Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:34

Күйүүчү май: баа саясатындагы басым


Кыргызстан. (архивдик сүрөт)
Кыргызстан. (архивдик сүрөт)

Кыргызстанда күйүүчү май былтыркыга караганда 50 пайызга чейин кымбаттады. Аны менен кошо азык-түлүк жана күндөлүк керектөөчү товарлардын баасы өстү. Буга чейин күйүүчү майды жеңилдик менен берип келген Орусия сентябрда ага экспорттук төлөмдү кайра киргизди. Баа саясаты мунай өндүрүү кыскарганына байланыштуу экени айтылып, бирок андан башка саясий себептери да аталууда.

Алкынган баалар

Бишкекте 24-сентябрга карата Кыргызстандагы эң ири «Газпромнефт-Азия» компаниясынын май куюучу жайларында «Евро-5» үлгүсүндөгү бензиндин баасы 62,90 сом же 73 центтен сатылууда.

Дизелдин чекене баасы 51,90 сомго барабар. Өткөн жаздан баштап кымбаттаган күйүүчү майга быйыл сентярь айынан баштап Орусия экспорттук төлөмүн киргизди. Буга чейин Кыргызстандын күйүүчү май рыногунда бир гана Орусияга артыкчылык берилген.

Жогорку Кеңештин депутаты Эмил Токтошев Орусия күйүүчү майдын дүң баасын кескин көтөрүп, экономикалык биримдиктин шартын бузду деген пикирде.

Эмил Токтошев. Жогорку Кеңештин депутаты.
Эмил Токтошев. Жогорку Кеңештин депутаты.

"Ансыз да кымбаттап жаткан күйүүчү майга экспорттук пошлинаны киргизүүнүн жыйынтыгында баа көтөрүлүшү мүмкүн. Бул Орусия тараптын каалоосу. Биздин өкмөт Орусиянын өкмөтү менен сүйлөштү. Бирок ага тили өткөн жок. ЕАЭБ уюмуна кирип жатканда берилген жеңилдик шарты сакталбады. Ал шарт сакталбаганы үчүн Орусия бааны көтөрүп, каалаганын жасап жатат. Күйүүчү май бизге Орусиядан гана ташылат. Азербайжан, Иран, Түркмөнстан менен макулдашып, алардын базарлары менен да алака кылганда болмок. Жалгыз Орусиянын көзүн карап отуруп, ушуга келдик. Негизи чийки мунайды сырттан ташып келип, Кыргызстандын заводдорунда иштеп чыксак, ички керектөөнү жабууга болот эле. Бирок ага жасалма тоскоолдуктар болууда. Биз эркин рынокко чыкмайынча ушундай көз карандылык боло берет", - деди депутат Токтошев.

Учурда Кыргызстанда бензиндин Аи-92 жана Аи-95 маркаларынын баасы 57,5 – 62 сомду түзүп, Орусиядагы май куючу жайлардагы чекене баага салыштырмалуу 2-3 сомго кымбат сатылууда.

Күйүүчү май сырттан ташылса да, Орусиядагы чекене баага караганда кыйла арзан болчу. Орусия сентябрда күйүүчү майды экспорттук төлөм менен сата баштаганына байланыштуу бензиндин баасы кийинки айлардан тартып дагы көтөрүлөрүн буга чейин Кыргызстандын Нефтетрейдерлер биримдиги эскерткен.

Экспортерлордун баа саясаты

Күйүүчү май сатуучулар бирлигинин аткаруучу директору Канат Эшатов баанын өсүшүн дүйнөлүк тенденцияга байланыштырды.

"Мунайдын негизги экспортерлору болгон өлкөлөр бааны көтөрүштү. Былтыр жыл соңунда брент үлгүсүндөгү мунайдын бир баррелин 70 АКШ доллары өлчөмүндө көтөрүү эсеби менен бюджеттерин бекитишкен. Ал мезгилде анын баасы 50 доллардын тегерегинде болчу. Анан мунай өндүрүүнүн көлөмүн кыскартып, бааны көтөрө башташты. Биз азыр мунайды кайра иштетүүчү заводдор чыгарып жаткан баага ылайык прогноз жүргүзөбүз. Эртең рынокто кырдаал өзгөрүп, баа түшсө, анда башка прогноз болот. Ошондуктан биз күйүүчү-майлоочу майдын конкреттүү баасын көрбөй туруп, максималдуу же минималдуу баа тууралуу божомол кыла албайбыз".

Дүйнөлүк биржаларда брент деген аталыштагы эталондук үлгүдөгү мунайдын бир баррелинин баасы апта башында 76, 70 АКШ долларына чыкты. Бул пандемия бир аз басаңдаган шартта өндүрүш жанданып, дүйнөдө мунайга болгон керектөөнүн өсүшүнө байланыштуу экени белгиленди.

"Мунай - саясий басымдын куралы"

Бирок мунайдын эң кымбат эталондук үлгүсүнүн дүйнөлүк баасы 120-130 АКШ долларына чыккан учурда деле "Орусиядан ташылчу кадимки күйүүчү майдын дүң баасы мынчалык көтөрүлгөн эмес" дегендер бар. Анан калса мунай экспорттоочу башка өлкөлөрдө баа көтөрүлгөнү менен Орусиядагыдай кескин кымбаттоо байкалган эмес.

Депутат Сайдулла Нышанов мунун саясий себептерин да жокко чыгарбайт:

Сайдулла Нышанов. Жогорку Кеңештин депутаты.
Сайдулла Нышанов. Жогорку Кеңештин депутаты.

"Орусия күйүүчү майды бизге кымбатыраак баада берип жатат. "Бекитилген берилчү ченемден ашып кеттиңер" деген негизде экспорттук төлөмдү кайра киргизип салды. Негизги маселе ушул жакта. Биз менен кайсы бир маселе боюнча келише албай калганда эле же мигранттар маселесин, же болбосо күйүүчү май жеткирүү жагын тымызын көтөрүп чыгат. Анткени анын баасы кымбаттаса, бардык нерсе кымбаттайт экен. Аябай сезимтал маселе. Биздин жетекчилер аркылуу кандайдыр бир маселесин чечкиси келгенде дагы алар мына ушундай басым көрсөтүү усулун колдоно баштайт".

Буга чейин Кыргызстанда акциздик салыктын өлчөмү салыштырмалуу аз болуп, сырттан экспорттук төлөмсүз ташылган күйүүчү май Орусиядагы чекене баага салыштырмалуу Кыргызстанда арзан сатылып турган.

Депутат Сайдулла Нышанов өкмөттө социалдык маанилүү товар болгон күйүүчү майды кармоочу баа саясаты жоктугун сынга алды.

"Мен быйыл март айында эле "күйүүчү май баасы 60 сомго чыгышы мүмкүн, алдын ала запасын камдап, чара көрүү керек" деп эскерткем. Суроо-талап күчөгөн сайын баа көтөрүлөт. Ошого биз даярдык көрүп, бир катар иш-аракеттерди жасашыбыз зарыл болчу. Бирок өкмөт кулак салбай туруп алды. Өкмөт сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, үч айлык прогнозду билип турса болот эле. Азыр Казакстанда 1 литр бензин бизге караганда 15 сомго арзан. Бизде болсо бензин баасы эбегейсиз көтөрүлүп кетти. Негизи эле биздин экономиканын өнүгүп кеткенин жаныбыздагы кошуналар жактырбайт. Алар арзан күйүүчү майын бизге кымбат берип, чектөө коюп, башка бир өлкөлөргө жеңилдетилген баада берип келгени белгилүү", - деди Нышанов.

Салыштырма анализ

Монополияга каршы жөнгө салуу агенттиги Евразия экономикалык биримдигине кирген өлкөлөрдөгү күйүүчү майдын баасын салыштырды. Эң төмөнкү баа Казакстанда 34,5 сом же 44,5 цент болсо, эң кымбаты Арменияда 78 сом же 92 центке чыкты.

Монополияга каршы жөнгө салуу агенттигинин жетекчиси Кеңешбай Тайлаков өлкөдө күйүүчү май запасынын эсебинен жана баа саясатынын ийкедүүлүгүнөн улам рынокто кырдаал туруктуу экенин билдирди.

Кеңешбай Тайлаков. Монополияга каршы жөнгө салуу агенттигинин директору.
Кеңешбай Тайлаков. Монополияга каршы жөнгө салуу агенттигинин директору.

"Орусиянын өзүндө күйүүчү майдын дүң баасы жүз пайызга кымбаттады. Бизде дагы эски запастардын эсебинен баа кармалып турат. Болбосо азыр АИ-92 үлгүсүндөгү бензиндин баасы 57 сом эмес, 65 сомго көтөрүлүп кетмек. Азыр Кыргызстандагы баа Беларуска, Арменияга, Өзбекстан менен Тажикстанга караганда кыйла эле туруктуу. Ал жактагыдай таңкыстык жок. Казакстан мунайды өзү өндүрөт. Бирок ошондо дагы ички бааны сырткы экспорттун эсебинен төмөн чек менен кармап турат. Бирок чектөөнүн айынан дизелге болгон таңкыстык күчөп, Орусиядан жогору баада сатып ала баштады. Ошондуктан баа саясатына аяр мамиле керек. Эгерде бизде дагы ошондой чектөө болсо, бул жакка эч ким күйүүчү май ташыбай коюшу мүмкүн. Ал эми экспорттук пошлинасыз алгандын таасири литрине болгону 1,25 – 1,5 сомго гана арзан болушу мүмкүн. Азыркы учурда бекитилген ченем боюнча Орусиядан дагы 60 миң тоннадай күйүүчү майды экспорттук төлөмсүз алабыз. Аны алып бүткөн соң, өкмөт дагы сүйлөшүү жүргүзөт".

Учурда ЕАЭБ уюмуна кирген Беларуста бензиндин жогорку маркасы 70,38 тыйын же 83 центти түздү. Ал эми ЕАЭБге кирбеген Өзбекстанда өзүндө өндүрүлгөн күйүүчү май баасынын литри 61 сом же 73 центке, ал эми сырттан ташылганы 66 сомго же 79 центке чейин көтөрүлдү.

Бул тууралуу дүйнөлүк күйүүчү майдын күндөлүк бааларын ыкчам чагылдырган globalpetrolprices.com сайты жарыялады.

Тажикстандын күйүүчү май рыногундагы абал

Тажикстан дагы Орусиядан күйүүчү майды экспорттук төлөмсүз алганы менен андагы күйүүчү май 75-76 сомго же болбосо 87-90 центке чыкты.

Абдулло Ашуров. "Озоди" кызматынын экономикалык баяндамачысы.
Абдулло Ашуров. "Озоди" кызматынын экономикалык баяндамачысы.

"2014-жылдан бери Тажикстан менен Орусиянын ортосунда күйүүчү майды экспорттук төлөмсүз алуу боюнча макулдашуу бар. Ага ылайык, Тажикстан Орусиядан бензин, солярка жана авиакеросин түрүндө 1 млн. тонна күйүүчү май алууга квотасы бар. Бирок мына ошол квотага карабастан Тажикстанда анын баасы салыштырмалуу жогору болуп келген. Быйыл август айында дагы бир топ кымбаттады. Орусиянын өзүндө күйүүчү майдын баасы көтөрүлдү. Мунай кымбаттады. Анан калса Орусия күйүүчү майды Тажикстанга доллар менен сатат. Азыркы учурда мына ошол күйүүчү майды пошлинасыз алуу боюнча макулдашуу күчүндө. Керектөө боюнча индикативдик баланс макулдашылып, жыл сайын узартылып турат», - дейт "Озоди" тажик кызматынын экономикалык баяндамачысы Абдулло Ашуров.

Кыргызстандын күйүүчү майга болгон жылдык керектөөсү 1 млн. 300 миң тоннадан ашуун. Анын токсон пайыздан ашууну негизинен Орусиядан ташылат. Кыргызстанда Орусиянын «Газпромнефт-Азия» жана «Роснефт» сыяктуу компаниялары күйүүчү майдын негизги импортерлору катары бааны аныктап турат.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG