Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 04:42

Футбол: Кыргызстандын кубогунун финалдык беттеши Баткенде өтөт


Иллюстрациялык сүрөт. 
Иллюстрациялык сүрөт. 

Кыргызстандын футбол боюнча кубогунун финалдык оюну бүгүн, 18-сентябрда Баткен шаарындагы борбордук стадиондо өтөт.

Кыргыз футбол бирлиги уюмунун расмий сайтындагы маалыматта кубок үчүн Бишкектин “Алга” жана Кочкор-Ата шаарынын "Нефтчи" клубу ойнойт. Беттеш саат 16:00дө башталат. Билет 100 сомдон сатылат. Футбол беттеши кыргыз эстрада ырчыларынын катышуусунда шоу программа менен коштолуп, баалуу белектер ойнотулат.

Кыргызстандын футбол боюнча кубогунун быйылкы оюндарына премьер лигада, улуттук лигада жана экинчи лигада ойногон 16 клуб катышты. Кубоктун учурдагы ээси Ош шаарынын “Алай” клубу. (ECh/GT)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG