Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 20:58

Бишкекте Алия Шагиеванын көркөм нааразылык акциясы өтүүдө


Алия Шагиеванын көркөм нааразылык акциясы. Ала-Тоо аянты, Бишкек. 17-сентябрь, 2021-жыл.
Алия Шагиеванын көркөм нааразылык акциясы. Ала-Тоо аянты, Бишкек. 17-сентябрь, 2021-жыл.

Мурдагы президент, учурда абакта жаткан Алмазбек Атамбаевдин кызы Алия Шагиева атасынын туулган күнүнө карата Бишкектин Ала-Тоо аянтында көркөм нааразылык акциясын өткөрдү.

Алия Шагиеванын сүрөттөрү.
Алия Шагиеванын сүрөттөрү.

"Эркти тор менен сындыра албайсың" деген жазуусу бар темир капастын инсталляциясы коюлган аянтта Шагиеванын өзүнүн сүрөттөрү коюлду.

Андан тышкары каалоочулар үчүн кыл калем өнөрүн сынап көрүү мүмкүнчүлүгү берилди.

Иш-чарага келгендер кыл калем өнөрүн сынап көрө алышат.
Иш-чарага келгендер кыл калем өнөрүн сынап көрө алышат.

"Өзгөрүүлөр шамалы" деп аталган иш-чарада Шагиеванын сүрөт көргөзмөсүнөн тышкары жаз концери, балдар үчүн шоу-программа уюштурулган.


Ала-Тоо аянтына мурдагы президенттин жубайы Раиса Атамбаева, уулу Кадыр жана башка тарапкерлери келишти.

Бүгүн, 17-сентябрда мурдагы президенттин туулган күнүн жана 65 жылдык мааракесин анын тарапкерлери Кой-Таштагы үйүндө да белгилешкен.(MZh/ZKo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG