Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Октябрь, 2022 ишемби, Бишкек убактысы 10:23

Тажикстан "Талибандын" талылуу жерин билет


Тажик-ооган чек арасы. 5-июль, 2021-жыл

Ооганстандан эл аралык каолициянын аскерлеринин чыгып кеткени жана талибдердин бийликти басып алганы коңшу Тажикстанды кыйла кыйын абалга кептеди. Дүйшөмбү Кабулдагы жаңы өкмөт менен сүйлөшүүгө аракет кылганы байкалбайт. Негизинен Ооганстандын коңшулары талибдердин бийликке келгенин кабыл алып, Кабул менен сүйлөшүүгө даяр экенин билдирди. Бир гана Тажикстан учурда талибдерге каршы позицияда турат. Келечекте кандай болот?

Узактан бери талибдерди колдоп келген Пакистан исламчыл кыймылдын Ооганстандагы ийгилигин кубаттайт. Кытай, Иран, Өзбекстан жана Түркмөнстан Ооганстандын ички иштерине кийлигишпей турганын жана талибдер менен кандайдыр бир өнөктөштүктү түзүүгө үмүтүн билдирди.

Дүйшөмбүнүн талибдердин өкмөтүнө каршы турушунун себеби эмнеде?

Биринчиден, Рахмон Тажикстанда 20 жылдан бери бийликте турат. Ал Борбор Азиянын азыркы лидерлеринин ичинен 2001-жылы эл аралык коалиция "Талибанды" (Кыргызстанда тыюу салынган террордук уюм) бийликтен кулатканда мамлекеттин башында эле.

1990-жылдардын аягында Рахмон талибдерге каршы күрөшкөн ооган тажиктерин колдогон, азыр дагы боордошторуна жан тартканды улантууда. Ушул тапта Панжшер өрөөнүндө талибдердин бийлигин тааныбаган тажиктер каршылык көрсөтүүдө.

Ооганстанда этностук тажиктер өлкөнүн калкынын 25% түзөт. Алардын коңшу Тажикстандагы боордоштору менен алака-катышы да жакын.

Рахмондун ооган тажиктеринин тагдырына тынчсыздануусу өз өлкөсүндө түшүп бараткан аброюн көтөрүп, элдин колдоосун жаратты. Бул уулу Рустамды президенттикке көтөрүп бараткан тажик лидери үчүн аба-суудай зарыл.

Экинчиден, 1992-1997-жылкы жарандык согушта Тажикстандын "Ислам кайра жаралуу партиясы" ал кездеги бийликке каршы чыккан күчтөрдүн альянсындагы негизги топ болгон. Согушка чекит койгон тынчтык келишимине ылайык, өкмөттүн 30% аскердик оппозициянын өкүлдөрүнө берилмек. Диний партия расмий каттоодон өтүп, Эмомали Рахмондун Элдик демократиялык партиясынан кийинки экинчи чоң саясий күчкө айланган.

Көп узабай эле Рахмондун бийлигине реалдуу коркунуч сезилип, куугунтук башталган. Акыры бийлик күмөндүү бир окуяны пайдаланып, Ислам кайра жаралуу партиясын "төңкөрүш уюштурууга аракеттенген" деп, 2015-жылдын сентябрында "экстремисттик уюм" деп жарыяланган.

Диний партия – исламга негизделгени менен "Талибанга" караганда алда канча байистүү экенин адистер белгилешет. Тажик бийлигинин бул партиянын мүчөлөрүн катуу кысымга алганын эске алганда, шариятка таянган талибдердин өкмөтү менен алака түзө алары күмөн.

Буга Тажикстандын муфтийи Саидмукаррам Абдулкодирзоданын сөзү далил. Ал 11-сентябрда "Ховар" маалымат агенттигине курган маегинде, талибдер менен деги эле алака түзүү тууралуу сөз да болушу мүмкүн эмес экенин айткан.

"Ислам - ырайымдуу жана бир туугандык дегенди билдирет. Бирок "Талибан" өзүн ислам мамлекети деп атап алып, аялдарды, балдарды жана бир туугандарын өлтүрүп жатат", - деди Абдулкодирзода.

Коңшу өлкөдө дин аалымдары бийликтин көзөмөлүндө экенин эске алганда, муфтийдин сөзүн расмий бийликтин көз карашы деп бааласа болот.

Тажикстан - Ооганстанга чектешкен жакыр мамлекет. Өлкөнүн чакан армиясы узактан бери чет өлкөлөрдөн жардам алып келет.

Курал-жарак менен жабдыгандардын бири Орусия. Акыркы он жылдын ичинде Кытай да тажик армиясына көмөгүн көбөйттү. АКШ, НАТО, Европа Биримдиги жана ЕККУ чек ара заставаларына курал -жарак, байкоочу жабдык, кийим-кече, жол тандабас унаа сыяктуу зарыл нерселер менен камсыздады.

Булардын бири да талибдерди же көп жылдар бою радикал кыймыл менен канаатташ согушуп жүргөн топторду чочута койбойт. Муну Рахмон өзү да жакшы билет.

Ооганстанда талибдердин бийликке келишин кубаттаган коңшу өлкөлөр аз. Алардын расмий билдирүүлөрү реалдуулукту кабыл алганын ишара кылат. Ал эми Дүйшөмбү расмий позициясын башында эле ачык билдирген.

Тажикстандык саясат таануучу Хайрулло Мирсаидов "Азаттыктын" тажик кызматына берген маегинде "Рахмон Орусиянын макулдугусуз мындай билдирүү жасай алмак эмес" деп айткан.

"АКШ аймактан чыгып кеткенден кийин, Орусия Ооганстанды көзөмөлдөөнү толугу менен Пакистанга бергиси келбейт. Бул Эмомали Рахмондун кызыкчылыгына төп келип, ал мүмкүнчүлүктөн пайдаланып, өз позициясын билдирип, элге жакын боло алды", - дейт Мирсаидов.

Орусиянын Тажикстанда аскердик базасы бар, ал эми өлкөнүн чыгышында Кытайдын чакан аскердик посту турат.

Москва да, Бээжин да талибдер менен кызматташууга болорун билдиргени менен ооган жергесинде баш калкалаган ар кыл топтордун арасындагы жоочулардан чочулашат.

25-августта президент Рахмон Пакистандын тышкы иштер министри Шах Махмуд Куреши менен жолукканда Тажикстан Ооганстанда ар кыл топтордун өкүлдөрү, анын ичинде этностук тажиктер кирген мунаса өкмөт түзүлгөндө гана аны тааный турганын билдирген.

Анын эртеси Франциянын президенти Эммануэл Макрон тажик лидери Эмомали Рахмонду Парижге чакырган. Бул Рахмон талибдерге ачык каршы турса андан кандай пайда тапса болорун алдыртан аңдаганын айгинелейт.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG