Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 10:51

НВ: Путин добуш берип жатканда кол сааты 10-числону көрсөтүп турду


Владимир Путин парламенттик шайлоого Ново-Огареводогу резиденциясынан онлайн добуш берди. Москва. 17-сентябрь, 2021-жыл.
Владимир Путин парламенттик шайлоого Ново-Огареводогу резиденциясынан онлайн добуш берди. Москва. 17-сентябрь, 2021-жыл.

Орусиянын президенти Владимир Путин Мамлекеттик Думага шайлоодо добуш берип жаткан учурда анын кол саатындагы күндүн датасы 10-сентябрды көрсөтүп турду. Бул Путиндин добуш бергени тартылган тасмада жана сүрөттөрдөн байкалганын "Настоящее время" телеканалы маалымдады.

Кремл 17-сентябрда тараткан видеодо Владимир Путин коронавирустан улам аралыктан добуш бергени кабарланган. Журналисттер 10-сентябрда Путин карантинге кетпегенин белгилешүүдө. Мыйзам боюнча онлайн түрүндө алдын ала добуш берүүгө да мүмкүн эмес.

Ошол эле 17-сентябрда таратылган башка тасмаларда - ШКУнун жыйынына онлайн катышып жаткан кезинде да Путиндин кол саатынын датасы 10-сентябрды көрсөтүп турганын белгилеген "Настоящее время" телеканалы президенттин кол сааты толук жети күнгө артта калганын жазды.

Кремл азырынча телеканалдын бул билдирүүлөрүнө жооп кыла элек.

Орусияда үч күнгө созулуучу шайлоо 17-сентябрда башталган. Бул күндөрү Мамлекеттик Думага жана аймактардагы жергиликтүү депутаттар тандалат.

Добуш берүү өлкөдө оппозициячыл саясатчылар куугунтукталып, президент Владимир Путин колдогон бийликчил «Бирдиктүү Орусия» партиясына ыңгайлуу шарттар түзүлгөн жагдайда өтүүдө.

Добуш берүү башталганда оппозициячыл Алексей Навальныйдын командасы иштеп чыккан «Акылдуу добуш берүү» тиркемеси Apple жана Google интернет-дүкөндөрүнөн жок болуп кетти. Муну оппозициячыл саясатчылар бийликтин «болуп көрбөгөндөй цензурасы» деп аташты.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG