Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 01:26

Орусияда коронавирустан өлгөндөрдүн саны кескин көбөйдү


Орусияда коронавируска чалдыккан бейтап жана аны караган медкызматкерлер. Москва, 19-сентябрь, 2021-жыл.
Орусияда коронавируска чалдыккан бейтап жана аны караган медкызматкерлер. Москва, 19-сентябрь, 2021-жыл.

Расмий маалыматка ылайык, Орусияда соңку бир суткада коронавирустан каза болгондордун саны 828ге жетти. Бул пандемия башталгандан берки эң жогорку көрсөткүч.

Орусияда төртүнчү күн катары менен коронавирус 800дөн ашуун кишинин өмүрүн алып жатат.

Коронавируска каршы күрөшүү боюнча кризистик борбор 24-сентябрда билдиргендей, соңку бир суткада вируска 21 миңден көп адам чалдыккан.

Маалыматка караганда, Орусиядагы 85 аймактын 36сында инфекцияга кабылгандардын саны жогорулап жатат. Адистер кырдаал катаалдашы мүмкүн экенин эскертишти.

Өткөн жумада Орусиянын президентинин айланасындагы ондогон адамдан коронавирус чыкканына байланыштуу, Владимир Путин обочолонууга кеткен.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG