Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Октябрь, 2021 дүйшөмбү, Бишкек убактысы 05:20

Бюрократиядан тажаган ишкерлерди Өзбекстан чакырууда


"Сонун" жашылча-жемишти кайра иштетүүчү заводунда. Бишкек. 22-сентябрь, 2021-жыл.

Кыргызстан менен Өзбекстандын ишкер аялдарынын форуму жергиликтүү ишкерлерге мамлекеттен колдоо жетишсиз экенин ачыктады. Кыргызстандык ишкерлер 30 миллион калкы бар коңшу өлкөнүн базарына кирүү оңой эмес экенин белгилешет.

Өзбекстандын базарын багындыруу оңой эмес

Өзбекстандан келген ишкер, жашылча-жемишти кайра иштетүүчү комбинаттын ээси Мамлакат Сидикова ишкер айымдардын бизнес-форумунун алкагында Кыргызстандагы бир катар ишканаларды кыдырып чыкты. Жашылча-жемишти кайра иштетүүчү "Сонун" заводунун ишин көрүп чыккан Мамлакат айым тажрыйба алмашууга мүмкүн болгон жаңы ыкмаларды көргөнүн айтты.

Мамлакат Сидикова. Өзбекстандык ишкер.
Мамлакат Сидикова. Өзбекстандык ишкер.

"Жаңы технологиялар аркылуу иштелип чыккан азыктар мен үчүн жаңылык болду. Тиешелүү стандарттардын негизинде жашылча-жемиштерди кайра иштетүүгө жаңылык киргизилиптир. Жаңы инновация жаратылыптыр. Азырынча мындай Өзбекстанда жок. Ошондуктан, биз ишкананын жетекчиси менен тажрыйба алмашуу боюнча сүйлөштүк. Буларда жок инновациялар бар, мисалы, тыттан, лимондон варенье жасайбыз. Алар ошого кызыгышты. Буйруса, биз кыргызстандык ишкерлер менен өнөктөш болуп, дүйнөлүк базарга чогуу чыгууну көздөп турабыз".

Жашылча-жемишти кайра иштетүүчү "Сонун" заводу Чүй облусундагы эң ири кластердик ишкана болуп эсептелет. Комбинат облустагы 350 фермердин жашылча-жемишин сатып алып, сактап жана кайра иштетүүгө багытталган. Завод быйыл эле Кыргыз-орус өнүктүрүү фондунан 3,9 миллион доллар насыя алды. Негизи, 2017-жылдан бери иштеп келе жаткан заводдун ишине 6,5 млн. доллар сарпталган. Ишкананын өнүмү азык-түлүк коопсуздугу боюнча эл аралык FSSC 22000, FDA стандарттарына ылайыкташкан. Завод күнүнө 30 тонна жашылча-жемишти кайра иштетип, консервалайт. Туруктуу 100 киши иштейт, күзгү сезон учурунда жумушчулардын саны 300дөн ашат.

"Сонун" жашылча-жемишти кайра иштетүүчү заводунда. Бишкек. 22-сентябрь, 2021-жыл.
"Сонун" жашылча-жемишти кайра иштетүүчү заводунда. Бишкек. 22-сентябрь, 2021-жыл.

Заводдун өндүргөн азыгы Казакстан, Орусиянын жана АКШнын базарларына сатылат. Ишкананын өндүрүш боюнча жетекчиси Кантемир Мавлянов Өзбекстандын базарына товар чыгаруу жеңил эмес экенин "Азаттыкка" айтып берди:

Кантемир Мавлянов.
Кантемир Мавлянов.

"Биздин жетекчилик аракет кылган. Бирок сиздер билесиздер, Кыргызстан Евразия экономикалык биримдигинин мүчөсү. Өзбекстан мүчө эмес. Ошондуктан, ушул жаатта бажы төлөмдөрү жана башка тоскоолдуктар бар. Ушундан улам биздин азыктарды Өзбекстандын базарларына киргизип, сатуу реалдуу эмес".

Өзбекстандын базарына накта, күн ширесине, мөңгү суусуна каныгып бышкан мөмө-жемиштерден даярдалган азыктарын сатууну Жалал-Абаддагы мөмө-жемишти кайра иштетүүчү "Гаден" заводу да максат кылган. Бир нече жыл мурун өндүргөн азыктарын Өзбекстандын коңшулаш жайгашкан аймактарындагы базарларына алып кирүүгө аракет кылган. Бирок өз баасынын кымбаттыгынан базар көтөрө алган жок дейт Жалал-Абад шаардык кеңешинин вице-спикери жана аймактагы "Глобал агро" ишканасынын негиздөөчүсү Бүниса Мамадалиева:

Бүниса Мамадалиева.
Бүниса Мамадалиева.

"Гаден" заводунун өндүргөн азыктарынын сапаты аймакта эң мыкты деп эсептелет. Алар Наманган шаарында, Анжиянда жана башка Өзбекстандын базарларына азыктарын алып кирип сатууга аракет кылышты. Бирок өз баасы сапатына жараша кымбатыраак болгондуктан, рынокко чыга албады. Атаандаштыкта дал ошол баасы жогору болгону үчүн утулуп калды. Өзбекстанда чынында арзанчылык. Сырье да, жумушчу күчү да арзан. Мындан тышкары ишкерликти мамлекет тарабынан колдоо да акыркы жылдары аябай күч алды".

Өзбекстанда ишкерлерге 5% үстөк менен насыя берилет

Форумга Өзбекстандан келген ишкер айымдарды кепке тарткан учурда алардын баары мамлекетине, президентине ишкерлик кылууга түзүп берген шарттары, жеңилдиктерине ыраазылык билдирип жатышты. Алардын бири - Анжиян шаарынан келген Гавхар Хасанова "Аль-Саида" окуу борбору жумушсуз кыз-келиндерди кесипке үйрөтүп, окутат:

Гавхар Хасанова. Өзбекстандык ишкер.
Гавхар Хасанова. Өзбекстандык ишкер.

"Кыз-келиндерди түрдүү кесипке окутуп же тил үйрөтүүбүз акысыз. Биз быйылкы жылы Анжиян облусундагы 6,5 миң келинди кесипке үйрөттүк. Муну мамлекет каржылады. Мындан тышкары биздин аймактагы көп балалуу, ишсиз отурган аялдарга банктардан 5 млн. сум үстөк пайызсыз насыя берилди. Алар өздөрү үйрөнүп чыккан кесиби менен иштеп, үй-бүлөсүн да каржылап, ошол эле учурда мамлекеттин да өнүгүшүнө чоң таасир этти. Жумушсуз аялдарды окутуп, кесипке үйрөтүү боюнча атайын бир тармак иштейт", - деди Хасанова.

Cool-Bros ишканасында. Бишкек. 22-сентябрь, 2021-жыл.
Cool-Bros ишканасында. Бишкек. 22-сентябрь, 2021-жыл.

Өзбекстандык ишкер айымдар Бишкектеги Cool-Bros компаниясынын фабрикасына да барышты. Бул фабрикада ички кийимдер жана жаш балдардын кийимдери тигилет. Ишкананын өлкө аймактарында бир нече фабрикасы бар. Компаниянын тиккен кийимдери негизинен Орусияга сатылат. Акыркы эки жылдан бери ишкана тиккен кийимдерин "ВСП+" макамынын алкагында Европа Биримдигинин базарына экспорттой баштады. Аталган ишканада 1500дөн ашуун адам иштейт. Быйыл ЮСАИД уюмунун каржылоосу менен 100 кийим тигүүчү машине алууга жетишкен.

Ишкананы көрүп чыккандан кийин Өзбекстандан келген ишкер аял Наргиза Болтабаева фабриканын жабдууларына суктанганын жашырбады:

Наргиза Болтабаева. Өзбекстандык ишкер.
Наргиза Болтабаева. Өзбекстандык ишкер.

"Негизи, фабрикалардын баары окшош эле иштешет. Бизде да ушундай жабдуулар бар, бирок өсүшүбүз керек экен деп өзүмө максат койдум. Булардын машине-станоктору мага аябай жакты. Буйруса өзүмдөгү жумушчу-тигүүчүлөрдүн санын 400 адамга жеткирем деп максат койдум. Бул текстилге буйруса дагы өзүмдүн технолог адистерим менен келип, чогуу тажрыйба алып кетебиз деген оюм бар".

Наргиза Болтабаеванын бир нече цехинде 150 адам иштейт экен. Ал акыркы жылдары бизнеске мамлекет тарабынан өтө жакшы көңүл бурулуп жатканын белгиледи.

"Тигүү тармагынан да кол жууп калабыз"

Кыргыз-өзбек ишкер аялдарынын бизнес-форуму буга чейин Өзбекстанда болгон. Ал жакка да кыргызстандык ишкер айымдар барып, ишканаларды кыдырып келишкен.

Алардын бири, туризм жаатында иш алып барган Ирода Капашева Кыргызстандагы туристтик компаниялар ассоциациясынын мүчөсү. Ишкерлик жолун тигүү тармагы менен баштаган Капашева Өзбекстанда союз мезгилинде курулган жип ийрүүчү, токуучу, тигүүчү жана башка фабрикалар сакталып калганын белгиледи:

"Өзбекстан менен Кыргызстанды жеңил өнөр жай тармагынан салыштырууга мүмкүн эмес. Аларда мурда иштеген завод-фабрикалардын баары сакталып калган. 90-жылдары биз Өзбекстандын чыттарын Орусияга сатып жүргөн учурда мен фабрикаларына көп кирдим. Ошол убакта эле эски жабдыктарын Италия, Франциядан алып келинген машине-станоктор менен алмаштырып жатышкан болчу. Бизде болсо ал кезде болгон завод-фабрикалардын баары таланып-тонолуп, ичиндеги станоктордун баары Кытайга металл болуп сатылып жаткан".

Cool-Bros фабрикасы. Бишкек. 22-сентябрь, 2021-жыл.
Cool-Bros фабрикасы. Бишкек. 22-сентябрь, 2021-жыл.

Ирода Капашева ошол деңгээлден жеңил өнөр жайды чакан цехтер аркылуу кайра өнүктүргөн кыргызстандык ишкерлерге баатырдык наам берсе жарашарын айтты. Ал Кытайдан, Түркиядан, Түштүк Кореядан жана башка жактардан жабдууларды, кездемелерди алып келип, кынаптап тургузулган тармак кайрадан кыйроонун алдында турганына өлкөдөгү саясий туруксуздук жана Кыргызстандын ЕАЭБге мүчө болуп кириши себеп болду деп эсептейт:

Ирода Капашева.
Ирода Капашева.

"Мына, "Дордой" базары отуруп калды. Буга чейин да базардагы ишкерлер бир нече жолу банкрот болушкан. Биринчи жолкусунда биздин негизги импортерубуз болгон Өзбекстан чек арасын жапкан учурда базар отуруп калган. Дүңүнөн товар алып жүргөндөр келе албай калышкан. Кийинки жолу Казакстан чек арасын жапкан учурда базардын иши жүрбөй калды. Үчүнчү жолкусунда Тажикстандын ишкерлери тигүү тармагын ээлеп алышты. Аларга биздин өзүбүздүн эле ишкерлер Ысык-Көлгө чейин ээрчитип барып, "Мадина" базарынан товарларды көрсөтүп, тармактын сырын бүт ачып беришкен. Натыйжада, Тажикстанга дүңүнөн товар алып кетип жүргөн соодагерлерди кайра эле тажикстандыктар тартып алышты. Былтыр пандемия таасир этти, жолдор жабылып, жүктөр кетпей калды. ЕАЭБге киргенден кийин чоң тоскоолдуктар жаралууда. Өнөктөштөрүбүз деген Казакстан менен Орусияга мурдагыдай товар киргизе албай калдык. Мындан түркиялык ишкерлер пайдаланып кетти. Алар "Дордойдогу" контейнер, дүкөндөрдүн баарын сатып алып, сапаттуу кездеме, фурнитураларын алып келип, кымбат баага коюп коюшту. Биздин ал жактан товар алып келип, сатып жүргөн ишкерлерибиздин жолу буулду".

Расмий маалыматтарга караганда, Кыргызстанда деле ишкерликке кыйла жеңилдик берилген. Алсак, 50дөн ашык иш ордун түзгөн ишкердин социалдык фондго төлөөчү салыгы 12% чейин төмөндөгөн. Мындан тышкары Кыргыз-орус өнүктүрүү фонду тарабынан берилип жаткан насыялардын үстөгү 4-6% тегерегинде. Муну белгилеген жергиликтүү өндүрүшчүлөрдү колдоо ассоциациясынын жетекчиси Бакыт Дегенбаев Кыргызстанда да өкмөт ишкерликке жакшы көңүл буруп жатканын белгиледи .

"Тигүү тармагы боюнча да акыбал өтө оор дегенден алысмын. Өзүм бир нече убакыт өкмөттө иштеп жүрүп баары эле жаман эмес экенине көзүм жетти. Кыргызстандын тигүүчүлөрү Казакстан менен Орусиядан тышкары Европа өлкөлөрүнө экспорт кыла башташты. Биздин ордубуз башка".

Кыргызстандык ишкерлер мамлекет тарабынан колдоо жетишсиз болуп жатканын көп белгилешет. Алар мамлекет үстөк пайызы төмөн насыя берип, салыктардын түрүн жана бюрократияны азайтып, Кыргызстанга иш ачууну көздөгөн инвесторлорго жеңилдик түзүп берүүсүн каалашат.

Ишкерлерди жүдөткөн бюрократия

Альтернативдүү электр энергиясын өнүктүрүүчү "Винд Систем" ишканасынын жетекчиси Кундус Кырбашева да бюрократия маселеси кендирди кесип жатканын айтты:

Кундус Кырбашева.
Кундус Кырбашева.

"Бизде иш ачуу оңой болгону менен, аны ишке ашыруу татаал. Мисалы, биздин тармак боюнча шамалдан энергия өндүрүү долбоорун ишке ашыруу үчүн улам бир министрликтен өзүнчө өтүүгө туура келди. Энергетика министрлиги менен маселебиз чечилсе, жер алуу үчүн Айыл чарба министрлигине кайрылышыбыз керек болду. Менин айтайын дегеним: альтернативдүү электр энергиясын өнүктүрүү үчүн кайсы министрлик, мекемелерге кайрылууга тийиш болсок, баарыбыз чогуу бир үстөлгө отуруп, сүйлөшсөк, ошол жерден эле чечилсе жакшы болмок. Үч жылдык убактыбыз жалаң бюрократиялык системада өттү. Ар бири жакшы иштеп жатышат, бирок өз-өзүнчө гана. Бири-бири менен байланышы жок. Ушул маселени чечүү керек".

Өзбек бийлиги бир нече жыл мурун Кундуз Кырбашева жетектеген Ecowind ишканасын альтернативдүү энергия алуучу долбоору менен чогуу Өзбекстанга келип иштөөнү сунуштаган.

Кыргызстан менен Өзбекстандын соода алакасы президент Шавкат Мирзиёев бийликке келгенден бери кыйла өскөнүн цифралардан көрүүгө болот.

Кыргызстандын Улуттук статистика комитетинин маалыматына ылайык, эки мамлекеттин соода жүгүртүүсү 2016-жылы 192 миллион долларды түзсө, 2020-жылы 341 миллион долларга жеткен. Мунун ичинен басымдуу бөлүгү - Өзбекстандын Кыргызстанга товар экспорту күч алган.

Акыркы 4-5 жылда Кыргызстандын Өзбекстанга экспорту 125 миллион доллардан 152 миллион долларга чыкса, Өзбекстандын Кыргызстанга экспорту 67 миллион доллардан 200-300 миллион долларга өскөн.

  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG