Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Апрель, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 03:48

Ахмад Масуд Тажикстанга келип кетти


Талибдерге Каршылык көрсөтүү кыймылынын лидери Ахмад Масуд. 27-февраль, 2020-жыл. Кабул.
Талибдерге Каршылык көрсөтүү кыймылынын лидери Ахмад Масуд. 27-февраль, 2020-жыл. Кабул.

Талибдерге Каршылык көрсөтүү кыймылынын лидери Ахмад Масуд Дүйшөмбүгө келип кеткенин "Эркин Европа/Азаттык" радиосуна тажик өкмөтүнө жакын ишенимдүү булактар кабарлады. Алардын айтымында, Масуд "Талибан" кыймылы (Кыргызстанда ишмердигине тыюу салынган) менен боло турган тынчтык сүйлөшүүлөргө келген. Бирок Тажикстан жана Пакистандын ортомчулугу менен өтчү жолугушууда талибдер көрүнгөн эмес.

Сентябрь айынын орто ченинде Дүйшөмбүдө Тажикстан менен Пакистандын лидерлеринин жолугушуусу өтүп, анда Ооганстандагы кырдаал талкууланган. Эмомали Рахмон менен Имран Хан кошуна мамлекетте туруктуулук орнотууга жардам берүү максатында "Талибан" менен Каршылык көрсөтүү кыймылына ортомчу болууну макулдашкан. Аталган кыймыл негизинен этникалык тажиктерден куралган.

17-сентябрда Рахмон Тажикстан Ооганстандагы айыгышкан эки тараптын ортосунда тынчтык сүйлөшүүлөрүн өткөрүп берүүгө даяр экенин жарыялаган.

Рахмон Пакистандын өкмөт башчысы Имран Хан менен биргелешип өткөргөн маалымат жыйында "Биз талибдер менен Ооганстандагы этникалык тажиктердин ортосундагы сүйлөшүүлөргө ортомчу болууну макулдаштык" деп билдирген.

Исламабадга кайткандан кийин Хан Рахмондун сөзүн жеткирүү үчүн талибдер менен байланышканын айткан.

"Дүйшөмбүдө Рахмон менен узакка созулган жолугушуудан кийин мен талибдер менен сүйлөшүп, тажиктер, хазарлар жана өзбектер кирген өкмөт түзүү тууралуу диалог жүргүзө баштадым", -деп жазган Хан 18-сентябрда Твиттердеги баракчасына.

Пакистандын өкмөт башчысы Имран Хан жана Тажикстандын лидери Эмомали Рахмон. Дүйшөмбү, 17-сентябрь.
Пакистандын өкмөт башчысы Имран Хан жана Тажикстандын лидери Эмомали Рахмон. Дүйшөмбү, 17-сентябрь.

Ошондон кийин эле Масуд Тажикстанга келгенин "Азаттыктын" ишенимдүү булактары 6-октябрда кабарлашты. Алардын айтымында, Масуд "Тажикстанга болгону бир жарым күнгө келген" жана "Талибандын" өкүлдөрү Дүйшөмбүгө келбей турганы маалым болгондо "Ооганстанга кайткан".

Маалыматка караганда, Пакистандын бийлиги талибдер Масудга жолугуу үчүн Тажикстанга барарына кепилдик беришкен. Бирок ал ишке ашпай, "Талибандын" өкүлдөрү Дүйшөмбүгө барышкан эмес.

6-октябрда "Талибандын" расмий өкүлү Забиулла Мужахид "Азаттык" радиосуна билдиргендей алар "бул тууралуу эч кандай маалымат алышкан" эмес.

Масуддун өкүлү "Азаттыктын" кайрылуусуна жооп берген жок. Бирок Масуд буга чейин талибдер менен тынчтык сүйлөшүүлөргө даяр экенин кайталап келген.

Эмомали Рахмон буга чейин Ооганстандагы "этникалык тажиктер менен башка улуттук азчылыктарды" коргоону жана алардын катышуусунда "инклюзивдүү өкмөт түзүүнү" талибдерден талап кылып келген.

Панжшер өрөөнүнөн чыккан аскер кол башчысы маркум Шах Масуддун уулу Ахмад Масуд Ооганстандагы Каршылык көрсөтүү кыймылын талибдер Кабулду 15-августта басып алгандан кийин жарыялаган.

Каршылык көрсөтүү кыймылы менен талибдердин Панжшердеги айыгышкан салгылашуусунан жүздөгөн адам каза болду. "Талибан" кыймыл кыйраганын билдирип келет. Бирок Масуддун тарапташтары каршылык көрсөтүүнү улантып жатышканын айтышууда.

Тажикстан талибдер менен жолугушууга өзүнүн расмий өкүлдөрүн жөнөтө элек Борбор Азиядагы жалгыз мамлекет.

Тажикстандын президенти Рахмон Ооганстандын азыркы өкмөтүн таануудан баш тартып келет.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG