Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:33

Шайлоо-2021: Депутаттыкка талапкер болууну көздөгөндөрдөн 30 арыз түштү


БШК.
БШК.

Парламенттик шайлоого бир мандаттуу округдан катышуу ниетин билдирип арыз тапшыргандардын саны 24-сентябрга карата 30га жетти. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) басма сөз кызматы кабарлады.

Алар – Акылбек Сариев, Арсланбек Малиев, Атамша Дурсунов, Санжар Ибраимов, Анаш Сейтказиев, Нурлан Танабаев, Байыш Курманов, Айбек Алтынбеков, Актилек Нурланбеков, Абдижалил Насиров, Канат Исаев жана Бакыт Төлөгөнов, Айбек Алымжанов, Манас Шаимкулов, Баймурат Бекмуратов, Нурали Талипов , Тилек Усупов, Сабыралы Кебекбаев, Бактыбек Сыдыков, Акжолтой Тукунов, Абдыманап Абдыбахапов, Акылбек Арстанбеков, Аскар Абакиров, Медербек Саккараев, Ырысбек Атажанов, Юлия Лилиенталь, Жусупжан Жээнбеков, Каныбек Ганыев, Кубанычбек Карагулов жана Элкинбек Аширбаев. Арыз тапшыргандардын бардыгы өзүн өзү көрсөткөндөр.

Шайлоонун жыйынтыгында Жогорку Кеңештин 90 депутатынын 54ү Кыргызстан боюнча бирдиктүү округдан партиялык тизме, ал эми 36сы бир мандаттуу округдардан шайланып келиши керек.

Шайлоого бир мандаттуу округдан катышуу ниетин билдиргендерден арыздар 13-октябрга, ал эми катталуу үчүн документтер 18-октябрга чейин кабыл алынат. Бир талапкер бир округдан гана каттала алат.

Бирдиктүү округдан катышуу ниетин 75 партия билдирген, алардын канчасы каттоодон өтүп, шайлоого катышары азырынча анык эмес. Шайлоо 28-ноябрга белгиленген.

Соңку парламенттик шайлоо Кыргызстанда 2020-жылдын 4-октябрында өткөн. Шайлоо өтө ыплас өткөнүнө нааразылар эртеси күнү Бишкекте митингге чыгып, өлкөдө бийлик алмашкан. (КЕ)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG