Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:25

БШК алгачкы депутаттыкка талапкерди каттады


БШК
БШК

Борбордук шайлоо комиссиясы Акылбек Сариевди №33 Нарын шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутаттыгына алгачкы талапкер катары расмий каттады. Сариев шайлоого өзүн өзү көрсөтүү жолу менен катышат.

20-сентябрга карата Боршайком билдиргендей, өзүн өзү көрсөткөндөр 30 болду.

Шайлоонун жыйынтыгында Жогорку Кеңештин 90 депутатынын 54ү Кыргызстан боюнча бирдиктүү округдан партиялык тизме менен, 36сы бир мандаттуу округдардан шайланып келиши керек.

Шайлоого бир мандаттуу округдан катышуу ниетин билдиргендерден арыздар 13-октябрга, ал эми катталуу үчүн документтер 18-октябрга чейин кабыл алынат. Бир талапкер бир округдан гана каттала алат.

Бирдиктүү округдан катышуу ниетин 75 партия билдирген, алардын канчасы каттоодон өтүп, шайлоого катышары азырынча анык боло элек. Парламенттик шайлоо 28-ноябрга белгиленген.

Соңку парламенттик шайлоо Кыргызстанда 2020-жылдын 4-октябрында өткөн. Шайлоо өтө ыплас өткөнүнө нааразылар эртеси күнү Бишкекте митингге чыгып, өлкөдө бийлик алмашкан. (КЕ)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG