги жетекчиси Иманкул Телтаев иштен алынып, камалган. Бир айдан кийин ал №1 тергөө абагында муунуп жанын кыйганы айтылганы менен жакындары ишенбей турганын билдиришкен.

Жаза аткаруу кызматынын басма сөз катчысы Элеонора Сабатарова учурда бул жай катуу көзөмөлдө экенин айтып берди.

Элеонора Сабатарова
Элеонора Сабатарова

"Бул Кыргызстандагы "түрмө" деген макамы бар жалгыз мекеме. Анын теңи түрмө, калган теңи тергөө абагы болуп саналат. Түрмө деген бул камералык режимде иштеген жай. Күчөтүлгөн режим деп айтсак болот. Мисалы, айрымдарга "жети жылга эркинен ажыратылсын, анын ичинен үч жылы түрмөдө отурсун", же болбосо жазасын түрмөдө өтөсүн деген сыяктуу соттун чечими чыгат. Терроризм-экстремизмге, оор кылмыштарга айыпталгандарга дагы ошондой режим берилет. Биз соттун өкүмүн ишке ашырабыз. Соттун өкүмүндөгү мөөнөт бүткүчө ошол мекемеде кармап беребиз. Ал башка кылмышкерлерге кошулбайт. Алардын ар биринин беренелерине жараша камераларга бөлүнөт, өз-өзүнчө, обочодо кармалышат. Сот өкүмү менен келген ар бир жараныбызды аман-эсен, оңдоп чыгарганга аракет кылабыз. Ал жайда видеокөзөмөл коюлган, аны борбордук аппараттан карап турушат. Бардыгын көзөмөлдөп турабыз. Алардын ден соолугунун сак болушуна кам көрөбүз".


Акыйкатчынын орун басары Альберт Көлөпөв Курсан Асанов камалгандан баштап кабар алып жатышканын, №50 түрмөгө дагы барышарын маалымдады.

"Мурдагы күнү Курсан Асановго биздин кызматкерлер кирип чыкты. Биз эми сот менен тергөөнүн ишине кирише албайбыз. Бирок балдар кирип жолугуп, сүйлөшүп чыкты. Биздин кызматкерлер кечээ дагы сотуна барып мониторинг кылышкан. Биз андан сөзсүз түрдө кабар алабыз. Бул боюнча дагы кошумча маалымат беребиз".

Мындан бир канча күн мурда Курсан Асанов менен президенттик шайлоо маалында анын штабында иштеген Алмаз Сарыбаевдин сүйлөшүүсү деген аудио тараган. ИИМ анын негизинде Жазык кодексинин 309-беренеси (“бийликти күч менен басып алуу аракети”) менен сотко чейинки териштирүүнүн жүрүшүндө Асанов менен Сарыбаевди камаган.

Буга удаа эле ""маданият ишмерлеринин президентке кайрылуусу" деген кат жарыяланган. Анда бир катар саясатчылар тополоң, башаламандык уюштурганы жатат деп айтылып, чара көрүү талабы жазылган. Бул каттын негизинде Жанарбек Акаев баштаган депутаттар, экс-депутаттар жана саясатчылар сурак берген. Каттын автору анын мазмуну бурмаланып, биринчи бери өзгөрүп калганын айтып чыккан.

Курсан Асанов тартиби катаал №50 колонияга камалды
please wait

No media source currently available

0:00 0:03:39 0:00

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG