Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:55

Садыр Жапаров "Өзгөн -Мунара -2021" фестивалына катышты


Садыр Жапаров "Өзгөн-Мунара-2021" фестивалынын катышуучулары менен жолугуу учурунда. 18-сентябрь, 2021-жыл.
Садыр Жапаров "Өзгөн-Мунара-2021" фестивалынын катышуучулары менен жолугуу учурунда. 18-сентябрь, 2021-жыл.

Кыргызстандын мамлекет башчысы Садыр Жапаров Тажикстанга болгон эки күндүк иш сапарынан кийин Өзгөнгө барды. Бул тууралуу президенттик аппараттын басма сөз кызматы кабарлады.

"Өзгөн-Мунара-2021" фестивалына катышкан мамлекет башчысы иш-чаранын уюштуруучуларына элдин руханий, маданий жана адеп-ахлактык өнүгүүсүнө кошкон салымы үчүн ыраазычылык билдирди.

Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигине ЮНЕСКОнун дүйнөлүк маданий мурастарынын тизмесине "Өзгөн" тарыхый комплексин 2025-жылга чейин киргизүүнү тапшырды.

Иш-чарага Жогорку Кеңештин депутаттары, тарыхчылар, изилдөөчүлөр, маданият ишмерлери, Түрк тилдүү мамлекеттер кызматташтыгынын кеңешинин башкы катчысы Багдад Амреев, Түрк тилдүү мамлекеттердин парламенттик ассамблеясынын (ТүркПА) башкы катчысы Алтынбек Мамаюсупов жана ЮНЕСКОнун Казакстан, Кыргызстан жана Тажикстандагы өкүлү, кластердик бюронун директору Криста Пикат катышты.

Өзгөн мунарасы архитектуралык комплекси - бир мунара, үч мавзолейден турат. Архитектуралык комплекс XI-XII кылымдарда караханиддер доорунда курулган. (ZKo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG