Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 16:26

Атамбаевдин ден соолугу жакшы болсо сотко катышары айтылды


Кой-Таш айылындагы мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кармоо операциясы. 8-август, 2019-жыл.
Кой-Таш айылындагы мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кармоо операциясы. 8-август, 2019-жыл.

Бишкектин Биринчи май райондук сотунда 20-сентябрда Кой-Таш окуясы боюнча сот отуруму болот деп күтүлүп жатат. Апрель айынан бери токтоп турган соттук жараян 13-сентябрда уланмак. Бирок ишти караган судья Азирет Медеров ооруп калгандыгына байланыштуу отурум 20-сентябрга жылдырылган.

“Эгерде соттук жараян болуп Алмазбек Атамбаевдин ден соолугу жакшы болсо ал сотко катышат”, - деди Атамбаевдин адвокаты Сергей Слесарев.

2019-жылы 7-8-августта Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) жана Ички иштер министрлиги (ИИМ) Чүйдүн Кой-Таш айылында суракка келүүдөн баш тарткан мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кармоо операциясын жүргүзгөн. Анда мурдагы президенттин тарапташтары менен күч органдарынын кызматкерлери кагылышып бир офицер курман болгон.

Кыргызстанды 2011-2017-жылдары башкарган Атамбаев ушул тапта Бишкектеги №47 колонияда отурат. Ал кримтөбөл Азиз Батукаевдин 2013-жылы абактан мыйзамсыз бошотулушуна жана Кой-Таш окуясына байланыштуу соттолууда. Иштер Бишкектин Биринчи май райондук сотунда каралып жатат.

Кой-Таш окуясы боюнча Атамбаевдин тарапташтарына жана Жогорку Кеңештин депутаттары Асел Кодуранова, Ирина Карамушкинага да айып коюлган. (BTo)

XS
SM
MD
LG