Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:10

Дүйшөмбүнүн адам укугуна мамилеси сынга кабылды


Брюссель. Эмомали Рахмон менен Шарль Мишель . 11 октября, 2021 ж.
Брюссель. Эмомали Рахмон менен Шарль Мишель . 11 октября, 2021 ж.

БУУнун жыйынында тажик бийлиги адам укугун одоно бузган учурлары үчүн кескин сынга алынды.

Human Rights Watch ооган окуялары тажик бийлигинин кемчиликтерин жашырууга шылтоо болбошу керектигин айтып, эл аралык коомчулукту расмий Дүйшөмбүнүн адам укугун бузуу учурларына көз жумбоого чакырды. Уюмдун билдирүүсүндө өлкөдө саясий куугунтук, репрессия күчөгөнү, адам укуктары басмырланып, бузулган учурлар боюнча айтылган. Тажик өкмөтүнүн өкүлдөрү сынга негиз жоктугун айтып, дооматты четке кагууда.

Тажикстан: улуттук отчетко берилген баалар

Үч саатка созулган онлайн-жыйында Тажикстандагы адам укугунун абалы боюнча БУУнун баяндамасы окулуп, тажик делегациясына бир катар суроолор берилип, ондогон өлкөлөрдөн жагдайды жакшыртуу боюнча сунуштар түштү.

Тажик өкмөтүнүн улуттук отчету БУУнун адам укугу кеңешинин көпчүлүк мүчөлөрү тарабынан сынга кабылды. БУУнун, Евробиримдиктин, АКШнын жана Австралиянын өкүлдөрү тажик бийлигин саясий куугунтукту, жасалма кармоолорду жана абактардагы кыйноолорду токтотууга чакырды.

«Биз бийлик тарабынан башкача ойлонгондорду куугунтуктап, аларга зомбулук көрсөтүү учурларына тынчсызданабыз. Биз бул аракеттердин максатын сын-пикирлерге жол бербөө деп эсептейбиз. Ошондой эле күч түзүмдөрүнүн кармалгандар менен соттолгондорду кыйнап, түзөтүү мекемелеринде аларды адам чыдагыс шарттарда кармаганы биздин тынчыбызды алат», - деди БУУнун адам укугу кеңешиндеги АКШнын өкүлү.

"Мунапыс жарыялоо- гумандуулуктун далили"

Эл аралык адам укугун коргоо уюмдары Тажикстанда түрмөдө отурган жүздөгөн адамды саясий туткун катары тааныган. Бирок тажик өкмөтүнүн өкүлдөрү саясий иштерди кайра кароо боюнча сунуштарга үн каткан жок.

Тажикстандын юстиция министри Музаффар Ашуриён соттолгондорго мунапыс жарыяланганын айтып, бирок алардын ким экенин тактаган эмес.

Тажикстан -- Музаффар Ашуриён, Тажикстандын юстиция министри , 10-июнь 2020-ж.
Тажикстан -- Музаффар Ашуриён, Тажикстандын юстиция министри , 10-июнь 2020-ж.

«Мунапыс боюнча абак жайларынан 40 миң 78 адам бошотулду. 45 миңден ашуун кишинин жаза чарасы жумшартылып, жаза мөөнөттөрү кыскарды. Эркинен ажыратылбай соттолгон 24 миң 587 адамдын соттуулугу алынды. Мына ушунун бардыгы биздин мамлекеттин кылмыш-жазык мыйзамдарынын гумандуулугун күбөлөндүрүп турат», - деди Тажикстандын юстиция министри.

Оппозицияны жок кылуунун сурагы

Тажикстан боюнча саясий туткундардын тизмесинде “террористтик” уюм деп таанылып, 2015-жылы тыюу салынган Тажикстандын оппозициялык Ислам кайра жаралуу партиясынын саясий кеңешинин толук курамы жана катардагы мүчөлөрү да бар.

Өмүр бою эркинен ажыратылган партиянын төрага орун басары, саясий туткун катары таанылган Махмадали Хаиттин жубайы Савриниссо Журабекова жети айдан бери күйөөсү менен жолугууга уруксат жоктугуна даттанып, анын ишин кайра кароо боюнча арыздар четке кагылып келгенин айтты:

«Өткөн алты жылдан бери анын ишинде эч кандай өзгөрүү болбоду. Азыр биздин биринчи кезекте жалгыз үмүтүбүз Кудайда калды. Эл аралык уюмдар тажик бийлигине таасир этсе экен дейбиз. Керек болсо, БУУнун атайын тобу ишти карап чыгып, менин күйөөмүдүн күнөөсү жок экенине ынанган. Бирок тажик бийлиги анын бардыгын эске алып, жөн эле тоготуп да койбоду. Ошондон кийин бардыгынан көңүл калды» - дейт саясий туткундун жубайы.

Тажик бийлиги жасалма далилдер менен кармоо, күнөөнү кыйнап моюнга алдыруу жана жалган айып тагып, куугунтуктоо сыяктуу дооматтардын бардыгын четке какты.

Анын бул позициясын Орусия баш болгон айрым өлкөлөр колдоду. Быйыл 23-сентябрда БУУнун сессиясында тажик президенти Эмомали Рахмон “Талибан” өкмөтү Ооганстанда адам укугун бузуп жатат" деп айыптаган.

БУУдагы Тажикстандын улуттук отчетун угуунун алдында Human Rights Watch эл аралык адам укугун коргоо уюму бул өлкөнүн өзүндөгү адам укугунун аянычтуу абалына көңүл бурду.

Анын баяндамасында саясий оппозицияны куугунтуктап, жалган айып менен камап, кыйноого алып, ырайымсыз мамиле жасаган учурлары катталган бир канча мисалдар келтирилген.

Ошондой эле анда жакында тажик лидерин француз президенти Эммануэль Макрон менен Европалык кеңештин төрагасы Шарль Мишель кабыл алып, Ооганстандагы кырдаалды талкуулап, бирок анын бийлиги адам укугун одоно бузган ырайымсыз учурлар тууралуу үн катпаганы сынга алынды.

"Тажик бийлигин санкциялар эсине келтирет"

Талкуунун жүрүшүндө БУУ жана ЕККУ баш болгон эл аралык уюмдар буга чейин тажик бийлигине адам укугун коргоонун абалын оңдоо боюнча сунуштарды бергени менен көпчүлүгү аткарылбай калганы айтылды.

«Тажикстандын өкмөтү эгерде эл аралык коомчулук талаптарды аткарбаганы үчүн конкреттүү санкцияларды киргизген учурда гана аларды кыйшаюусуз аткара баштайт. Алар экономикалык же жеке кызмат адамдарына карата санкцияларлар болушу мүмкүн. Мисалы, күч түзүмдөрү менен Башкы прокуратуранын жетекчилеринин адам укугун бузууга аралашканын далилдеп, аларды санкциялык тизмеге киргизсе болот. Соңку мезгилде дүйнөдө ушундай усулдар колдонулуп жатканын көрүүдөбүз. Тилекке каршы Евробиримдик менен АКШ Тажикстанга карата мына ушундай кылбай жатышат», - дейт Варшавдагы такжик активисти Мухаммоджан Кабиров.

Тажикстандын өкмөтү буга чейин адам укугун коргоонун абалы боюнча 2016-жылы БУУнун адам укугу боюнча кеңешинин алдында отчет берген. Анда тажик бийлигине адам укугун абалын жакшыртуу боюнча 71 өлкөдөн 203 сунуш берилген.

Беш жылдан соң Тажикстандагы адам укугун азыркы абалы жана мурдагы сунуштардын аткарылышы боюнча улуттук отчетун берип отурат. Талкууда мурдагы кемчиликтер жоюлбай эле, кайра жаңы көйгөйлөр чыкканы айтылып, тажик өкмөтүнө олуттуу эскертүү берилди.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG