Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Сентябрь, 2021 жума, Бишкек убактысы 13:58

20 жыл мурдагы канабайрам: өзгөрүлгөн дүйнө


Канабайрамда жалын каптаган Дүйнөлүк соода борбору. 11-сентябрь 2001-жыл

Жанкечтилер төрт жүргүнчү учакты ээлеп алып, Нью-Йорктогу Дүйнөлүк соода борборунун эгиз мунарасына, Пентагон имаратына, Пенсильваниянын талаасында 2001-жылдын 11-сентябрдагы жардырууларынан 3 миң киши набыт болгон. Шумдуктуу террордук канабайрамдан кийин дүйнө өзгөрдү, бирок баары эмес.

2001-жылдын 11-сентябрындагы террордук чабуулдар үч миң адамдын өмүрүн алды, канабайрам эмне кылар айласын таппай турган дүйнөнүн көз алдында өттү. Учакты ээлеп алгандар жүргүнчүлөрү менен Нью-Йорктогу эгиз мунарага, Вашингтон четиндеги Пентагон деген ат менен белгилүү Коргоо министрлигинин имаратына, анан Пенсильвания талаасын бет алышкан. "Азаттык" Америкада жасалган эң ири канабайрам дүйнөнү кантип өзгөрткөнүн талдоого алат: аба майдандарында коопсуздук чараларынын күчөшүн, маалыматтарды жайылтуу усулунун татаалдашын, террор коркунучтары дагы эле жоголбой жатышын айтып, ага улай Ооганстандагы жагдайга токтолобуз.

«УРУШ БҮТТҮ»

«Ал-Каида» терррорчул тобунун 19 жанкечтиси 11-сентябрда төрт учакты басып алган. Жанкечтилер тобунун негиздөөчүсү Усама Бин Ладен ал кезде Ооганстандагы талибдер бийлигинен колдоо таап, ошол жерде турган. Талибдер бийликке 1996-жылы келишкен. Ал кезде Кабул бен Ладенди бербей койгон, Кошмо Штаттар уруш баштап, талиб өкмөтүн кулатып, ооган элине демократияны колдоого, бул өлкөдөн мындан ары террордук коркунучтар чыгышына жол бербешин убада кылышкан.

Дүйнөлүк соода уюмунун террорчулардын бутасына алынган эгиз мунарасы.
Дүйнөлүк соода уюмунун террорчулардын бутасына алынган эгиз мунарасы.

Арадан 20 жыл өткөндөн кийин, 2021-жылдын 30-августунда Кошмо Штаттар аскерлерин Ооганстандан толугу менен чыгарып кетти. Президент Жо Байден «Ооганстанда уруш бүттү» деп жамы дүйнөгө жарыя кылгандан аз өтпөй талибдер өлкөнү толук ээлеп алганга жетишти.

Би-Би-Синин маалыматына караганда, 2001-жылдан тарта талибдерге каршы урушта АКШ баштаган коалициянын 3500 аскери курман болгон, анын 2300ү америкалыктар. Дагы 20 660 аскер жараат алган.

Бирок бул сандар оогандык жөн-жай адамдар менен коопсуздук күчтөр арасындагы курмандыктар алдында шоона эшпей калат. Кызматын таштап өлкөдөн чыгып кеткен ооган президенти Ашраф Гани 2019-жылы беш жыл ичинде Ооганстандын 45 миң күч кызматкерлери курман болгонун билдирген.

Браун университетинин 2019-жылкы изилдөөсүндө 2001-жылдан тарта уруш маалында ооган аскерлери менен полицейлеринин курман болгондорунун саны 64 100 адамдан ашкан.

Урушка сарпталган каражаттардын санына келсек, АКШ Ооганстан менен ал жердеги согушка канча акча короткону белгисиз. Жакында Байден Ооганстандагы согушка 2 триллион доллар коротулганын билдирди. Кыязы, бул акча Браун университетинин башка бир изилдөөсүндө келтирилген маалыматтарга негизделген окшойт, анда урушка жумшалчу чыгымдарга деп бөлүнгөн акчанын үстөгү кошо эсептелген болуу керек, мунун ичинде согуш ардагерлерин багууга кетчү чыгымдар да болушу мүмкүн.

ТЕРРОР КОРКУНУЧУ

«Ал-Каида» 2001-жылга салыштырмалуу ушу тапта кыйла алсыз, дагы бир экстремисттик топ «Ислам мамлекети» (ИМ) — баштагы кубатынан тайып калган, бу жанкечтилер жаңы чыкканда 2014-жылы Сирия менен Ирактын кыйла жерин оңой эле басып алган.

Кошмо Штаттар кийин 11-сентябрдагы террордук чабуулга туш келгендегидей үлкөн канабайрамга кабылбады. New America аналитикалык борборунун маалыматында, 2001-жылдан тарта жихадчылардын кол салуусунан АКШнын ичинде 107 америкалык курман болгон, анын жарымы 2016-жылы Флорида штатынын Орландо шаарындагы Pulse түнкү клубуна кол салуунун курмандыктары, канабайрамды Ислам мамлекети жанкечтилер тобуна ант берген Омар Матин жасаган.

Орландадагы Pulse түнкү клубунда курман болгондорду адамдар колуна шам кармап эскерүүдө. 13-июнь, 2016-жыл
Орландадагы Pulse түнкү клубунда курман болгондорду адамдар колуна шам кармап эскерүүдө. 13-июнь, 2016-жыл

Европада террорчулардын курмандыктары саны арбын. 2015-жылы жанкечти-террорчулар менен ИМ жоочуларынын биргелешкен кол салууларынан Парижде 130 адам курман болгон. Европада Кошмо Штаттарга салыштырмалуу курал тууралуу мыйзам талаптары катаал, бул жерде сайып-кескилеп кеткен учурлар байма-бай катталат, жеке кол салуулар да көп.

2016-жылдан тарта жалгыз-жарымдап кол салуулар Европа менен Америкада кыйла азайганын Foreign Affairs журналындагы макаласында Дэниел Байман жазды. Анын ырасташынча, бул өзүн Ислам мамлекети деп атап алган террордук уюмдун күч-кубатынын кетишине байланыштуу.

Анткен менен башка жерлерде, айталы, Африкада, Жакынкы Чыгышта, ошондой эле Түштүк Азияда «жихадчылар тобу 11-сентябрдагыдан кыйла активдүү болушту» деп белгилейт журналист.

«Тактап айтканда, "Аль-Каида" Ооганстанда, Алжирде, Бангладеште, Мисирде (Египет), Индияда, Иранда, Ливияда, Малиде, Пакистанда, Сауд Арабияда, Сомалиде, Сирияда, Тунисте, Түркияда, Йеменде. [Ислам мамлекети] бул өлкөлөрдүн көбүндө бар, ошондой эле Камерун, Чад, Ирак, Мозамбик, Нигерия менен Орусияда бар. Аты аталган өлкөлөрдүн кыйласында жарандык уруш токтоло элек, кан майданда урушуп аткандардын кыйласы жихадчылар тобунан келгендер. Калабалуу кагылыштарда жүз миңдеген адамдар набыт болушту», - деп жазат Байман.

АМЕРИКАЛЫК МАМИЛЕ

Pew Research Center сурамжылоосу боюнча, 11-сентябрдагы теракттардан 20 жыл өткөндөн кийин террорчулукту олуттуу улуттук проблема катары караган америкалыктарын саны кескин азайган. Изилдөөнүн жыйынтыгы ушу тапта америкалыктарды жанкечтиликке караганда экономика, COVID-19 апааты менен расизм көбүрөөк ойлонторун көрсөткөн.

Изилдөөдө АКШ аскерлерин чыгарып, Ооганстанды талибдер басып алганга чейин, улуу адамдардын көбү (35 пайызы) олуттуу улуттук проблема деп эл аралык террорчулукка караганда ички террорчулукту эсептешкен.

Көпчүлүк саламаттык сактоо кызматынын жетимдүүлүгүн (56 пайыз), башкалары болсо федералдык бюджет таңкыстыгын (49 пайыз) өлкөнүн олуттуу проблемасы болуп калганын белгилешкен. USA Today менен Саффолк университетинин сурамжылоосу жооп бергендердин көбү 2001-жылкы террордук чабуулдарга караганда коронавирус апааты кыйла коркунучтуу экенин көрсөтүшкөн. Анткен менен, буга чейинки сурамжылоо жыйынтыктарынан кыйла көп адам, сурамжылоого катышкандардын 60 пайызы 11-сентябрь америкалыктардын турмушун таптакыр башкача өзгөрткөнүн ырасташкан.

АКЫЙКАТТЫК ИЗДӨӨ

«Ал-Каиданын» негиздөөчүсү Усама бин Ладендин АКШ деңиз жөө аскерлери тарабынан Пакистандын Абботабад шаарында жок кылынганынан бери 10 жыл өткөнүнө карабай, терррордук чабуулдарды уюштургандарга көмөк көрсөткөн, жардам кылгандардын бирөө да жазага тартылган жок, жалгыз бир адам — Закариас Муссауи — айыбын моюнуна алып, ушу тапта өмүр бою түрмөгө кесилген.

11-сентябрдагы теракттарды уюштуруучулардын бири катары шектелген Халид Шейх Мухаммеддин соту COVID-19 апаатынан улам буга чейинки бир нече ирет артка жылдыруулардан кийин кайрадан улантылганы туру.

Нью-Йорк. Эгиз мунарада шам жагылып, курмандыктар эскерилди. 10-сентябрь, 2021-жыл.
Нью-Йорк. Эгиз мунарада шам жагылып, курмандыктар эскерилди. 10-сентябрь, 2021-жыл.

АКШнын Юстиция министрлиги жакында Федералдык иликтөө бюросу террордук кол салууларды иликтөө бөлүгүн аягына чыкканын, ушу тапта мурда эле жашыруун документтерди изилдеп жатканын билдирди. 3-сентябрда Байден 11-сентябрга байланышкан айрым жашыруун документтерди ачыкка чыгаруу боюнча буйрукка кол койгон. Бул иштер курмандыктардын үй-бүлөсүнүн Сауд Арабиянын бийликтери учакты уурдагандарга жардам кылды беле суроосун билгиси келгенинен улам чыгууда.

Бул иш боюнча иштеген Федералдык иликтөө бюросунун мурдагы агенти Дэнни Гонсалес, CBS News телеканалына берген маегинде учак уурдоочулардын экөөнүн артында АКШнын колдоо тармагы турганына толук ишенерин билдирген. «19 учак ууру өздөрү эле 3 миң кишини келе калып өлтүрө алышпайт», - дейт Гонсалес иликтөө боюнча берген биринчи телемаегинде.

11-сентябрдагы теракт курмандыктарынын үй-бүлөлөрү Сауд Арабиясын сотко беришкен. Сауддар расмий бийлик тарабынан буга тиешеси жоктугун айтып келишет, 11-сентябрдагы теракттар боюнча комиссиянын отчетунда да бул өлкөнүн байланышы жоктугу ырасталган. 19 учак уурдагандарын 15 сауддар, жанкечтилер башчысы бен Ладен да ушул өлкөдөн.

ЖАҢЫЛЫКТАРДЫ КАНТИП АЛАБЫЗ?

2001-жылдын 11-сентябрында биринчи учак Дүйнөлүк соода борборуна сайылгандан кийин адамдардын аңдыганы телекөрсөтүү менен радио уктуруу болуп калды, баары чабуулдар тууралуу жаңылыктарды уккусу, көргүсү келишкен. Азыр жалпыга маалымдоо каражаттарынын ушул эки булагы экинчи планга жылдырылып калды, алардын ордун башка маалымдоо каражаттары менен платформалар ээлеген. Жаңылыктар азыр веб-сайттар, соцтармактар, чөнтөк телефон аркылуу чалуулар же текст аркылуу тез тарайт.

«Ал кезде социалдык тармактардын платформасы кенен-кесир жайыла элек болчу, андайда твит деген эмне экени кимдин капарына келсин, элдин көбүнүн ишенгени үйдөгү телефон кызматы эле», -деп жазышты Вашингтондогу Брукингс институнан Даррелл М. Уэст менен Никол Тернер Ли.

Мунун экинчи жагы кандай? Ушул эле авторлордун ырасташынча, жайнаган платформалардын катарында калптар, жалган жаңылыктар жүрөт.

«11-сентябрдагы террордук чабуулдар боюнча учурдагы социалдык тармактар стили кандай зыян алып келерин элестетип көргүлө. Окуя иликтенип тактала электе эмне болгону, ким күнөөлүү экени тууралуу толгон-токой божомол-жоромолдор жайнап чыкмак. Кийинки окуялардан улам толтура шектүүлөр чыгышы мүмкүн эле: чет элдик террорчулар, ички агенттер, саясий оппоненттер, иммигранттар же расалык, болбосо диний, этникалык азчылык аталмак».

АБА МАЙДАН КООПСУЗДУГУ

Курду, бут кийимди чечтирип, акча салчу намыянды, чөнтөктү, баштыкты аңтаруу— мунун баары 11-сентябрдан кийинки коопсуздук эрежелеринин жаңы нормасынын айныксыз бөлүгү болуп калды. Коркунучтуу курал катары пайдаланууга жарай турган, мисалы, кайчыны төрт коммерциялык рейске чыгып аткан жанкечтилер тыюу салынганына карабай текшерүүдөн алып өтүшкөн. 2001-жылдын декабрында Парижден Майамиге учкан Ричард Рид батинкесинин таманына каткан зат менен учакты жардыруу аракетинен кийин текшерип өткөрүү пункттарында бут кийимди чечтирип өткөрө башташты. Башка эрежелер айрым жүргүнчүлөрдү таң калтырышы мүмкүн, мисалы, суюктук алып өтүүгө чектөө, себеп дегенде айрым суюктуктардан бомба жасоого болот. Жаңы эрежелер өткөрүү пункттарында узун кезектерди пайда кылды, аба майданга учар мезгилден кыйла эрте келүү зарылдыгын чыгарды.

11-сентябрдан кийин учакты уурдоолордун саны АКШнын ичинде жана тышында аба майдандарындагы күчөтүлгөн коопсуздук чараларынан кийин жокко чыгарылды десек болот, антсе да адам өлүмүнө алып келген айрым окуялар болду. 2015-жылы орусиялык авиалайнер Мисирдин Шарм-эль-Шейх шаарынан учуп чыккандан кийин кулап түшкөн. Америкалык жана британиялык расмий өкүлдөр учактын кыйрашына ичиндеги бомбанын жарылуусу себеп болгон деген шегин айтып келатышат. Анткен менен бул кырсык сейрек кездешчү окуялардан.

Эскерүү

11-сентябрдагы каргашанын курмандыктары жыл сайын АКШнын өзүндө жана дүйнөдө эскерилип келет. Быйыл Нью-Йорктогу эскерүү иш-чарасына Кошмо Штаттардын азыркы президенти Жо Байден жана мурдагы президенттери катышты.

Нью-Йорк. 11-сентябрь, 2021-жыл.
Нью-Йорк. 11-сентябрь, 2021-жыл.

Кандуу калаба болгон жерге теракт курмандыктарынын жакындары, туугандары чогулушту. Алардын бир катары маркумдардын сүрөттөрүн көтөрүп турушту.

Тони Весоловски, РСЕ/РС казак кызматы

Кыргызчага Бекташ Шамшиев которду.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG