Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Октябрь, 2022 жума, Бишкек убактысы 01:33

"Бийлик элде болбосо, эмнеси демократия?"


“Бийлик элде болбосо, эмнеси демократия?”
please wait

No media source currently available

0:00 0:45:13 0:00

"Бийлик сырлары" берүүсүнүн бул жолку мейманы Кыргызстандын жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана аймактарды өнүктүрүү саясатынын мурдагы министри Төлөбек Өмүралиев болду.

Ал маегинде мамлекеттик кызматка келиши, “айыл өкмөт” жана “губернатор” институтунун кантип пайда болгону, өз алдынча башкаруу реформасынын жүрбөй калышынын себептери ж.б. маселелер жөнүндө кеп кылат.

-Төлөбек Эсенгулович, Сиз 1980-жылдардын аягында КПСС Борбордук Комитетинин алдындагы Коомдук илимдер академиясын бүтүп келгенден кийин мурдагы кызматыңыздан да төмөн кызматка - Ысык-Көл обкомуна инспектор эле болуп калыпсыз, анын жүйөсү барбы?

-Ал кезде, компартиянын заманында жогору жактан кайда жиберсе, биз солдат катары барчубуз. Анда Нарын-Ысык-Көл аймактары бир облуска биригип калган эле. Облустун жетекчиси Жумгалбек Аманбаевге барсам, “айыл чарба бөлүмүнө инструктор болосуң” деп сунуш кылды. Мен макул болбой чыгып кеттим. Эртеси дароо Кыргызстан компартиясынын биринчи катчысы Апсамат Масалиевичке кирип, “мен ал кызматка макул эмесмин” деп айттым. Ал дароо трубканы көтөрүп, “бул эмне кылганың, Москвадан академияны бүтүп келсе, юридика илимдеринин кандидаты болсо, мындай кадрлар жерде жатыптырбы, татыктуу кызмат бериңиз” деп тапшырма берди. Кайра барсам инспектор кылып дайындады, ал кызматтан башка жакка жогорулап кеткенге болот эле. Ошентип облустун борбору Балыкчыда ал кызматта бир жыл иштедим. Бирок үй-бүлө Нарында болгондуктан жүдөп да кеттим. Анан көп өтпөй Тянь-Шань райондук кеңешинин төрагасы болуп шайланып калдым.

-Сиз 1994-жылы Тянь-Шань районунун акими болуп турганда Президенттик администрациянын жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана агрардык саясат бөлүмүнө башчылыкка дайындалдыңыз. Сизди ал кызматка ким чакырган же сунуш кылган? Эмне үчүн Өмүралиевдин талапкерлиги жактырылган?

-СССР талкаланып, бардык чарбалык байланыштар үзүлүп, өндүрүштөр токтой баштады. Акча жок, бензин жок, башка кызматтар жоюлуп, эл, жетекчилер да карайлап эле калдык. Баары эле “бартер” болуп калган. "Канча литр бензинге канча кой алмаштырабыз" деген эле киши. Сүйлөшүп, макулдашып, Аксай, Арпадан койду алып келгенче баалар өзгөрүлүп кеткен күндөр көп болду. Дегеле, элди кантип багабыз, малды кантип сактап калабыз деген чоң суроонун алдында турдук. Анан президент Акаевдин айыл чарбасын реформалоо, жеке менчик чарбаларды түзүү, элге малды, жерди бөлүп берүү боюнча указы чыкты. Аны ишке ашыруу керек болду. Биздин райондо кандай реформаларды жасайбыз деген суроолорду коюп алып, бир жума үйдө оорудум деп жатып алып, атайын концепция жазып чыктым. Бүткөндөн кийин элди чогултуп алып, төрт саат доклад жасап, түшүндүрдүм.

Коомдук малды элге таратып берип, жеке чарбаларды түзүүнү жактап, аны ишке ашыра баштадык. Малды таратып, жерди элге бөлүп бердик. Техника ортодо боло турган болду, тейлөө кызматтары ачыла турган болду. Бир күнү президент Акаев айылга келип, эл өзү менен өзү оокатын кылып жатканын көрүп ыраазы болду, менин аракеттеримди колдоду. Ошондон бир ай өткөндөн кийин мени президенттик администрациясынын бөлүм башчы кызматына чакырды.

-Ошол жылдары “жергиликтүү өз алдынча башкаруу реформасы” деген пайда болду. Бул идея, демилге кимге таандык, анын максаты кандай эле?

-1994-жылы президент Акаев “жергиликтүү өз алдынча башкаруу” идеясын көтөрүп чыкты. Демилге ал кишиге таандык. Президент бул реформанын прогрессивдүү экенин далилдеп сүйлөп, 60 кишиден турган чоң комиссия түздү, ага республикага белгилүү таанымал адамдар, адистер кирди.

-Жыйынтыгында жергиликтүү бийликтер өз алдынча башкарууга өттүбү, реформанын натыйжасы болдубу?

-Биринчиден, бул реформаны ийгиликтүү турмушка ашыруу үчүн президенттин тиешелүү жарлыктары, өкмөттүн токтомдору, парламенттен мыйзамдар чыкты, укуктук базасы толук түзүлгөн болчу. Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун максаты - баардык маселелер эл менен чечилет, жергиликтүү бийлик башчыларын эл өзү шайлаш керек болчу. Мисалы, айыл өкмөт башчысын жалпы эл добуш берүү менен шайлап баштады. Алгач 10 айыл өкмөттө, бир шаарда башчыларды “сынак долбоор” менен эл шайлады. Элибиз абдан колдоду, аябай жакты, көп добуш алган талапкерлер жетекчи болуп шайланып жатышты. Андан кийин Кыргызстан боюнча бардык айыл өкмөттөрдө, майда шаарларда жалпы эл катышкан башчылар шайланды, реформа өз натыйжасын бере баштаган. Ошентип жергиликтүү жетекчилер дал ушундай жол менен 2007-жылга чейин эл тарабынан шайланып келди.

-Эмне үчүн кийин айыл өкмөт башчыларын, шаар мэрлерин эл эмес, жергиликтүү депутаттар шайлап калышты?

-2008-жылы Курманбек Бакиев президент болуп турганда, бир кишинин бийлигин күчөтүү, вертикал башкарууну бекемдөө максатында элдик шайлоону жоюп салышты, ошону менен “реформа оо-мийин” болду. Ошондон бери бардык маселелерди жергиликтүү депутаттар чечип келе жатат. Натыйжасы кандай болуп жатканына баарбыз күбөбүз.

Конституцияда “жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу” деген өзүнчө чоң бөлүм бар. Ага чоң укуктар берилген, эл аркылуу гана чечилет. Эми ошол баалуу, маанилүү нерселерди көрмөксөнгө салып, азыркы бийлик “айыл өкмөт башчыларын аким дайындашы керек” деп жатат. Бул Баш мыйзамга каршы келет. Конституцияда “бийликтин туткасы – эл” деп жазылып турат. Бийлик элде болбосо, эмнеси демократия?! Демократия болбогон жерде Кыргызстандын келечегине ишенүү кыйын.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG