Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Октябрь, 2021 шаршемби, Бишкек убактысы 16:44

Шайлоо: 36 округдун картасы талаш жаратты


Кыргызстандагы бир мандаттуу 36 округдардын картасы. Борбордук шайлоо комиссиясы чийген схема.

Борбордук шайлоо комиссиясы бир мандаттуу 36 округдун картасын чийип бүттү. Анын айрымдарына бир нече район-шаарлар бириктирилсе, кээ бир аймактар калктын санына жараша кайра эки-үчкө бөлүндү.

Ар бир округда орточо 100 миңдин тегерегиндеги шайлоочу бар. Шайлоо аймактарынын түзүмү түрдүү пикирлерди жаратууда.

Шайлоо картасы

Атайын жумушчу топтун эки-үч айлык талдоосунун жыйынтыгында Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) мажоритардык тутум боюнча шайлоо округдарынын расмий схемасын жана чек араларын бекиткенин сентябрдын башында кабарлаган. Бирок айрым талаштуу маселелерден улам алымча-кошумчалар киргизилген карта эми гана ачыкка чыкты.

Демек, бир мандаттуу округдарды түзүүдө биринчи кезекте аларда шайлоочулардын теңдиги камсыздалышы керек эле. Башкача айтканда, добуш берүүчүлөрдүн саны бирдей болушу шарт.

Чет жактагыларды эске албаганда, өлкөдөгү шайлоочулар саны 3,6 миллиондон азыраак ашкан. Муну мыйзамда бекитилген бир мандаттуу 36 округга бөлсөк, 100 миңден тийет. Шартка байланыштуу бул санга 20% чейин плюс-минус кылса да болот.

Кийинки кадам, кайсы бир райондо мына ушунунун тегерегинде шайлоочу болсо, анда ал өзүнчө округ катары калтырылды. Ашыкчасын бөлүп, жетпегендери жанындагы, чектешкен райондор менен кошулду.

БШКнын төрайымы Нуржан Шайлдабекова кененирээк буларды билдирди:

“Албетте, республиканын администрациялык-аймактык бөлүнүшү кайсы бир деңгээлде сакталды десек жарашат. Райондор бири-бирине кошулду, бирок биз бир облустун шайлоо округдарын экинчи облуска кошкон жокпуз. Эмне үчүн бул принцип алынды? Анткени пропорционалдык тутум менен өткөн шайлоодо партиялар жалпы өлкөдө жана ар бир облуста тийиштүү пайыздарды алышы керек. Алар эсептелиши үчүн облустардын аймактары бири-бирине кошулган жок”,-деди ал.

Ошентип, борбор калаа Бишкек 428 599 шайлоочу менен 4 округга бөлүндү. Мында башкалаадагы төрт район – Ленин, Биринчи май, Октябрь жана Свердлов райондору негиз катары алынды. Болгону бирден-экиден, же эки-үчтөн шайлоо тилкелери бири-бирине өтүп кетти.

Бишкек шаарындагы шайлоо округдары. БШКнын материалы.
Бишкек шаарындагы шайлоо округдары. БШКнын материалы.

Ош шаары жана Ош облусу бир каралып, дээрлик 900 миңдей шайлоочусу менен 9 округга түзүлдү. Кара-Кулжа, Алай жана Чоң-Алай райондору бир округ, Ноокат шаары жана Ноокат районунун негизги бөлүгү бир округ, Араван району жана Ноокат районунун бир бөлүгү бир округ болду. Өзгөн шаарынын жарымы менен Өзгөн районунун негизги бөлүгү өзүнчө макамга бириктирилсе, Өзгөндүн Куршаб аймагы менен Өзгөн шаарынын калган жарымы кошулду.

Ош шаарындагы жана Ош облусундагы шайлоо округдары. БШКнын материалы.
Ош шаарындагы жана Ош облусундагы шайлоо округдары. БШКнын материалы.

Калктын көп бөлүгү жашаган Кара-Суу шаары менен Кара-Суу районунун бир бөлүгү бир нечеге бөлүндү. Кара-Суу-1, Кара-Суу-2 өз-өзүнчө округ болсо, экинчи борбор калаадан куралган Ош-1 менен Ош-2 округдарына да Кара-Суунун айрым айыл аймактары илешип калды.

Жалал-Абад облусундагы шайлоо округдары. БШКнын материалы.
Жалал-Абад облусундагы шайлоо округдары. БШКнын материалы.

686 миң добуш берүүчүсү менен Жалал-Абад облусунда жети округ уюштурулду. Мында Жалал-Абад шаары жана Сузак районунун төрт айыл аймагы бир, Сузак районунун калган аймагы бирдикти түзсө, Базар-Коргон шаары, Базар-Коргон району жана Тогуз-Торонун айрым аймактары бир болду. Майлуу-Суу, Кочкор-Ата жана Ноокен районунун көпчүлүгү, Кербен шаары жана Аксы району, ал эми Ала-Бука менен Чаткал өзүнчө, Токтогул шаары жана Токтогул району өзүнчө болуп жатат.

Чүй облусундагы шайлоо округдары. БШКнын материалы.
Чүй облусундагы шайлоо округдары. БШКнын материалы.

Чүй облусунда 609 миң шайлоочу менен 6 округ бекитилди. Жайыл району менен Панфилов районунун бир бөлүгү, бир нече шаарлар менен бирдиктүү округ болсо, Москва району менен Сокулуктун бир бөлүгү шайлоого чогуу барат. Сокулуктун калганы Шопоков шаары менен өзүнчө, Аламүдүн району өзүнчө округ курду. Ысык-Ата ата району Кант шаары менен, Кемин району Кемин шаары жана Токмок шаарлары менен өз-өзүнчө түзүлдү.

"Биз эми коллегиалдуу органбыз да, чек аралар жөнүндө түрдүү талаш-тартыштарга карабай округдардын картасы жалпы чечим менен кабыл алынды. Негизи биз 100 миңдей шайлоочусу бар райондорду өзүнчө калтырганга аракет кылдык. Бирок ага жетпегени үчүн эки-үч районду бириктиргенге туура келди. Райондор башка, шайлоодо тиреш болот деп карап олтурмак белек. Шайлоонун табияты ушундай экен. Эки район тирешип калат деп, 18 же 20 миң шайлоочусу менен бир районду өзүнчө округ кылып койгонго мыйзам жол бербейт экен. Бир нече райондор кошулган жерлер бир шайлоо комиссиясы болуп эсептелет жана бир жерден башкарылып турат”,-дейт БШКнын мүчөсү Абдыжапар Бекматов.

Ысык-Көл облусундагы шайлоо округдары. БШКнын материалы.
Ысык-Көл облусундагы шайлоо округдары. БШКнын материалы.

Ысык-Көлдө 316 миң шайлоочу бар, мындагы 5 район менен 3 шаар жалпы 3 округга жалпылашат. Алар Жети-Өгүз, Ак-Суу жана Ысык-Көл округдары деп аталат. Тоң району менен калган шаарлар ушуларга чачылды.

Баткен облусундагы шайлоо округдары. БШКнын материалы.
Баткен облусундагы шайлоо округдары. БШКнын материалы.

305 миңдик шайлоочу менен Баткенде да үч округ болот. Бирок мында бөлүштүрүү оңой жүргөнсүйт, карта негизинен азыркы Кадамжай, Баткен жана Лейлек райондорунун чек аралары менен жүрдү. Анча-мынча айыл округда бири-бирине өтсө, райондордун ичиндеги шаарлар алардын өзүндө калды.

Талас облусундагы шайлоо округдары. БШКнын материалы.
Талас облусундагы шайлоо округдары. БШКнын материалы.

4 район жана бир шаар менен Талас облусу эки округга бөлүндү. Себеби аймакта шайлоочулардын саны 163 миң. Бирдиктер Талас жана Манас шайлоо округу деп белгиленет.

Нарын облусундагы шайлоо округдары. БШКнын материалы.
Нарын облусундагы шайлоо округдары. БШКнын материалы.

Нарында да жагдай ушундай – шайлоочулар 209 миң, округ экөө. Кочкор жана Нарын округдары. Биринчисине Ак-Талаа менен Жумгал райондору, экинчисине Ат-Башы району бириктирилүүдө.

“Кайрадан эски системага кайттык”...

Жаңы шайлоо округдарынын картасы жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыяланганы менен саясий чөйрөгө жана электоратка көп тарай элек. Ошол себептен да бул боюнча талкуулар кеңири өрүш ала элек. Сыягы үгүт иштери башталып, бюллетенди алганда шайлоочулар арасында түрдүү пикирлерди жаратчудай. Ага чейин округдардын чек араларын көргөндөр өз ойлорун бөлүшүүдө, алардын ичинде нааразылар да бар.

Коомдук ишмер Жылдызбек Турганов көз карашын ортого салды:

Жылдызбек Турганов
Жылдызбек Турганов

“Мисалга, партиялык система менен алганда бир райондон көп адам депутат болуп калып жатканы айтылып жүрбөдүбү. Маселен, 120 кишилик депуттатык 20 чактысы Алай районунан экени белгилүү болчу. Негизи өкүлчүлүк дегенде ар бир аймактан, ар бир райондон бирден киши мандат алгыдай болушу керек да. Ошол себептүү менимче 40 районго бирден мандат берип, 80 депутат болсо, калган 10 мандатты Бишкек жана Ош шаарларын бөлүштүрүп койсо туура болмок. Аймактардагы калган шаарларды ошол райондорго кошуп койсо болот. Мына ушунда чыныгы эл өкүлдөрү келмек. Кайсы бир райондо калктын аздыгы үчүн алар айыптуу эмес да, ал жердеги жашоо шарты жана башкалары ошого себеп болот. Анан аларда калк аз болгону үчүн гана депутаты жок калышы керекпи? Мурда “бир райондогу уруу-уруу болуп жаатташып калат экен” деп бир мандаттуудан кайткан эмес белек. Эми болсо эки-үч район болсо ошол аймактардын калктары өз жердештерин шайлоого чуркап, тирешип калчудай болуп калды”.

Кыргызстан эгемендик алган жылдары Жогорку Кеңеш бир мандаттуу округдардан шайланып келчү. 2007-жылдан тартып партиялык система кирген. Ортодо бир мандатка кайтууга чакырыктар ташталганы менен ал Садыр Жапаров президент болгондон кийин, 2021-жылы ишке ашты. Бирок аралаш формада – 90 депутаттын 54ү партиялык негизде, 36сы бир мандаттык негизде шайлана турган болду.

Жогорку Кеңештин депутаты Сайдулла Нышанов:

Сайдулла Нышанов
Сайдулла Нышанов

“Мен мисалы мурда №15 – Базар-Коргон округунан шайланып, депутат болгом. Азыр аны Тогуз-Торо менен кошуп коюптур. Болбосо бул райондорду түз жол байланыштырбайт, Бишкек аркылуу катташың керек. Эми ал жактан талапкерлигин койгон киши кантип үгүт иштерин жүргүзөт? Шайлангандан кийин электораты жолугуу түйшүк жаратпайбы. Базар-Коргондун өзүндө 97 миң шайлоочу бар экен, ошону өзүнчө округ кылып койсо болмок да. Башка округдарда деле ушундай талаштар бар экен. Менимче БШКнын мүчөлөрү өз билемдик кылып, каалоолоруна карап эле чечип коюшкан окшойт. Же өздөрүн сунуштаган партиялар, же башкалар айткан, ошого карап чечип коюшкан. Анан негизи эле бул шайлоодо кемчиликтер көп болуп жатат. Логика боюнча, азыр эки жактан тең фамилияга добуш берилип жатат. Бир мандаттууда деле, партиялыкта деле талапкерлердин номери тандалууда. Мындай болгондон кийин же жалаң бир мандаттуу кылып, же жалаң партиялык кылып койсок болбой беле? Партия менен өнүгүп жаткандан кийин, партиялык система менен эле калтырып, өтүү босогосун төмөндөтүп, калтыра бериш керек эле”,-дейт.

Соңку эки-үч чакырылышта парламентке партия менен көбүнчө байлар жана акчалуу ишкерлер гана өтүп калганы жөнүндө сындар көп болду. Шайлоо системасына кайрадан бир мандаттуу киргенине да ушул жүйөлөр себеп болду.

Бирок ошол эле кезде айрымдар бул жолу да баягыдай эле колунда бар адамдар көбүрөөк мандат аларын белгилеп жатышат. Укук коргоочу Динара Ошурахунова бул жөнүндө мурдатан эле айтып келе жатат.

Динара Ошурахунова
Динара Ошурахунова

“Мажоритардык системаны, же бир мандаттуу шайлоо системасын биз көргөнбүз. Аны баштан өткөргөнбүз. Мында оппозициянын өкүлү чыккан жерде административдик ресурс колдонушчу. Бийликчилдер болсо өздөрү эле мандат талашкан округда көбүнчө акча ойночу. Азыр деле ошондой эле болот. Ошол себептүү бул шайлоо таза өтөт, мыйзамдуулук сакталат деп айта албайм”.

Шайлоого бир мандаттуу округдан катышуу ниетин билдиргендерден арыздар 13-октябрга, ал эми катталуу үчүн документтер 18-октябрга чейин кабыл алынат. Бир талапкер бир округдан гана каттала алат. Азырынча түшкөн арыздар көп эмес.

Ал эми жалпы өлкө боюнча партиялык система менен өтчү шайлоого 75 партия арыз берген. Шайлоо 28-ноябрга белгиленген.

  • 16x9 Image

    Эрнист Нурматов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кабарчысы. 2010-жылдан 2017-жылга чейин Ош облусунда кабарчы болуп иштеген. Ош Мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG