Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:02

АӨБ Кыргызстандын экономикасын колдоо үчүн 80 миллион доллар бөлөт


Азия Өнүктүрүү Банкы (АӨБ) Кыргызстандын экономикасын диверсификациялоо аракеттерин колдоо жана коронавирус пандемиясы сыяктуу соккуларга туруктуулугун күчөтүү үчүн 80 миллион долларлык реформаларды аткарууга багытталган насыялоо программасын жактырды.

Каражаттын 69,3 миллион доллары кредит, 10,7 миллиону грант болот.

"Программа сооданын жана инвестициялардын атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатуучу реформаларды колдойт, чакан жана орто ишканалардын өнүгүүсүнө, мамлекеттик-жеке өнөктөштүк аркылуу инфраструктураны өнүктүрүүнү жакшыртууга, сектордук көндүмдөрдү өнүктүрүүгө, фискалдык башкарууну жана социалдык коргоонун туруктуулугун жакшыртууга жардам берет",- деп жазылган уюмдун маалыматында.

АӨБ Кыргызстанга 1994-жылдан бери 1,3 миллиард доллардан ашык насыя, 811 миллион доллар грант жана 69 миллион долларлык техникалык жардам берген.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG