Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Октябрь, 2021 ишемби, Бишкек убактысы 05:52

Шайлоо: Округдардын өзгөргөн картасы, депутаттардын шеги 


Кыргызстандагы бир мандаттуу 36 округдардын картасы. Борбордук шайлоо комиссиясы чийген схема.

Жогорку Кеңеш 23-сентябрындагы отурумунда Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) келерки парламенттик шайлоого карата даярдыгы тууралуу маалыматын укту. Айрым депутаттар шайлоодогу тобокелчиликтер толук жоюлбай, округдун картасын түзүүдө кемчиликтер кеткенин айтып чыгышты. Өзгөчө Ош облусу боюнча талаш-тартыштар көп.

Депутаттарды шектенткен өзгөртүү

Борбордук шайлоо комиссиясы 5-сентябрда "Жогорку Кеӊештин депутаттарын шайлоону өткөрүү боюнча шайлоо округдарынын схемасы жана чек аралары жөнүндө" токтом кабыл алып, ага кайра 15-сентябрда толуктоолорду киргизди. Ага ылайык, Оштогу шайлоо округдарынын кээ биринин аталышы жана чек арасы такыр башкача болуп өзгөрүп кеткен.

Ош облусундагы шайлоо округдарынын алгачкы жана кийинки варианттары
Ош облусундагы шайлоо округдарынын алгачкы жана кийинки варианттары


БШКнын төрайымы Нуржан Шайлдабекова Жогорку Кеңеште шайлоого карата даярдык боюнча маалымат берип жатып өзгөртүү боюнча мындай түшүндүрмө берди:

Нуржан Шайлдабекова
Нуржан Шайлдабекова

“Ош облусу боюнча талкуу көп болду. Жыйынтыгында бир вариантын көпчүлүк добуш менен кабыл алып, ал 10-сентябрда Эркин-Тоо газетасына жарыялаган. Бирок 15-сентябрга чейин талаш-тартыш токтобой койду. Жыйынтыгында жумушчу топ башка вариант сунуштап, аны БШК мүчөлөрү колдоп берди. Биз идеалдуу вариант тапкан жокпуз. Аны моюнума алам. Бирок азыркы вариантты жергиликтүү бийлик өкүлдөрү колдоп жатат”.

Талаш жараткан Ош шаары жана Ош облусу 900 миңдей шайлоочусу менен 9 округга бөлүнгөн. Алар: Көк-Жар, Ноокат, Араван, Ош, Төлөйкөн, Кара-Суу, Куршаб жана Алай менен Өзгөн шайлоо округдары. Алардын чек араларын Борбордук шайлоо комиссиясынын алдындагы жумушчу топ жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү менен даярдаган. БШКнын мүчөлөрү добуш берүү жолу менен бекиткен эле. Жогорку Кеңештин депутаты Өмүрбек Бакиров токтомду өзгөртүү мыйзамсыз болгонун айтып чыкты.

Өмүрбек Бакиров
Өмүрбек Бакиров

“Шайлоо бүткөндөн кийин жарандар сотко кайрыла турган болсо, анда добуш берүүнүн жыйынтыгы жокко чыгат. Бул жерде туура эмес чечим кабыл алынган. Бирөөнүн басымы, мамлекеттик органдардын кызыкчылыгы болду. Силердин колуңарды кайрып ушул токтомду кабыл алдырды. Кысым токтомдун алгачкы варианты кабыл алынган 5-сентябрда эле башталган. Муну баарыбыз билип турабыз. Болгону сиз айта албайсыз”.

БШК бир мандаттуу 36 округду добуш берүүчүлөрдүн санына карата бөлгөн. Мыйзам боюнча, ар бир округда 100 миңдин тегерегиндеги шайлоочу болушу шарт. Бирок шартка байланыштуу бул сандан 20% чейин четтесе болот. Tizme.gov.kg сайтына жайгаштырылган маалыматта добуш берүү укугуна ээ болгондордун саны 3 млн. 686 миң 921 экени жазылган. Жогорку Кеңештин депутаты Анвар Артыков округдар мыйзамда көрсөтүлгөндөй шайлоочулардын санына карап эмес, айрым талапкерлерге ылайыкташтырылып жатканын айтат.

Анвар Артыков
Анвар Артыков

“БШК жарыялаган округдардын картасында эч кандай логика жок. Жасалганы ачык эле көрүнүп турат. Мисалы, Кара-Суу районунун айыл өкмөттөрүн Ош шаарына, шаарды болсо башка районго кошуп салыптыр. Кара-Сууда өзүндө шайлоочулар жетиштүү да. Араванды экиге бөлүп салыптыр. Картаны көргөндөн кийин өзүмчө иликтеп көрдүм. Ошол структурада иштеген балдардын айтымында, чек араларды аныктоодо жеке кызыкчылыктар болгон. Бир ууч адам эле чечим кабыл алып, төрт-беш талапкерге шарт түзүп берген. Шайлоонун оюндары эрте эле башталып жатат. Кийин эмне болот билбейм”.

Анвар Артыков айтып жаткан Кара-Суу районунда 2021-жылы 11-апрелдеги референдумда шайлоочулардын тизмесине 246 миң 795 жаран катталган. Кара-Суу - Кыргызстан боюнча шайлоочулар эң көп катталган район. Бирок Кара-Сууда эки округ (№8 Кара-Суу, №9 Төлөйкөн) түзүлүп, калганы башка шайлоо аймактарына кошулуп кеткен. Мындан тышкары №11 шайлоо округу боюнча талаш-тартыш бар. Анткени андагы Кара-Кулжа району менен Алай жана Чоң-Алайдын аралыгы алыс.

Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү Абдыжапар Бекматов дооматтарга мындай деп жооп берди:

Абдыжапар Бекматов
Абдыжапар Бекматов

“БШК өзүнүн ыйгарым укуктарынын чегинде гана иш алып барды. Мекеме токтомго өзгөртүү киргизип, же кабыл алса болот. Эң негизгиси мыйзамдын талаптары аткарылып, мөөнөтү сакталса болгону. Ош облусу жана Ош шаарында эл жыш жайгашкан. Андыктан ар кандай пикирлер болду. Биз жергиликтүү бийликтин сунуштарын эске алдык. Башкысы мыйзамдын талаптарына ылайык иш алып барылды. Округдардын чек араларынын өзгөрүп кетишине шайлоочулардын саны дагы таасир этти. Анткени токтом 5-сентябрда кабыл алынса, шайлоочулардын алдын ала тизмеси 9-сентябрда жарыяланды”.

23-сентябрга карата парламенттик шайлоого бир мандаттуу округдан катышуу ниетин билдиргендердин саны 18ге жеткени белгилүү болду. Бир мандаттуу округдан депутат болгусу келгендердин арызы 13-октябрга чейин кабыл алынат. Бир талапкер бир округдан гана катталуу укугуна ээ.

"Бата алган" партиялар бар"

Жогорку Кеңештин депутаты Жанарбек Акаев 28-ноябрга белгиленген парламенттик шайлоого катышуу үчүн таасирдүү кызмат адамдары жана акчалуулар кирген эки партия түзүлүп жатканын айтты. Ал муну былтыр жыйынтыгы жокко чыгарылган чуулгандуу парламенттик шайлоо менен салыштырып, бийлик муну алдын алыш керектигин билдирди.

Жанар Акаев
Жанар Акаев

“Азыр эң чоң таасирдүү кызмат адамдары партияларга каражаты бар адамдарды топтоп келип, тизме түзгөнгө аралашып жатышат. Партияны түзгөн адамдар “президенттин батасын алдык, резюмеңерди бере калгыла, президент күтүп калды” деп талапкерлердин башын айлантып атат. Президент баарына бирдей мамиле кылам деп кайрылуу кылбаса талапкерлерди ар кандай ыкмалар менен азгыруу аракеттери болуп атат”, - деди парламенттин 22-сентябрдагы жыйынында.

Депутат кайсы партиялар жөнүндө сөз болуп жатканын айткан жок. Быйылкы парламенттик шайлоого 75 партия катышуу ниетин билдирген. Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев 7-сентябрда президент Садыр Жапаровдун баласы Рустам Жапаров парламенттик шайлоого камылга көрүп, ар кандай жолугушууларды өткөрүп жатканын айтып чыккан. Президенттин аппараты бул маалыматты четке каккан. Ал эми шайлоого катышуу ниетин билдирген “Ата-Журт Кыргызстан” партиясын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев менен байланыштырып келишет. Бул маалымат дагы расмий тастыкталган эмес.

Президент Садыр Жапаров Кыргызстанда мындан ары кандай гана шайлоо болбосун таза өтөрүн, бийликтин партиясы болбой турганын бир нече жолу кайталаган. Муну Жогорку Кеңештин депутаты, шайлоого катыша турган “Ынтымак” партиясынын лидери Марлен Маматалиев буга ишенип турат.

Марлен Маматалиев
Марлен Маматалиев

“Мисалы, кимдир бирөө президентке кирип партия ачып жатканын айтса, ал “сенин партияң барбашы керек” дебейт да. Ошону кээ бир партиялар башкача түшүнүп, президенттин макулдугун алганын айтып жүрүшөт. Ушундай жол менен талапкерлерди өзүнө тартканга аракет көрүшөт. Жапаров депутаттар менен жолукканда буга чейинки президенттерди партиясы сактап калбаганын айткан. Мен да ошого ишенип жатам”.

Кыргызстандагы парламенттик шайлоо 28-ноябрда өткөнү жатат. Бул жолку шайлоо бир можаритардык жана пропорционалдык система менен өтөт. Жараяндын чыгымы 592 млн. 531 миң сом өлчөмүндө бекитилди. 2020-жылы 4-октябрда өткөн соңку парламенттик шайлоо баш аламандык менен коштолуп, жыйынтыгында бийлик алмашкан.

  • 16x9 Image

    Айбек Бийбосунов

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. 2015-жылы Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз Улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

     

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG