Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:35

Төө-Ашуудагы жолдун ремонту октябрь айында аяктайт


Улукбек Марипов жолдун ремонту менен таанышууда. 25-сентябрь, 2021. Төө-Ашуу
Улукбек Марипов жолдун ремонту менен таанышууда. 25-сентябрь, 2021. Төө-Ашуу

Министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов Бишкек-Ош жол тилкесиндеги (Төө-Ашуунун түштүк тарабы) оңдоо иштеринин жүрүшү менен таанышты.

Бул тууралуу кыргыз өкмөтүнүн басма сөз кызматы кабарлады. Маалыматка караганда, жол тилкесине асфальт-бетон төшөлүүдө. Аба ырайы жагымдуу болсо курулуш иштери ушул жылдын октябрь айынын башында аяктайт. Курулуш иштерине республикалык бюджеттен 165 миллион сом каралган.

Марипов эл аралык транспорттук жолдун стратегиялык маанисин, өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө тийгизген таасирин белгилеп, курулуш иштерин өз убагында жана сапаттуу жыйынтыктоону тапшырды. Автомагистралда жол коопсуздугун камсыздоо зарыл экенин баса белгиледи.

Ош - Бишкек кан жолунда кырсык көп катталат. 15-сентябрдагы кырсыкта DAF күйүүчү май ташуучу автоунаасы менен "Жигули ВАЗ-2107" үлгүсүндөгү автоунаа кагышып, үч киши каза болгон.

2020-жылы Кыргызстанда 6126 жол кырсыгы катталып, 754 адам каза болгон (анын 93ү бала). Ал эми 2019-жылы 6663 жол кырсыгы катталып, 760 адам (91и бала) көз жумган. (КЕ)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG