Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:49

Ооганстанда талибдердин автоунаасы жардырылды


Ооганстандын Жалалабад шаарындагы жардыруу болгон жер. 18-сентябрь, 2021-жыл.
Ооганстандын Жалалабад шаарындагы жардыруу болгон жер. 18-сентябрь, 2021-жыл.

Жергиликтүү маалымат каражаттары Ооганстандын чыгышындагы Жалалабад шаарында талибдердин автоунаасы жардырылганы тууралуу жазды. Алгачкы маалыматтарга караганда, 19-сентябрь күнү болгон окуяда беш киши набыт болду, арасында ымыркай да бар.

Окуянын күбөлөрү "Талибан" кыймылынын бир нече жоочусу ооруканага жеткирилгенин айтты. Аталган кыймыл жардыруу тууралуу эч кандай маалымат бере элек.

18-сентябрда ушул эле Нангархар провинциясынын борбор калаасында болгон үч жардыруу кеминде үч адамдын өмүрүн алган. Жарадар болгон жыйырмага чукул адам ооруканага жеткирилген. Бул Ооганстанда бийлик талибдерге өткөндөн берки эң кандуу чабуул болуп калды.

Жардыруулар үчүн жоопкерчиликти эч бир топ өз мойнуна алган жок.

Нангархар "Ислам мамлекети" экстремистик тобунун бир канаты "Ислам мамлекети-Хорасан" кыймылынын уюгу катары саналат. Аталган топ менен талибдер көптөн бери кармашып келишет.

Ооганстандын бийлигин "Талибан" кыймылы 15-августта өз колуна алган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG