Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:03

Кыргыз-өзбек ишкер аялдары умтулган кызматташтык


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Бишкекте 21-сентябрда кыргыз-өзбек ишкер аялдарынын эл аралык бизнес форуму өттү. Ага Өзбекстандын Олий Мажлисинин төрайымы Танзила Нарбаева баштаган ишкер аялдар катышты.

"Кыргызстан – Өзбекстан ишкер аялдарынын диалогу - Жол картасынын жыйынтыгы катары" деп аталган жыйынды Борбор Азиядагы Аялдар лигасы уюштурду.

"Бул форум эки өлкөнүн ишкер айымдары өздөрүнүн тажрыйбалары менен бөлүшүүсүнө шарт түзүп берет. Мен өзүм энергетика тармагында эмгектенген бир айым менен тааныштым. Алар көбүнчө жеңил өнөр жай менен алектенип келишкен экен. Биздеги ГЭСтерди курууга, оор өнөр жайларда аялдар иш алып бара алып жатканын көрүп, суктанууларын айтып, кызматташууну сунушташты. Бул бизге чоң сыймык болду",-дейт аталган уюмдун өкүлү, ишкер Кундуз Кырбашева.

Бишкектеги бизнес-форумга Өзбекстандын түрдүү тармактарында иш алып барган ишкер айымдар келишти. Алардын бири Наргиза Болтабаева Анжиян шаарындагы менчик бала бакчалардын жана бир нече тигүү цехтердин ээси. Маектешибиздин айтуусунда, өзбек бийлиги ишкер аялдарга салык жана башка төлөмдөрдөн жеңилдиктер берген:

"Цехтеримде 150дөн ашуун кыз-келин иштейт. Бизге президентибиз ишкерлик кылганыбыз үчүн бир топ жеңилдиктерди түзүп берди. Бийликтин мындай колдоосу ишкер аялдар үчүн чоң күч. Мен менчик бала бакча иштеткендиктен, Кыргызстандагы менчик бала бакчаларды бир көрүп кетсем деген тилегим бар. Мындан тышкары бул жолу келишимдин максаты - Кыргызстандын базарларын кыдырып, цехтеримде тигилген кийим-кечектеримди сатууга мүмкүнчүлүктөрдү байкап көрмөкчүмүн".

Бизнес-форумга өзбек ишкер аялдарын Олий Мажлистин төрайымы Танзила Нарбаева баштап келди.

Кыргыз-өзбек ишкер аялдарынын бизнес-форумунан. Танзиля Нарбаева (солдо), Аида Касымалиева, Луиз Чемберлен.
Кыргыз-өзбек ишкер аялдарынын бизнес-форумунан. Танзиля Нарбаева (солдо), Аида Касымалиева, Луиз Чемберлен.

Иш-чаранын ачылышында сүйлөгөн сөзүндө Олий Мажлистин төрайымы Танзила Нарбаева аялдардын экономикадагы ордун таануу - Борбор Азия аймагын өнүктүрүүгө өбөлгө түзөт деп белгиледи.

Кыргызстан менен Өзбекстан элинин басымдуу бөлүгү миграция менен жан багат. Экөөндө тең жумушсуздук, өзгөчө кыз-келиндер экономикалык жана укуктук жактан коргоого муктаж. Аялдардын ишкерлигин өнүктүрүү - мамлекеттин экономикасын көтөрүү менен барабар. Муну белгилеген Жогорку Кеңештин вице-спикери Аида Касымалиева коңшулаш эки элдин аялдарынын карым-катышын өөрчүтүү зарылчылыгын айтты:

"Азыр аялдар экономикада чоң ролго ээ. Анткени, аялдын экономикалык көйгөйүн чечүү менен анын укугу жана үй-бүлөдөгү абалы жакшырат. Ошондуктан, биз эл аралык уюмдардын көмөгү менен Олий Мажилис менен чогуу ишкер аялдардын форумун өткөрөлү деп чечкенбиз. Бул кагаз бетинде кала берүүчү сөз эмес, жыйынтыгы да боло турган иш".

Форумдун катышуучусу, кыргызстандык Патилла Жусуева байыртан бир өрөөндү жердеп, базары да, мазары да бир болуп келген элдин ынтымагын бекемдөөдө да аялдардын ролу жогору экенин белгиледи.

Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

"Бүгүнкү күнү Фергана өрөөнүндөгү аялдар үйдө отуруп бала тарбиялоодон тышкары ишкерликти өнүктүрүп, өлкөнүн өнүгүүсүнө салым кошууда. Ошондуктан, бүгүнкү форум аялдардын гана эмес, өлкөлөрдүн - Кыргызстан менен Өзбекстандын гүлдөп өнүүгүсүнө салым кошуп жатат".

Жеңил өнөр жай тармагы - Кыргызстанда приоритеттүү деп саналганы менен акыркы жылдары Өзбекстанда бул тармак кыйла алдыга кеткени айтылууда. Буга тигүү өнөр жайынын негизги кыймылдаткычы болгон сырье - пахта өзүнөн чыкканы себеп экенин айрым эксперттер айтып жүрүшөт.

Ошол эле учурда Өзбекстандагы керектөөчүлөрдүн саны Кыргызстандагыдан 5-6 эсе көп экенин эске алган кээ бир ишкерлер, Кыргызстандагы долбоорлорду Өзбекстанда ишке ашырууга толук негиз бар деп эсептешет.

Форумду уюштуруучулардын бири, кыргызстандык ишкер, "Биз-Франчайз" ишканасынын жана "Өсүү академиясы" ( "Академия роста") билим борборунун жетекчиси Сайкал Асылбекова Өзбекстан менен импорт, экспорттон тышкары өнөктөш катары кызматташууга да болорун белгиледи.

"Менде эки тараптуу кызматташтык боюнча бир катар максаттар бар. Алардын бири франчайзинг системасын чогуу ишке ашыруу жана аны Борбор Азияда жайылтуу. Ошондой эле Өзбекстандан өнөктөш таап, билим берүү борборубуздун филиалдарын ачсак болот".

Кыргызстандын Улуттук статистика комитетинин маалыматына ылайык, Кыргызстан менен Өзбекстандын соода жүгүртүүсү 2016-жылы 192 миллион долларды түзсө, 2020-жылы 341 миллион долларга жеткен.

4-5 жылда Кыргызстандын Өзбекстанга экспорту 125 миллион доллардан 152 миллион долларга чыкса, Өзбекстандын Кыргызстанга экспорту 67 миллион доллардан 200-300 миллион долларга өскөн.

  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG