Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:12

Сарпашев: "Суу кодекси" өзгөрбөсө 6-июлдан тарта "Кумтөр" токтойт


Эгер парламент өкмөттүн "Суу кодексине" өзгөртүү киргизүү боюнча сунушун колдоп бербесе 6-июлдан тарта "Кумтөр" ишканасы токтойт. Бул тууралуу бүгүн парламенттин жалпы жыйынында биринчи вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашев билдирди:

- Мыйзам кабыл алынбаса уруксат берилбейт. Уруксат берилбесе 6-июлдан тарта "Кумтөр" өз ишин токтотот. А муз жылганын токтотпойт жана карьерди басат. Анда экологиялык катастрофаны биз эч кандай башка жакка жылдыра албайбыз.

Өкмөт "Суу кодексин" өзгөртүп мөңгүлөрдү ордунан жылдырууга уруксат алууну көздөөдө. Бирок депутаттар жана экологдор муну менен Кумтөрдөгү Давыдов мөңгүсүнөн башкаларды бузууга да жол ачылат деп кооптонууда. "Ата-Мекен" фракциясы өкмөттүн бул демилгесин чыккынчылык деп атоодо.

"Кумтөр" ишканасы жыл сайын бекитилүүчү тоо иштери боюнча план менен иштейт. Быйылкы пландын узартылган мөөнөтү июлдун башында соңуна чыгат. (RK)

XS
SM
MD
LG