Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:38

Абактагы Алмаз Сарыбаев ачкачылык жарыялады


Алмаз Сарыбаев.
Алмаз Сарыбаев.

Бийликти күч менен басып алууга аракеттенген деген айыптын негизинде эки айга камалган Алмаз Сарыбаев 17-сентябрдан тартып ачкачылык жарыялады. Бул тууралуу Акыйкатчы институту маалымдады.

Акыйкатчы институтунун аппарат кызматкерлери 17-сентябрда Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын убактылуу камоочу жайына барып, Алмаз Сарыбаев менен жолугушкан.

Сарыбаев өзүнө тагылып жаткан айыптарды мойнуна албасын айтып, 17-сентябрда саат 18:00дон тартып ачкачылык акциясын баштай турганын билдирген. Ачкачылык жарыялоо тууралуу акыйкатчы Токон Мамытовго жолдогон катын Омбудсмен кызматкерлерине бергенин "Азаттык” радиосуна анын адвокаты Айжан Орозакунова ырастады.

"Толубай" банкынын директорлор кеңешинин мурдагы мүчөсү Алмаз Сарыбаев 16-сентябрдагы сот чечими менен Бишкектеги №1 тергөө абагына эки айга камакка алынган.

Ички иштер министрлигинин Тергөө кызматы Жазык кодексинин 309-беренеси ("Бийликти күч менен басып алуу") боюнча иликтөөнүн алкагында Алмаз Сарыбаев жана ИИМдин башчысынын мурдагы орун басары Курсан Асановду кармап, камаган. Күбө катары бир нече мурдагы жана азыркы депутат, мурда иштеп кеткен мамлекеттик кызматчылар суракка алынган.

14-сентябрда интернетте Асанов менен Сарыбаевдин телефон аркылуу сүйлөшүүсү деген аудио тараган.

Экөө тең коюлуп жаткан айыпка макул эместигин белгилеп, аны "жалаа" деп атап жатышат. (ZKo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG