Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги бир нече юбиляр композитордун мааракесин чогуу белгилөөнү чечти.
Кыргызстан композиторлор союзу 20-сентябрда Улуттук филармониянын чоң залында кошмо концерт уюштурула турганын маалымдады.
Иш-чара Кыргызстандын эл артисттери - Эсенгул Жумабаев менен Сардарбек Жумалиевдин 80 жылдыгы, Жылдыз Малдыбаеванын 75, кыргыз маданиятына эмгек сиңирген ишмер - Акимжан Жээнбайдын 75; эл артисттери - Түгөлбай Казаков, Атайбек Бөдөшов, кыргыз маданиятына эмгек сиңирген ишмерлер - Адылжан Абдуллаев – 70; Кадыралы Артыковдун 60 жылдыгына арналып өткөрүлөт.
Анда көзү өтүп кеткен композиторлор Михаил Раухвергердин – 120, Борис Глуховдун 80, Жумашбай Касымбековдун 70, Тарас Асанакуновдун 60 жылдыгына карата да эскерүү иретинде чыгармалары аткарылат.
Концертке Асанкан Жумакматов атындагы чоң симфониялык оркестр, камералык хор жана бир катар ырчы-аткаруучулар катышат.(ZKo)