Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 17:24

Адам өлүмүнө шектүү мотоцикл айдоочусу кармалды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

“Манас” аэропортуна кеткен жолдо адам өлүмүнө шектүү катары 29 жаштагы айдоочу кармалды. Бул тууралуу 20-сентябрда Чүй облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Мекеменин маалыматына караганда, мотоциклдин айдоочусу жөө жүргүнчүнү сүзүп кеткен деп айыпталууда.

Манас айылынын аймагында болгон окуяга байланыштуу Жазык кодексинин 297-беренесинин (Жол кыймылынын жана автомототранспорт каражаттарын эксплуатациялоонун эрежелерин бузуу) негизинде сотко чейинки териштирүү башталды. Шектүү Сокулук райондук милициясынын убактылуу кармоочу жайына камалды.

Кырсык тууралуу маалымат интернетке 19-сентябрда чыккан. Машиналар каттаган чоң жолдо мотоцикл менен жарышып, эреже бузгандардын бири жергиликтүү тургунду сүзүп өлтүрдү деген видео социалдык түйүндөргө жарыяланган. Буга байланыштуу жергиликтүү тургундар бири-бири менен катуу ылдамдыкта жарышып ойногон айдоочуларды тыюу талабы менен нааразылык акциясын уюштурушкан.

Кыргызстанда быйыл жети айда 3982 жол кырсыгы катталып, 394 адам каза болгонун 23-августта “Азаттык” радиосуна ИИМдин Жол коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы билдирген.

XS
SM
MD
LG