Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 23:40

COVID-19: Оору көп катталган мектеп же окуу жай убактылуу жабылат


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Эгер мектептерде же жогорку окуу жайларында коронавирус көп каттала баштай турган болсо убактылуу жабуу чарасы көрүлөт. Бул тууралуу 24-сентябрда «Биринчи радионун» эфиринде саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиев билдирди.

Анын айтымында, быйыл июль айына туура келген экинчи толкунда балдар арасында COVID-19 болгондор көбүрөөк катталды:

“Эгер бир класста 2-3 бала ооруп кала турган болсо ошол класс жабылат. Эгер эпидемиологиялык кырдаалга жараша ооругандар көбөйсө мектепти же жогорку окуу жайын жабабыз”.

Кыргызстанда дээрлик эки жыл жабык турган мамлекеттик окуу жайларынын баары 15-сентябрда кадимки тартипте иштей башташты.

Министр окуу башталгандан бери окуучулар арасында коронавирус катталбаганын билдирди.

Өлкөдө бул оору жуккандардын расмий катталган саны 178 миңден ашты, алардын 2,5 миңден көбү каза болду. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG