Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2022 бейшемби, Бишкек убактысы 07:38

Оторбаевдин "Кумтөр ишиндеги" изи


Жоомарт Оторбаев.

"Кумтөр иши" боюнча кармалган мурдагы премьер-министр Жоомарт Оторбаев 18-сентябрда Биринчи май райондук сотунун чечими менен Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) тергөө абагына камалды. Соттун чечимине ылайык, анын бөгөт чарасы тергөө бүткөнчө өзгөрбөйт.

УКМК Оторбаев кендеги мөңгүлөр боюнча шек саналып жатканын билдирип, 16-сентябрда суракка чакырып, андан кийин 48 саатка камакка алган.

Оторбаевге коюлган айып

Кумтөр кенин иштетүүдөгү коррупция иликтене баштагандан бери жемкорлукка шек саналгандардан Жоомарт Оторбаев алтынчы экс-премьер-министр болуп калды.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) Оторбаев премьер-министр болуп турганда мыйзамдын талаптарын бузуп, “Кумтөр Голд Компани” чет элдик ишканасынын "кызыкчылыгы үчүн буйрук алып, Лысый жана Давыдов мөңгүлөрүн жок кылууга макулдук берген" деп кабарлады.

“Оторбаев премьер-министр болуп турган кезде, Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин Кумтөр кенинин башкы планынын алкагында айлана-чөйрөгө тийгизген таасирин баалоо үчүн, Суу жөнүндө мыйзамдын, Суу кодексинин талаптарын бузуу менен, "Центерра Голд Инк." чет элдик компаниясынын кызыкчылыгы үчүн буйрук алып, Лысый жана Давыдов мөңгүлөрүн мындан ары жок кылууга макулдук берген”, - деп жазылат атайын кызматтын билдирүүсүндө.

Жоомарт Оторбаев 16-сентябрда камакка алынды, анын бөгөт чарасы 48 саат ичинде аныкталат. Оторбаевдин жактоочулары менен азырынча байланышууга мүмкүн боло элек.

Мөңгүнү казууга жол ачкан Суу кодекси

Атайын кызмат Жоомарт Оторбаев шек саналган иштин чоо-жайы жөнүндө кенен маалымат берген жок. Кумтөр ишиндеги эпизоддордун биринде 2014-2017-жылдагы өкмөт менен “Центерранын” аракеттери иликтенип жатканы маалым.

Бул жылдары Стратегиялык келишимге жана Суу кодексине өзгөртүү киргизилген. Ал эми өкмөттү 2014-2015-жылдары башкарган Жоомарт Оторбаев Суу кодексине өзгөртүү киргизүүдө кандай роль ойногону белгисиз.

Кыргыз өкмөтү 2014-жылдан баштап Суу кодексин өзгөртүүнү сунуштап, ал долбоор 2017-жылы кабыл алынган. Бул кодекс Кумтөрдө кен казууда Давыдов жана Лысый мөңгүлөрүндө тоскоолдуксуз иштөөгө жол ачкан.

Долбоор 2010-2015-жылдагы 5-чакырылыш жана андан кийинки 6-чакырылыштын колунан өткөн.

Ошол мезгилде парламентте “Ата Мекен” фракциясынын жетекчиси болгон Өмүрбек Текебев мыйзамдын кабыл алынышына кескин каршы чыккан депутаттардын бири.

Бирок Текебаев “Оторбаев өкмөт башчы болгону менен бул мыйзамды коргоп, парламентке келген эмес” деп билдирди.

“2011-жылдан баштап “Центерра” мөңгүнү чапчып, талкалап каза баштаган. Мөңгүнү талкалаганга кыргыз өкмөтү жылда уруксат берип келди. Кийин аны мыйзамдаштыруу үчүн Суу кодексин өзгөртүүгө аракет кылышты. “Ата Мекен” бул аракетке төрт жыл бою каршы болуп келди. Сапар Исаковдун тушунда мыйзам өтүп, ага ошол кездеги президент Алмазбек Атамбаев кол койду. “Мөңгүлөрдү бекер эле талкалай бергиле, мурда талкалаганыңар кылмыш эмес” деген мыйзам кабыл алынган. Мен билгенден Жоомарт Оторбаев бир дагы жолу мыйзамды парламентте же комитетте коргогон эмес. Аны вице-премьер Тайырбек Сарпашев жана башка мамлекеттик органдар колдоп, коргоп жүрүшкөн”, - деди Текебаев.

Анткен менен Кумтөр маселесин көтөрүп жүргөн парламенттин төрагасынын мурдагы орун басары Кубанычбек Исабеков ошол жылдардагы өкмөт кенде сууну пайдалануу боюнча жеңилдик берген токтом кабыл алышы мүмкүн экенин айтууда.

“Балким, ошол учурда Оторбаев кендеги сууну пайдалануу боюнча токтом кабыл алып бериши мүмкүн. Тергөө азыр белгисиз. Бирок өкмөт токтом-жоболорду кабыл алып коюшу мүмкүн”, - деди Исабеков.

Буга чейин Суу кодексине өзгөртүү киргизүү тууралуу сунуштамалар боюнча коррупция беренеси менен мурдагы биринчи вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашевге айып тагылып, үй камагына алынган.

Сарпашев Оторбаевдин учурунда вице-премьер-министр кызматын аркалаганы белгилүү. Атайын кызмат ушул эле эпизод менен мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин, экс-премьер-министр Сапар Исаковдун, профилдик министрликтердин жана мекемелердин жетекчилеринин,“Центерра” компаниясынын өкүлдөрүнүн аракеттерине юридикалык баа берилерин кабарлаган.

Оторбаевдин Кумтөр кени боюнча сунуштары

2013-жылдары Жогорку Кеңеш өкмөткө Кыргызстандын Кумтөр долбоорундагы позициясын жакшыртуу үчүн сүйлөшүү жүргүзүүгө тапшырма берет.

Ошол маалда биринчи вице-премьер-министр катары Жоомарт Оторбаев сүйлөшүү боюнча жумушчу топту жетектеген. Оторбаев мүчө болгон өкмөт Кумтөр боюнча ар кандай шарттагы бир нече сунуштарды парламентке алып келген.

Парламентте сунуштар кызуу талкууланып, оппозициячыл саясатчылардын кенди улутташтыруу демилгеси күчөп турган.

Маселен, 2013-жылы июль айларында өкмөттүн сунуштарынын бирин сындаган “Ата Журт” партиясынын теңтөрагаларынын бири, азыркы президент Садыр Жапаровдун кескин сынын окуп көрөлү.

“Бул үч вариант тең көз боёмочулук. Мына ушундай жол менен аталган компания өзүнүн үстөмдүгүн сактап калгысы келип жатат. Башкача болсо, эмнеге жүз пайыз үлүшү менен эле Кыргызстан өзүнчө ишкана түзө албайт? Ага канадалык тарап гана эмес, биздин ичибиздеги айрым көмүскө акционерлер менен алардын кызыкчылыгы үчүн кызмат кылган жетекчилер кызыкдар эмес. Ошон үчүн ушундай баш айланта турган схеманы ойлоп таап, элдин тамырын тартып жатышат. “Кумтөр” боюнча сүйлөшүүгө жетекчилик кыла турган Жоомарт Оторбаев “Центеррада” кызыкчылыгы болгон таякеси маркум Кемелбек Нанаевдин атын ачыкка чыгарышына ишенесизби?”.

2014-жылы өкмөттүн башына келген Жоомат Оторбаев Кумтөр боюнча дагы башка сунуштар менен чыгат. Тактап айтканда, “Центерранын” Директорлор кеңешинин курамын өзгөртүп, анда чечим кабыл алууга Кыргызстандын таасирин артырууну көздөгөн долбоорун сунуштап, ал дагы ишке ашкан эмес.

Ошентип, Оторбаев 2015-жылы апрель айында кызматтан өз каалоосу менен кеткенин жарыялайт. Бирок ошол кезде парламент депутаты Асылбек Жээнбеков жана айрым саясий экперттер Оторбаев Кумтөр долбоорунда сүйлөшүүлөрдө жыйынтык чыгара албай калганы үчүн кызматтан кол жууганын айтып чыгышкан.

Учурда Бишкектин Биринчи май районунун акиминин орун басары Мавлян Аскарбеков - 2013-жылдары Кумтөрдөгү мөңгүлөрдүн эриши, кендин элге иштетилишин талап кылган нааразылык акцияларына чыгып жүргөн активисттердин бири.

Аскарбеков Кумтөр долбоору боюнча чечим кабыл алууга катышкан бардык жогорку кызмат адамдары жоопко тартылышы керек деп эсептейт.

“Бул жерде комплекстүү караш керек. Бир гана Оторбаев эмес ага чейин эле мыйзам бузулуп келди. Жооптуу адамдар булар саясий кызматты ээлегендер. Президент, өкмөт башчы, төрага, тармактык комитеттин жетекчилери – булар саясий жооптуу кызматты ээлеген адамдар. Булар кылмыш ишинин алкагында жооп бере турган адамдар”, - деди Аскарбеков.

Кумтөр иши боюнча буга чейин мурдагы президент Аскар Акаев баштаган он беш чакты мурдагы жана азыркы аткаминерлер, Жогорку Кеңештин депутаттары сурак беришкен. Айрымдары камалган. Кээ бирөөлөрү тергөө менен кызматташканы үчүн, айрымдары ден соолугуна байланыштуу үй камагына чыгарылган.

  • 16x9 Image

    Токтосун Шамбетов

    "Азаттык" радиосунун журналисти. 2014-2016-жылдары "Азаттык+" телепрограммасынын алып баруучусу. 2012-2014-жылдары "Азаттыктын» Нарын облусундагы кабарчысы болуп иштеген. Нарын мамлекеттик университетинин техникалык факультетин аяктаган. "Мыкты жаш журналист 2013" наамынын ээси. Твиттерде: @Tokojan  

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG