Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 12:49

Алматыда Назарбаевдин кызынын китебинин бет ачары өттү


Казакстандын мурдагы президенти Нурсултан Назарбаевдин кенже кызы Алия Назарбаева Алматыда коронавируска байланыштуу кирген чектөөлөргө карабай китебинин бет ачарын өткөрдү.

Бул тууралуу “Азаттыктын” казак кызматы жазып чыкты. Маалыматка ылайык, иш-чарага ондогон адамдар катышкан. Алардын арасында орусиялык теле алып баруучу Максим Галкин да бар.

Алматы коронавирус жуктургандар көбөйгөндүктөн Казакстандагы “кызыл зона” катары аныкталып, массалык иш-чараларды өткөрүүгө тыюу салынган. Ушул жуманын аягына пландалган жыл сайын өтүп келген күзгү марафон быйыл өткөрүлбөй калган.

41 жаштагы Алия Назарбаева бир нече тармакта иш алып барат. Ал буга чейин бир нече фильмдин продюсери, кымбат баалуу зер буюмдардын дизайнери болгону кабарланган.

Назарбаеванын жаңы китеби “Күчтүн орду” деп аталат. Анда автор “өз турмуш жолун узарткан рухий баалуулуктар” жөнүндө баяндалганын жазган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG