Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:26

Ооганстан: аялдар өз укуктарын коргоп чыгышты


Ооган аялдары. Кабул. 19-сентябрь, 2021-жыл.
Ооган аялдары. Кабул. 19-сентябрь, 2021-жыл.

БУУнун Баш катчысы Антонио Гутерриш “Талибан” кыймылынын бийлик үчүн ички күрөшү Ооганстандагы абалды оорлоштурганын билдирди жана ашынган топту адам укуктарын урматтоого чакырды. Өлкөнүн өзүндө аялдар кайрадан укуктарын коргоп чыгышты.

Башкы ассамблеянын жыйынын утурлай "Ассошейтед-пресс" агенттигине берген маегинде Гутерриш Улуттар уюмунун Ооганстанда “дарамети жана таасир этүү механизмдери чектелүү” болгонун, бирок согуштан жапа чеккен өлкөгө гуманитардык жардам берүүдө чечүүчү роль ойногонун белгиледи.

"Окуялар мындан ары кандай өнүгөрүн айта албайбыз. Бирок биз кийлигишпесек, окуялар терс багытта кетиши мүмкүн. Андыктан эл аралык коомчулук гуманитардык жардам берүүгө тийиш. Ооган эли абдан азап тартып келатат. Кырдаалдын кататрофага айланышын алдын алуу үчүн оогандарга тамак-аш, дары-дармек жагынан, башка колдоо көрсөтүш керек".

Антонио Гутерриш. Женева, 13-сентябрь 2021-жыл
Антонио Гутерриш. Женева, 13-сентябрь 2021-жыл

Гутерриштин айтымында, кыймылдын жетекчилигиндеги түрдүү топтордун бийлик талашы өлкөдөгү абалды, жардам берүү ишин ого бетер кыйындатып жатат.

Чет өлкөлүк аскерлер чыгарылып жаткан маалда, өткөн айда башкалаа Кабулду көзөмөлүнө алган “Талибан” (Кыргызстанда тыюу салынган) 7-сентябрда “убактылуу” өкмөтүнүн курамын жарыялаган. Ага БУУ жана АКШ “кара тизмеге” киргизген адамдар, талибдердин жалаң ашынган көз караштагы мүчөлөрү кирген.

Гутерриш ондогон жылдар бою Комшо Штаттар баш болгон мамлекеттер Ооганстандагы маселелерди чечүү үчүн триллиондогон доллар каражат сарптап, жүз миңдеген аскерин жибергенин эске салды.

Ооганстандык аялдар бекер нанды күтүп отурушат. Кабул. 16-сентябрь, 2021-жыл
Ооганстандык аялдар бекер нанды күтүп отурушат. Кабул. 16-сентябрь, 2021-жыл


Ал эми CNNдеги маегинде баш катчы гуманитардык жардам маселесинде уюмдун расмий адамдары “Талибан” менен сүйлөшүп жатканын айтып, “эл аралык коомчулуктун тилектештигине ээ болуш үчүн талибдерди кыздардын жана аялдардын иштөө, билим алууга болгон укуктарын камсыздоого, өлкөнүн террорчулар баш пааналаган жерге айланбашына жол бербөөгө" үндөдү.

“Талибан” жетектеген өкмөттү бир да өлкө тааныган эмес.

Америкалык расмий булактар Ооганстанда “Ислам мамлекети” же 26-августта Кабул аэропортунда болгон кандуу кол салуу үчүн жоопкерчиликти өзүнө алган “Ислам мамлекети-Хорасан” өңдүү эл аралык террордук топтор баш көтөрүшү мүмкүн деп эскертишүүдө.

Аялдар укуктарын урматтоону талап кылышты. Кабул. 19-сентябрь, 2021-жыл
Аялдар укуктарын урматтоону талап кылышты. Кабул. 19-сентябрь, 2021-жыл

Ал арада жекшембиде Кабулда аялдар тобу иштөө жана окуу укуктарын урматтоону кайрадан талап кылып чыгышты. Жергиликтүү маалымат каражаттары бөлүшкөн видеодо 20 чакты кыз-келиндин буга чейин Аялдар иштери боюнча министрлик жайгашкан имараттын алдына чогулганын көрүүгө болот. Айрымдары “аялдарды четте калтырган коом - өлүк коом” деген плакаттарды көтөрүп алышкан.

"Кыздарды мектепке жибербей, үйгө камап коюп, алардын укуктарын чектеп, ооган аялдарынын үнүн баса албайсыңар. Аялдар иштери министрлигин жаап салып, үнүбүздү баса албайсыңар. Ооган аялдары 26 жыл мурдагыдан айырмаланат", - дейт акция катышуучуларынын бири.

Талибдер жетектеген өкмөт кыздар менен аялдардын укуктарын кыйла чектеген бир нече декрет чыгарган.

Алсак, кыздар жана аял мугалимдер 18-сентябрда башталган окуу жылында орто мектептерге кайта алган жок. Башталгыч мектептерде кыздар менен эркек балдар мындан ары бир класста окуй албайт.

19-сентябрда Кабулдун мэринин милдетин аткаруучу шаар администрациясында иштеген аялдар үйлөрүндө отурууга тийиш экенин, эркектер алмаштыра албаган кызматкерлер гана жумушка чыга аларын жарыялады.

Өткөн аптада “Талибан” аялдар маселелери боюнча министрликти жаап салып, анын ордуна шарияттын аткарылышына көз салган мекемени түзгөн.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG