Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:17

"Кумтөр иши": Экс-президент экинчи жолу суракка барды


Кумтөр кени.
Кумтөр кени.

Экс-президент Сооронбай Жээнбеков "Кумтөр ишине" байланыштуу Улуттук коопсуздук комитетине экинчи жолу сурак берди. Мунун алдында кенден улам мурдагы өкмөт башчы Жоомарт Оторбаев камалган.

Ал арада Лондондогу Баалуу металлдар базарынын ассоциациясы (LBMA) "Кыргызалтын" ишканасынын алтын аффинаждаган заводунун аккредитациясын токтотту. Мындан улам Кыргызстандын алтынды экспорт кылып келген Батыш өлкөлөрүнө түз сатуу мүмкүнчүлүгү азайды. "Кыргызалтын" ишканасынын жетекчиси азырынча толук чечим чыга электигин билдирди.

Сооронбай Жээнбеков Кумтөргө байланыштуу алгач 12-августта сурак берген. УКМК экс-президент 18-сентябрда дагы чакырылганын ырастады, бирок сурак тууралуу кеңири түшүндүрмө берген жок.

Жээнбековдун жакындары соңку жагдайдан улам атайын билдирүү таратышты. Анда "экс-президент Кумтөр кенине байланыштуу кандайдыр бир чечимдерди кабыл албаганы жана канадалык тарап менен эч кандай макулдашууга кол койбогону" жазылган.

Буга чейин атайын кызмат Жээнбеков 2017-жылы өкмөт башчы болуп тургандагы иштер боюнча суралганын, аны менен тергөө аракеттери уланарын билдирген.

УКМК Кумтөр алтын кениндеги коррупцияны май айынан тартып иликтеп жатат.

Кендеги коррупциядан улам экс-премьер-министр Жоомарт Оторбаев 16-сентябрда кармалды. Бишкектеги Биринчи май райондук соту 18-сентябрда анын бөгөт чарасын карап, тергөө бүткүчө атайын кызматтын абагында камоого өкүм чыгарды.

УКМК Отобаев өкмөт башчы кезинде мыйзамды бузуп, “Кумтөр Голд Компани” чет элдик ишканасынын "кызыкчылыгы үчүн буйрук алып, Лысый жана Давыдов мөңгүлөрүн жок кылууга макулдук берген" деген айып койгон. Мурдагы өкмөт башчынын жакындары, жактоочулары азырынча комментарий бере элек.

"Улутташтыруу убарадан куткармак"

Жогорку Кеңештин экс-депутаты Ишенбай Кадырбеков иликтеп-териштирүүнүн жообунан суроосу көп экенине токтолду.

Ишенбай Кадырбеков
Ишенбай Кадырбеков

"Чынында Кумтөрдүн айланасындагы саясатка, эмне үчүн ушундай болуп жатканына түшүнө алган жокмун. Эгерде экологиялык маселени чечкилери келсе, жанагы камалган, сурак берген адамдардан бир да пайда чыкпайт. Эгер келишимдердин баары коррупциялык негизде болгон деп, ошону сотто далилдеп, аны чет өлкөлүк арбитраждык сотко далил катары алып чыкса, анда анын тактикасы, стратегиясы дагы башка болот. Мен булар кайсынысын тандап алганын билбей жатам. Мунун бир гана оңой жолу бар болчу. Эл аралык, арбитраждык соттордон оолагыраак болуш үчүн кенди улутташтырып коюш керек эле. Ошондо эл аралык соттор дагы эч нерсе кыла албай калмак, алтыныбызды сатып же сатпаганга дагы уруксат сурабайт элек. Ошондо гана шашпай күнөөлүү адамдарды суракка алып, тиешелүү чараларды көрсө жакшы болмок. Азыр Кумтөрдүн алтыны, иши эмне болуп жатканы белгисиз. Соттун биринчи инстанциясынан 200 миллиард доллардан ашык акчаны утуп алдык эле, аны төлөтүп жатабы же жокпу, ал дагы белгисиз. Суракка тартып, камаган адамдарды гана угуп жатабыз. Бирок кенде эмне болуп жатканы белгисиз".

"Кумтөр иши" боюнча буга чейин мурдагы президент Аскар Акаев баштаган он беш чакты мурдагы жана азыркы аткаминерлер, Жогорку Кеңештин депутаттары сурак беришкен. Айрымдары камалган. Кээ бири тергөө менен кызматташканы үчүн, айрымдары ден соолугуна байланыштуу үй камагына чыгарылган.


УКМК кылмыш иши боюнча күнөөсү тергөөдө аныкталган бардык айыпталуучуларга ээлеген кызматына, сиңирген эмгегине карабай укуктук баа берилерин белгилеп келет.

Талдоочу Орозбек Молдалиевдин баамында, кенге байланыштуу жагдайды териштирүү саясатташып кетти.

"Аскар Акаевди чакырып, бул жактагы таасирдүү адамдарды суракка алып, айрымдарын камоонун максаты "ушундай чоң коррупция болду, аны мурдагы президент дагы айтып берди" деп сотко материалдарды топтоо аракети болуп жатат. Экинчи жагынан албетте саясий упай топтоого далалат. Ушунча жылдан бери "Кумтөрдү жеп-жуткандардын баарын кайра кустурабыз, калыбына келтиребиз" деген шайлоодогу убадалары бар эмес беле. Жагдай көбүнчө ушул эки маселенин тегерегинде болуп жатат. Муну эми коррупция менен күрөш деп айтууга болбойт. Коррупциялашкан аткаминерлер менен күрөш деп айтсак болот. Анткени коррупция бизде токтоп калган жок. Жаңы бийликтин тегерегиндегилер деле кармалып жатпайбы. Бирөөнү камаса, анын ордуна келген башкасы кайра ошол эле схемага отурат, мурдагы коррупциялык иштерди улантып кете берет. УКМК Жээнбековду суроолору бүтпөй же башка нерселерге байланыштуу чакырдыбы, айтуу кыйын. Мына шайлоого дагы аз калды, ошого карата саясий аракеттер дагы жандангандай".

Лондон ассоциациясынын чечими, "Кыргызалтындын" жообу

Ал арада Лондондогу Баалуу металлдар базарынын ассоциациясы (LBMA) "Кыргызалтын" ишканасынын алтын аффинаждоочу заводунун аккредитациясын 17-сентябрдан тарта токтотконун жарыялады. Бул тууралуу Reuters агенттиги аталган ассоциациянын расмий сайтындагы маалыматка таянып жазды.

Ага ылайык, LBMA июнь айында алтын аффинаждоочу "заводдогу алдамчылыкка шек саноодон" улам текшерген. Жыйынтыгында Кыргызстандагы мамлекетке караштуу заводдун ишенимдүү алтын өндүрүүчүлөрдүн катарындагы Good delivery статусу токтотулган.

"17-сентябрдан тартып, "Кыргызалтын" акционердик коому товар менен камсыздоо программасынын талаптарын аткарбаганы үчүн тизмеден өчүрүлдү. Бул күндөн тартып заводдун бардык товары ишенимдүү деп саналбайт", - деп жазылган Лондон ассоциациясы тараткан билдирүүдө.

Бул аккредитациянын токтотулушу "Кыргызалтын" ишканасына таандык Кара-Балтадагы алтын аффинаждоочу заводдо иштелип чыккан алтын куймаларын дүйнөдөгү Good delivery макамы менен таанылган базарларга сатуу мүмкүнчүлүгүнөн ажыратат. Кыргызстандын алтынын экспорт кылып келген Батыш өлкөлөрүнө түз сатуу мүмкүнчүлүгү жокко чыгат.


"Кыргызалтын" ишканасынын жетекчиси Умбеталы Кыдыралиев болсо бир ыктай чечим чыга электигин айтып, мындан башка комментарий берүүдөн баш тартты.

"Жок, бул маселе азырынча толук чечилген жок, токтотулуп турат. Ал жерде өздөрүнүн талаптары бар, убакыт бар. Мен азырынча эч нерсе деп жооп бере албайм".

20-сентябрда Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Акылбек Жапаров Лондондогу Баалуу металлдар базарынын ассоциациясынын (LBMA) "Кыргызалтын" ишканасынын алтын аффинаждоочу заводунун аккредитациясын токтотуу боюнча чечимин “күтүлгөн иш болчу” деп баалады.

Акылбек Жапаров.
Акылбек Жапаров.

“Баары болжолдонгон сценарий боюнча болот, баалуу металлдар рыногунун Лондон ассоциациясынын чечими күтүлгөн иш болчу. Жокко чыгаруу убактылуу гана иш, башкача айтканда жакында калыбына келтирилиши мүмкүн экенин белгилеп кетким келет”, - деп жазылган Акылбек Жапаровдун Фейсбук баракчасындагы билдирүүдө.

Ал алтынды сатуунун жаңы жолдору буга чейин эле караштырылып жатканын, андан тышкары алтынды зергерлерге кымбат сатса болоруна токтолгон.

Быйыл августта World Street Journal басылмасы кыргыз өкмөтү Кумтөргө сырткы башкаруу киргизгенден кийин шектүү операциялар болгону байкалганын, ошонун негизинде текшерилип жатканын жазып чыккан.

Буга чейинки жылдары Кыргызстан алтындын көбүн Британияга, андан тышкары, Италия, Орусия, Түркияга экспорттоп келген.

Чырдын башталышы

Кыргызстан быйыл май айында Кумтөрдөгү экологияга келтирилген зыян жана салыкка байланыштуу канадалык компанияга 4,2 миллиард доллардай доо койгон. Аны улай кыргыз өкмөтү 17-майда “Центеррага” таандык “Кумтөр Голд” компаниясына тышкы башкаруу киргизген. Канадалык компания дооматтарды четке кагып, Стокгольмдогу Эл аралык арбитражга жана Нью-Йорктогу банкроттуулук боюнча сотко кайрылган.

“Центерра” июнь айында LBMA уюмунун текшерүү баштаганын кубаттаган.

Кыргызстан былтыр 7 айда 11,7 тонна, быйыл ушул эле мезгил аралыгында 4,1 тонна алтын экспорттоду. Башкача айтканда, былтыр 7 айда 623 млн. долларга, быйыл 235 млн. долларга алтын сатылган.

Тышкы башкаруу киргенден кийин, өкмөт дайындаган "Кумтөр" компаниясынын тышкы башкаруучусу Тенгиз Бөлтүрүк, эми алтын сыртка чыгарылбай, ишкана өндүргөн продукцияны толугу менен Улуттук банк гана сатып алып турарын айткан. Бирок бүгүнкү күндө Кумтөрдүн алтыны кайда, канча көлөмдө сатылып жатканы тууралуу расмий маалымат жарыялана элек.

Кыргызстан Кумтөр кенине тышкы башкаруу киргизүү менен катар эле мурдагы келишимдердин мыйзамдуулугу, Кумтөр долбоорунун аткарылышы боюнча буга чейинки иштерди текшерүүнү баштаган.


УКМК 17-сентябрда "Кумтөргө" байланыштуу тергөөдө канадалык "Центерра" компаниясынын жогорку жетекчилигинин жана Кумтөр кенин иштеткен "Кумтөр Голд Компани" ишканасынын жетекчилери коррупцияга тиешеси бар экени аныкталганын маалымдады. Атайын кызмат тараткан кабарда алар "2013-жылдын декабрында 200 миллион долларды чет элдик компаниянын эсебине мыйзамсыз которгону боюнча далилдер алынган" деп айтылат.

Бул фактылар боюнча "Центерранын" мурдагы жетекчиси Ян Аткинсон, "Кумтөр Голд Компани" ишканасынын президенти Майкл Фишер, башкармалык кеңешинин төрагасы Андрей Сазанов, "Кумтөр Оперейтинг Компани" ишканасынын вице-президенти Жон Сьютерге сыртынан кылмыш иши козголуп, издөө жарыяланды.

Кумтөр - Кыргызстандагы ИДӨнүн 10%, өнөр жайдын көлөмүнүн 20% жапкан ири алтын кени. Кыргыз өкмөтү быйыл май айында кенди башкаруу укугун чектеп койгон канадалык "Центерра Голд" компаниясында Кыргызстандын үлүшү 26% түзөт.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG