Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 17:12

Чек арачы кызматкер киши өлтүрүүгө шек саналууда


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Лейлекте чек арачы кызматкер киши өлтүрүүгө шек саналууда.

Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин (УКМК) Чек ара кызматы 18-сентябрда билдирди. Маалыматка ылайык, С. П. аттуу чек арачы Лейлек районундагы Эски-Оочу айылынан сөөгү табылган адамдын өлүмүнө шек саналып, милиция тарабынан кармалды.
Сөөк бүгүн, 18-сентябрда таңга жуук табылган.

Чек ара кызматынын маалымдашынча, 6-сентябрдан бери эмгек өргүүсүндө жүргөн, 30 жаштагы С. П. 17-сентябрда кечке жуук шериктери менен тойдон кайтып келе жатып, шериги менен мушташа кеткен. Натыйжада шериги көз жумган. Учурда иликтөө иштери жүрүп жатат.(ZKo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG