Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Сентябрь, 2021 ишемби, Бишкек убактысы 20:53

Талиб өкмөтүндөгү негизги фигуралар: Хаккани ИИМди башкарат


“Талибан” делегациясы Катардын борбору Доха шаарындагы ооган өкмөтү менен тынчтык сүйлөшүүлөрүнүн ачылышында. 12-сентябрь, 2020 -жыл.

Ооганстанды көзөмөлүнө алып, эл аралык коомчулук тарабынан таанылган мурдагы президент Ашраф Ганинин бийлиги кулагандан төрт аптадан кийин "Талибан" өз өкмөтүн түзүп, курамын жарыялады.

Жаңы режимдин маанилүү кызмат орундарын төмөнкү кишилер ээледи.

15-августта бүт дүйнө тааныган Кабул режими ишин токтотуп, эл аралык аскер күчтөрү Ооганстандан толук чыгып кеткенден бир нече күндөн кийин "Талибан" жаңы, теократиялык өкмөт түздү.

"Талибан" лидери, мунасага келишти билбеген дин кызматкери, мурдагы башкы сот Хайбатулла Ахунзада ​өлкөнүн эң жогорку өкүмдары болуп дайындалды. Мындан ары Ооганстандын саясий, диний, жана аскер иштери боюнча негизги чечим ошол киши тарабынан кабыл алынат.

Башкаруунун мындай түзүмү кошуна Иранда 1979-жылдан бери иштеп келатат.

1990-жылдардын башында жанкечтилер тобун түзүүчүлөрдүн бири Мухаммад Хасан Ахунд молдо 1996-жылдан 2001-жылга чейинки талибдердин бийлиги тушунда тышкы иштер министри, премьер-министрдин орунбасары кызматын аркалаган. Бул ирет ал өкмөт башчы болуп дайындалды, күндөлүк иштерге көзөмөл кылуу эми ага жүктөлөт.

Ахунддун биринчи орун басарына Абдул Гани Барадар молдо дайындалды, мурда Ахунзаданын үч орунбасарынын бири эле. Барадар "Талибан" кыймылын уюштургандардан.

Катардагы тынч сүйлөшүүлөргө катышкан "Талибан" кыймылынын жооптуу ишмерлеринин бири Мавлави Ханафи Ахунддун экинчи орунбасары болуп дайындалды.

Калган маанилүү кызматтарды эки орунбасар ээледи: "Талибан" кыймылынын рухий жолбашчысы маркум Мухаммад Омордын уулу Мухаммад Якуб молдо коргоо министри болуп дайындалды; талибдердин кубаттуу фракциясына кирген "Хаккани тармагынын" лидери Сираджуддин Хаккани ички иштер министринин милдетин аткарат.

Талибдердин таасирдүү саясий лидери, буга чейин башкы дипломатиялык өкүлдүн иштерин аткарып келген Шер Мухаммад Аббас Станекзай тышкы иштер министринин орунбасары болуп дайындалды.

"Талибан" өкмөтүнүн алдында дипломатиялык жана экономикалык каналдарды ачуу, ошол эле маалда чет өлкөлөрдүн таануусуна ээ болуу милдеттери турат. Булар бийликке келе электе Батыштын айрым өкүлдөрү талибдер менен "иштешүүгө" болорун айтып, бирок ооган өкмөтүн таануу маселесин козгошкон эмес.

Талибдердин өкмөтүнүн бардык мүчөлөрү "милдетин аткаруучу" катары дайындалышты.

Хасан Ахунд

Ахунд — талибдердин бийлик тепкичиндеги эң бийик орунду ээлеген адам. Ал 1990-жылдардын башында жанкечтилер тобун негиздегендердин бири, "Талибан" 1991 – 2001-жылдары бийликте турганда премьер-министрдин орунбасары болгон. Ошол эле мезгилде тышкы иштер министри, анан да провинциянын губернатору эле.

Ахунд талибдердин кичи мекени эсептелген Кандагардан чыккан, кыймылдын лидери маркум Мухаммад Омордын жакын адамдарынын бири катары таанымал.

Талибдердин көтөрүлүшү маалында Ахунд улук аскер башчысы болчу. Ал ошондой эле Пакистандын түштүк-батышындагы Кветта шаарында жайгашкан талибдердин башкаруу кеңешин, топтун жогорку бийлик органын жетектеген.

Ахунд 2001-жылдан бери Бириккен Улуттар Уюмунун террорчулар тизмесинде. Буга ал АКШ баштаган чет элдик аскер күчтөрү талибдердин бийлигин кулаткандан кийин киргизилген. Бириккен Улуттар Уюму аны "талибдердин уруш ыгын мыкты билген жетекчилеринин бири" катары мүнөздөгөн. Маалыматтарга караганда ал 1955-1958-жылдардын ортосунда төрөлгөн.

Ооганстандык көз карандысыз иликтөөчү-аналитик Ибрахим Бахисс буга чейинки Ахунддун иши менен кадыр-баркын эсепке алганда өкмөт башчысы болуп дайындалышы “күтүлгөн иш” эле деген пикирде.

Абдул Гани Барадар

Абдул Гани Барадарды талибдердин ардагери десе болот. 30 жылдык тарыхы бар ислам жанкечтилер тобунун көпчүлүк алдына ачык чыгып, чечендиги аркылуу да таанылган лидерлердин бири.

53 жаштагы Барадар Омор молдонун тушунда талибдердин кол башчысынын орунбасары болчу, 2010-жылы Пакистанда камакка алынганга чейин жанкечти топтордун аскердик операцияларын тескеп турган.

Абдул Гани Барадар молдо (алдындагы) оогандык жооптуу саясатчылар менен Москвадагы сүйлөшүүлөрдөн кийин, 2019-жылдын майы.
Абдул Гани Барадар молдо (алдындагы) оогандык жооптуу саясатчылар менен Москвадагы сүйлөшүүлөрдөн кийин, 2019-жылдын майы.

Барадарды кыймылдын чет элдик демөөрчүсү эсептелген Пакистан бийлигинин макулдугун албай "Талибан" башчылары менен ооган өкмөтүнүн ортосундагы сүйлөшүүлөрду уюштурууга көмөк көрсөткөнү үчүн пакистандык бийлик камакка алган.

Барадар Пакистандын түрмөсүндө сегиз жыл отурган. Ал жерге 2001-жылы Ооганстанды чет элдик аскерлер басып киргенден кийин "Талибандын" көпчүлүк башчылары баш калка издеп качып барган.

Анан ал 2018-жылы Кошмо Штаттардын өтүнүчү менен абактан бошотулган. Бул убакта жанкечтилер менен Вашингтон сүйлөшүүлөр жүргүзө баштаган эле. Барадар Катардагы талибдердин саясий офисинин башчысы, сүйлөшүүлөрдү жетектеп калган.

Барадар 2020-жылы АКШнын атайын өкүлү Залмай Халилзадо менен Дохада февралдагы келишимге кол коюу аземине катышкан, документке колун койгон.

"Барадар "Талибан" дипломатиясы менен жетекчилигиндеги таасирдүү адамдардын бири, — дейт Ооганстанды изилдөөгө арналган эмгектердин автору, Брюсселдеги International Crisis Group (ICG) аналитикалык борборунун эксперти Грэм Смит.

Анткен менен, эксперт "Талибандын" жалгыз лидерине гана басым жасоо туура эмес дейт.

"Талибан" жетекчилиги жамааттык жетекчиликке басым койгон кыймыл, башка бийлик вертикалына ык койгон түзүмдөрдөн булардын айырмасы ушул, — дейт Смит. — Алар жалаң жетекчилер арасында гана макулдашпастан, топтор арасындагы кеңешчилер менен да акылдашып турушат".

Барадардын жердиги түштүк Урузган провинциясынан, — пуштундун дуррани кланынын попалзай уруусунан. "Талибан" жетекчилигинде түштүктүк пуштундар басымдуулук кылат.

Ыраматылык Омор молдо менен жакын мамилеси ага Барадар деген кошумча атты алып берген, Барадар – "бурадар", "иним" дегенди билдирет.

Мухаммад Якуб

Якуб молдо атасы Омор молдонун набыт болгонун талибдер жарыя кылганга чейин эч кимге белгисиз болчу. Омор молдонун өлгөнүн 2015-жылы ырасташты, атасы болсо эки жыл илгери Пакистанда жок кылынган.

Атасы өлгөндөн кийин дымактуу Якуб талибдер арасынан тез эле суурулуп чыкты. Бийликти колуна топтоп өзүн атасынын мураскору деп жарыялоо аракетин жасады. Анысы ишке ашпай калгандан кийин өкүмзардын орунбасары, аскердик жетекчи болуп калды.

Бул сүрөт талибдердин лидери Мухаммад Омор молдонуку деп эсептешет.
Бул сүрөт талибдердин лидери Мухаммад Омор молдонуку деп эсептешет.

Аскердик тажрыйбасы жетишсиз, жашы 30дан ашып калган Якуб Ооганстандын түштүгү менен батышындагы 13 провинцияда аскердик операцияларга жетекчилик кылган деп айтылат. Пакистандагы бир нече исламдык семинарларды аяктаган.

Эксперттердин ырасташынча, Омор молдонун тун уулунун талибдердин талаа командирлери менен катардагы лашкерлер арасында баркы кыйла жогору.

"Омор молдо адамды өзүнө тартып турган өкүмзор болчу, көзү өтүп кетсе да анын кадыры талибдер арасында ушу кезге чейин жогору, анын үй-бүлөсүн, жакындарын колунан келишинче сыйлап, кадырлап турушат, алардын бир тобу кийинки кездери таасирдүү кызматтарга дайындалды", - дейт Кабулдагы көз карандысыз Afghanistan Analysts Network аналитикалык борборунун эксперти Обейд Али.

Сираджуддин Хаккани

Сираджуддин Хаккани — "Талибан" лидеринин орунбасары, өлкөнүн түндүгү менен чыгышындагы 21 провинцияда аскердик операцияларга жетекчилик кылган колбашчы.

Ал ошондой эле "Хаккани тармагынын" да башчысы болуп эсептелинет, "Талибандын" эң кубаттуу, ташбоор жанкечтилерден куралган фракциясы ушул. Тармак террордук уюм катары АКШнын кара тизмесине киргизилген.

Эксперттер уюм "Ал-Каида" менен тыгыз карым-катнашта турганын, анда Пакистандын аскерлери көптүгүн, Пакистан талибдерди жашырып, такай материалдык көмөк көрсөтүп келатканын айтышат.

Хакканинин тармагы Пакистандын түндүк-батышында кенен жайылган, анын жанкечтилери тынч адамдардын канын төккөн куралдуу кол салууларды уюштурганын, ооган жана чет элдик коопсуздук күчтөрүнө кол салган террорчул уюм катары айыпташат. Хакканичилер шаардагы эл көп чогулган жерде өзүн жардырып ийген жанкечтилер катары белгилүү.

Хакканинин башы үчүн АКШнын 10 миллион доллар сыйлык катары белгиленген, анын атасы ыраматылык Жалалуддин Хаккани да аёо билбес радикал ислам лидери болгон. Жалалуддин Хаккани 1980-жылдары Ооганстандагы советтик аскерлерге каршы согушкан талаа командири болчу.

Станекзай

Станекзай Катардагы талибдердин саясий кеңсесинде Барадардын орунбасары болуп иштеди.

Станекзай 1980-жылдары Индиядагы барктуу аскер окуу жайын аяктаган, кийинчерээк АКШ колдоого алган ислам партизандарына кошулуп, советтик аскерлердин Ооганстандагы он жылдык согушуна катышкан, советтик аскерлерге каршы уруштарга кирген.

Шер Мухаммад Аббас Станекзай Москвадагы сүйлөшүүлөрдөн кийин, 2019-жыл май.
Шер Мухаммад Аббас Станекзай Москвадагы сүйлөшүүлөрдөн кийин, 2019-жыл май.

1996-жылы талибдер Ооганстандын кыйла жерин төрт жылдык жарандык согуштан кийин басып алганда Станекзай тышкы иштер министринин орунбасары болуп дайындалган.

Англис тилинде эркин сүйлөгөн Станекзай "Талибандын" саясий канатынын таасирдүү жетекчилеринин бири, чет элдик дипломаттар менен маалымдоо каражаттарынын алдына чыгып кыймылдын саясатын жарыя кылчу өкүлү.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG