Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 09:29

Аскер кызматкерлеринин айлыгы 40% көтөрүлдү


2021-жылдын 1-октябрынан тарта Ички иштер министрлигинин Ички аскерлеринин айлык маянасы 40% жогорулатылды. Буга байланыштуу токтомго Министрлер комитетинин төрагасы Улукбек Марипов кол койду.

Чечим социалдык кепилдиктерди камсыздоо, аскер кызматкерлерине кошумча стимул берүү максатында кабыл алынганын өкмөттүн басма сөз кызматы кабарлады.

Аскер кызматкерлеринин эмгек маянасы көтөрүлөрү тууралуу президент Садыр Жапаров август айында Ички иштер министрлигинин аскер кызматкерлеринин 80 жылдыгына арналган салтанаттуу иш-чарада айткан.

Кыргызстанда ушул жылдын экинчи кварталында жашоо минимуму 6332 сом деп эсептелип, өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 15,6% өстү. Бул тууралуу Улуттук статистика комитети билдирди.

Жашоо минимуму – адамдын күнүмдүк жашоо-тиричилигине жетиштүү азык-түлүк менен тейлөөнүн минималдуу наркын камтыган көрсөткүч. 2020-жылы ал 4900 сомду түзгөн.

Статкомдун 2020-жылга карата эсеби боюнча, ар бир төртүнчү кыргызстандык жакырчылыкта жашайт. (КЕ)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG