Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:33

Бишкектеги бак-дарактын "медициналык картасы" түзүлүүдө


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Бишкекте алгачкы жолу бак-дарактарды электрондук түрдө ирээттөө (инвентаризация) башталды. Анын максаты - жашылдандыруу ишин жакшыртуу, бак-дарактарды калыбына келтирүү, кыйылгандардын ордуна көчөт отургузуу, байкоо салып туруу жана кам көрүү. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы кабарлады.

Ыктыярчылардын жардамы менен Эмен багында 100 эмен ирээттелди. Аларга "Арча демилгеси" коомдук фонду Бишкек жашылдандыруу чарбасынын башкы агроному көмөк көрсөттү.

"Эми бак-дарактардын "медициналык картасы" болот. Ага саны, отургузулган аймагы, түрү жана абалы жазылат", - деп белгиленген мэрия тараткан маалыматта.

Буга чейин Бишкек шаарында бак-дарактарды кыюу маселесине байланыштуу нааразылык акциалары болуп келген.

Расмий маалыматка ылайык, баш калаада 2018-жылы 3000ге жакын бак-дарак кыйылган. Ошол кезде мэрия бак-дарактарды кыюу инфратүзүм үчүн аргасыз чара экенин, кыйылган бир дарактын ордуна жети көчөт отургузулганын маалымдаган.

Жогорку Кеңеш дарактарды коргоо үчүн мыйзам сунуштаган. 12-беренеден турган мыйзам долбоорунда менчиктин түрүнө карабастан бак-дарактарды жок кылган тараптар жоопкерчиликке тартылаары жазылган. (КЕ)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG