Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:13

Баткенде үйлөрдүн курулушу октябрга калды


Баткен жана Лейлек райондору биригип 140 турак үй талкаланган болсо, учурда анын 56сы курулуп бүтө элек.
Баткен жана Лейлек райондору биригип 140 турак үй талкаланган болсо, учурда анын 56сы курулуп бүтө элек.

Апрелдин соңундагы кыргыз-тажик чек арасында болгон куралдуу кагылышта күйүп кеткен жана талкаланган Баткен районундагы үйлөрдүн курулушу токтоп турат. Алардын көпчүлүгүнүн 50 пайыз курулушу да бүтө элек.

Чек арага жакын айылдардын айрым тургундары жаңы окуу жылы башталып, чатырдагы жашоо балдардын билим алуусуна ыңгайсыздык жаратып жатканына даттанышты.

Азизбек, Достук айылы. 17-сентябрь, 2021-жыл.
Азизбек, Достук айылы. 17-сентябрь, 2021-жыл.

“Чатыр кичинекей. Сабак жазганга шарт жакшы болбой жатат. Стол, отургучтар жок. Кээ бир сабактарыбызды мектепке барганда даярдап жатабыз”, - деп айтып берди 8-класста окуган Азизбек.

Ал Баткен районундагы үч тарабы тажик айылдары менен чектеш Достукта жашайт. Алардын үйүнүн пайдубалы куюлуп, андан кийинки курулуштары токтоп калды. Бул айылда талкаланган он үйдүн баары ушундай абалда.

Айыл башчысы Саитбурхан Жапаров курулуш материалдарына байланыштуу күн алыс район борборунан кабар алып келет.

“Курулуш азырынча токтоп турат. Мурдагы күнү прорабга чалып сурадым. Материал толук келмейинче алып келбейт окшойт. Баарын чогултуп анан курушат экен. Ошон үчүн баштай албай жатышат”, - деди айыл башчы.

Кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кагылышта Баткен районунда баш-аягы 40 үй талкаланган. Достук айылында 10, Көк-Теректе 18, Аксайда 9 жана Таш-Тумшук айылында үч үй жараксыз абалга келген.

Тажикстандын Согд облусунда 14 турак жай бузулуп, эки үй, бир курулуш жарым-жартылай жабыркаганы маалымдалган. Эки өлкө бири-бирин айыптап, кылмыш ишин козгошкон.

"5-10-октябрга чейин бүтүрөбүз"

Президент Садыр Жапаров 27-августта Лейлек районудагы Максат айылында үйлөрдүн бүткөнүнө арналган салтанаттуу иш-чарада Баткен районундагы үйлөрдүн курулушу сентябрдын орто ченинде бүтө турганын убада кылган.

Андан бери убада эки жолу жылды. Эми сентябрдын аягына чейин эмес, октябрдын онуна чейин бүтүргөнгө аракет жүрүүдө.

Чек арадагы айылдарды калыбына келтирүү жана өнүктүрүү маселелери боюнча президенттин атайын өкүлү Мамыржан Рахимов курулуштардын токтоп турганын жүк ташуучу машинелердин кармалышы менен түшүндүрдү.

“Бүгүн (17-сентябрда) акыркы үч фура жолдо. Ар деталы ар жерден келе жатат. Ошондуктан Баткен районундагы үйлөр жарым-жартылай туруп калган. Алты фураны түшүрүп жатышат. Эртең үчөө келсе, анан иш башталат. Сентябрдын аягына болбосо да 5-10-октябрга чейин баарын киргизебиз”.

Ал арада 16-сентябрда Баткен шаарынын Чет-Булак конушуна куралдуу жаңжалда набыт болгондордун жакындары үчүн салынган үйлөрдүн ачкычтарын тапшыруу салтанаты өттү. Ал үйлөрдү "Каганат инвест" жеке компаниясы курган.

Президенттин Баткендеги ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаев ишкерлерге ыраазычылык билдирип, шаарчага чек ара чырынын курмандыгы болгон 12 жаштагы Мадина Рахматжанованын аты берилгенин айтты.

“Набыт болгондордун мекен үчүн жасаган эрдиги эч качан унутулбайт. Бул үйлөрдө мамлекет үчүн күйгөн, өз элин сүйгөн жана мекенди көздүн карегиндей сактаган, уул-кыздарыбыз тарбиялансын. Ушул 36 үйдү куруп берген курулуш компаниялардын жетекчилерине, ушул азамат балдарга өзүмдүн, элдин атынан ыраазычылык айтып кетем. Ушул шаарчаны биздин эң кичинекей, акылман, эрке кызыбыздын атына “Мадина” деп коёлу деп чечтик. Ушул шаарча Мадина шаарчасы болуп калсын”.

"Убада аткарылсын"

Кандуу окуяда Баткен жана Лейлек райондору биригип жалпы 140 үй талкаланган болсо учурда анын 56сы курулуп бүтө элек. Курулуш иштерин мамлекет өзү жүргүзүүдө.

Бийлик өкүлдөрү жаңжал жайгарылгандан кийин Баткен обулсундагы курулуш иштери менен бирге эле дагы башка толгон-токой кемчиликтерди жоюп, маселелерди чечүү үчүн бир нече убадаларды берген. Алардын аткарылышын жалпы жамаат менен көзөмөлдөөнү максат кылган баткендик жаш активисттер жакында “Убада Баткен” долбоорун башташты.

Демилгечилердин бири Элдияр Жээналиев атайын сайт ачылганын айтып, анда убадалардын аткарылышын жазып турабыз дейт.

“Сайтыбыз ubada-batken.com деген даректе. Жаздагы кандуу окуядан бери көптөгөн убадалар берилди. Ошолорду көзмөлдөө максатында демилгелеп чыктык. Өзгөчө бизге "үйлөр эки айда курулат" деп чоң убада берилген, бирок мына 141 күн өтсө да бүтпөй турганы негизги себептерден болду. Биздин демилгеден, жасаган платформадан кийин сөзсүз реакция болуп, кандайдыр бир иштердин эртелешине жардам берет деп ишенебиз”.

28-30-апрелде, 1-майда кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кагылышта 140 турак жай, беш мектеп, эки фельдшердик-акушердик пункт, үч бала бакча, эки милиция пункту, 24 май куйган станция, 60 коммерциялык объект, эки чек ара бекети жана бир клуб толугу менен талкаланган.
Тажикстандын Согд облусунда 14 турак жай бузулуп, эки үй, бир курулуш жарым-жартылай жабыркаганы маалымдалган.
Куралдуу жаңжалда Кыргызстандан 36, Тажикстандан 19 адам набыт болгон. Эки өлкө бул үчүн бирин бири айыптап, Башкы прокуратуралары кылмыш иштерин козгошкон.
  • 16x9 Image

    Сабыр Абдумомунов

    "Данисте" телеберүүсүнүн алып баруучусу. Бир нече радионун түптөлүшүнө салым кошкон. Мульти-медиалык журналистика боюнча тренер.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG