Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 13:46

Жоомарт Оторбаев УКМКнын тергөө абагына камалды


Жоомарт Оторбаев.
Жоомарт Оторбаев.

"Кумтөр иши" боюнча кармалган мурдагы премьер-министр Жоомарт Оторбаев бүгүн, 18-сентябрда Биринчи май райондук сотунун чечими менен Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) тергөө абагына камалды. Соттун чечимине ылайык, анын бөгөт чарасы тергөө бүткөнчө өзгөрбөйт.

Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматы кабарлады.

Кыргыз өкмөтүн 2014-2015-жылдары башкарган Жоомарт Оторбаев УКМК тарабынан 16-сентябрда кармалган.

УКМК Оторбаев премьер-министр болуп турганда мыйзамдын талаптарын бузуп, “Кумтөр Голд Компани” чет элдик ишканасынын "кызыкчылыгы үчүн буйрук алып, Лысый жана Давыдов мөңгүлөрүн жок кылууга макулдук берген" деп билдирген.

Кумтөр иши боюнча буга чейин мурдагы президент Аскар Акаев баштаган он беш чакты мурдагы жана азыркы аткаминерлер, Жогорку Кеңештин депутаттары сурак беришкен. Айрымдары камалган. Кээ бирөөлөрү тергөө менен кызматташканы үчүн, айрымдары ден соолугуна байланыштуу үй камагына чыгарылган.(EBM/ZKo)

Facebook шеринеси

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG