Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:35

Германияда салттуу "Октоберфест" фестивалы өтүп жатат


Мюнхендеги 181-Октоберфест фестивалынын ачылышы. 20-сентябр, 2014-жыл.
Мюнхендеги 181-Октоберфест фестивалынын ачылышы. 20-сентябр, 2014-жыл.

Коронавирус пандемиясынан улам Мюнхенде быйыл экинчи жылы катары менен күзгү салттуу фестивалды өткөрүүгө тыюу салынды. Бирок ошого карабастан 18-сентябрь күнү Терезиенвизе аянтына кишилер чогулуп, фестивалды баштады. Улуттук кийим кийген адамдар пиво жана башка ичимдиктерин, тамак-аш алып келип, ырдап-бийлешти.

3-октябрга чейин созулуучу майрам быйыл Мюнхенде бир аз башкачараак өтөрү күтүлүүдө. Ресторан-пабдар "Октоберфест" учурунда тигилүүчү чатырлар сыяктуу жасалгаланып, фестивалдын музыкаларын жаңыртууну көздөп жатышат.

Расмий бийлик "Октоберфест" салттуу түрүндө 2022-жылы өтөт деген үмүтүн билдирди.

Күзгү салттуу майрам-фестивалдар Европанын башка өлкөлөрүндө да өтүп жатат. Испанияда 25 000 чамалуу студенттер вино майрамына чогулушту. Мадриддеги Комплутенсе университетинин жанындагы аянтта майрам таң атканча созулду. Оюн-зоок учурунда тартылган видеолордо кишилер беткапсыз, социалдык аралыкты сактабай ырдап-бийлеп жүргөнүн көрүүгө болот.

Коронавирус пандемиясынан улам Испанияда массалык иш-чараларга тыюу салынган.

2019-жылы декабрда Кытайдын Ухань шаарында катталган коронавирус кыска убакытта дүйнөгө тарады. Вирус 4,5 млн ашуун адамдын өмүрүн алып кетти. Коронавирус пандемиясынан улам дүйнө мамлекеттери карантиндик чектөөлөрдү киргизип, массалык иш-чараларга тыюу салган эле.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG