Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:49

"Талибан" тажик жоочуларын курал менен камсыздады


"Талибан" кыймылынын мүчөсү. Кабул, 5-октябрь, 2021-жыл.
"Талибан" кыймылынын мүчөсү. Кабул, 5-октябрь, 2021-жыл.

"Талибан" кыймылы (Кыргызстанда тыюу салынган уюм) Тажикстан менен Ооганстандын чек арасындагы жоочуларды соңку эки жумада жаңы аскердик техника, курал-жабдык менен камсыздады.

Бул тууралуу Тажикстандын коопсуздук күчтөрүндөгү булактар "Эркин Европа/Азаттык" радиосуна билдиришти. Талибдер Ооганстан менен Кытай чек арасындагы уйгур жоочуларды башка аймакка көчүрүшкөнү маалым болду.

Тажикстандын Чек ара кызматынын атын атагысы келбеген өкүлү "Азаттык" радиосуна билдиргендей, Ооганстандын түндүгүндөгү Бадахшан провинциясындагы "тажик жоочулары америкалык курал-жарак көтөрүп жүрүшкөнү" байкалган.

Бул сөздөрдү Бадахшандагы мурдагы ооган аскери да ырастады. Жаңы курал-жаракты "Талибан" Ооганстанды басып алган маалда мурдагы армиядан тартып алышы мүмкүн экени айтылууда.

Тажик жана ооган булактары билдиргендей, ушу тапта чек ара тилкесине жакын 200дөй жоочу отурукташкан. Учурда тажик бийлиги менен "Талибандын" ортосунда чыңалуу курчуп турат.

Буга чейин расмий Дүйшөмбү талибдерди бир нече ирет өлкөдөгү бардык этностук топтордун мүчөлөрү кошулган инклюзивдүү өкмөт түзүүгө чакырган.

Өз кезегинде талибдер Тажикстанга Ооганстандын ички ишине кийлигишпөөнү эскертишкен. Тажикстан менен чектеш Бадахшан жана Тахар провинцияларына миңдеген жоочуларын "ыктымал коркунучтарга" каршы жайгаштырганын билдирген.

Ал эми Дүйшөмбү Ооганстан менен чектеш аймактарга 20 миңдей аскерин жайгаштырууну пландап жатканын жарыялаган.

Кеп "Ансоруллах" тобунун (Кыргызстанда тыюу салынган) согушкерлери тууралуу болуп жатат. Бул кыймылды Тажикстандын жарандары он жыл мурда Дүйшөмбүдөгү бийликти кулатуу максатында түзүшкөн. Аталган топтун ишмердигине Тажикстанда тыюу салынган. "Талибан" кыймылы Бадахшан провинциясындагы беш уездди "Ансоруллах" тобунун көзөмөлүнө өткөрүп бергени июль айында маалым болгон.

Уйгур согушкерлери көчүрүлдү

Ал арада Тажикстандагы жана Ооганстандагы эки булак «Азаттык» радиосуна 4-октябрда билдиргендей, талибдер Кытай менен 76 чакырымдай чек арасы бар Бадахшандагы этникалык уйгурлардан турган жоочулар тобун башка провинцияларга көчүрүштү.

«Ал-Каида» менен байланышы бар "Түркстан ислам кыймылын" Бээжин жана Улуттар Уюму террордук уюм деп тааныган. Июль айында Кытайга жасаган сапары маалында "Талибандын" жогорку даражалуу делегациясы "ооган жерин Кытайга каршы колдонууга эч кимге мүмкүнчүлүк бербестигин" билдирген. Бээжин Кабулдагы талибдердин өкмөтү менен алака-катыш түзүүгө даяр экенин айтып, өлкөгө жардам берүүнү убада кылган.

Сентябрдын башында талибдер уйгур согушкерлери Ооганстандан чыгып кеткенин айтышкан эле. Алардын башка провинцияларга көчүрүлгөнү тууралуу соңку маалыматтар "Талибан" кыймылынын буга чейинки айткандарына каршы келет.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG