Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:57

"Талибанды" тааныткысы келген Кытай


Кытайдын "Талибанга" гуманитардык жардам көрсөткөн учуру. Кабул, 15-сентябрь, 2021-жыл.
Кытайдын "Талибанга" гуманитардык жардам көрсөткөн учуру. Кабул, 15-сентябрь, 2021-жыл.

Бээжин Ооганстандагы жаңы “Талибан" өкмөтүнө колдоо көрсөтүүнү камсыздоого үндөдү.

Анын бул чакырыгы чекесинен жыйынтык бере баштаганы айтылды. Ошондой эле, Кытай Ооганстанды обочолонуудан коргоп, талибдердин режимине эл аралык саясий колдоо маселесин көтөрдү.

23-сентябрда Кытайдын тышкы иштер министри Ван И "Чоң жыйырмалыкка" кирген мамлекеттердин башкы дипломаттарынын сүйлөшүүсүндө Ооганстандын чет өлкөлөрдөгү бөгөт коюлган банк эсептерин ачууга чакырды. Ошондой эле, ал Ооганстанда бийликке келген "Талибанга" (Кыргызстанда жана башка өлкөлөрдө тыюу салынган) "саясий басым жасоону" токтотуу маселесин көтөрдү.

Кытайдын тышкы иштер министри Ван И.
Кытайдын тышкы иштер министри Ван И.

"Ооганстанга карата экономикалык санкцияларды киргизүү аягына чыгышы зарыл. Ооганстанга ар түрдүү жана бир жактуу тартипте киргизилген санкциялар менен ар кандай чектөөлөр мүмкүн болушунча жокко чыгарылууга тийиш", - деди Кытайдын башкы дипломаты Ван И.

Бээжин "Талибанга" карата экономикалык жана саясий басым көрсөтүүнү чектөө боюнча эл аралык демилгесин улантары айтылды. Бул маселе Ван И 28-сентябрда Европа Биримдигинин тышкы саясат боюнча жогорку комиссары Жозеп Боррел менен жолугушуусунда дагы талкууланган.

АКШ баштаган эл аралык коалициялык күчтөр Ооганстандан аскерлерин чыгарып жаткан маалда Кабулдагы бийликти басып алган "Талибанды" бир дагы мамлекет расмий тааный элек. Ошондон бери талибдер катаал тартиптин жактоочуларынан турган убактылуу өкмөт түздү. Анын башка террористтик уюмдар менен байланышын, аялдарга, кыздарга жана улуттук-диний азчылыктардын өкүлдөрүнө карата мамилесин эл аралык коомчулук сындап чыккан.

"Талибанды" колдогон Бээжин

Ал эми Бээжин өзүн "Талибандын" жаңы башкаруусунун прагматик тарапкери катары көргөздү. Кытай бул кыймыл менен көптөн бери мамиле түзүп, коопсуздук жана эл аралык терроризм маселесине өзгөчө көңүл бурулган. Талибдер бийликти басып алган соң Бээжин Ооганстандын экономикасына инвестиция салууну жана гуманитардык жардам жөнөтүүнү убада кылган. "Талибандын" расмий өкүлү Забиулла Мужахид Кытай жаңы ооган өкмөтүнүн жакын өнөктөшү экенин айтып, анын өлкөнүн экономикасын калыбына келтирүү ниетин белгилеген.

Ал эми Бээжин жакындан бери "Талибан" менен кызматташуу үчүн башка өлкөлөрдүн өкмөттөрүнө таасир эте баштаганы айтылды. Анын бул стратегиясы өз жемишин бере баштады. Кыргызстан Кабулга гуманитардык жардам жөнөтүп, атайын делегациясын жиберген Борбор Азиядагы алгачкы өлкө болуп калды. Коопсуздук кеңешинин төрагасынын орун басары Таалатбек Масадыков "Талибандын" жогорку даражалуу кызмат адамдары менен сүйлөшүүлөрдү жүргүздү.

Буга удаа эле Казакстандын Кабулдагы элчиси "Талибан" өкмөтүндө тышкы иштер министринин милдетин аткаруучу Амир Хан Муттаки менен жолукту. Анда эки тараптуу кызматташуу маселеси талкууланган. Жакында Дүйшөмбүдө ШКУнун саммитине видео байланыш менен катышкан Кытайдын төрагасы Си Цзиньпин өнөктөш өлкөлөрдү Ооганстанга токтоосуз көмөк көрсөтүүгө чакырган:

"ШКУнун жана ЖККУнун мүчөлөрүнүн бардыгы Ооганстандын кошуналары. Бул жалпы кызыкчылыктагы жана жалпы коопсуздук тутумундагы коомдоштук. Мындай кыйын учурда өз ара сүйлөшүп алып, биргелешкен аракеттер менен тынчтыкты жана туруктуулукту сактоо керек. Мен бул сунуштар биздин чөлкөмдөгү кадимки жамааттык коопсуздуктун максатына жетүүсүнө көмөктөшөрүнө үмүттөнөм", — деп сүйлөгөн Кытайдын төрагасы Си Цзиньпин.

Москванын оомо саясаты

Кытайдын жетекчисин улай Орусиянын президенти Владимир Путин ооган маселеси боюнча өз ара кызматташып, иш алып барууну сунуштады. Путин 20 жылдан берки жоочулдугун жокко чыгарып, "Талибанды" бийликке кан төгүүсүз келди деп баалап, аны менен кызматташуу жолун атады.

"Чындыгында бийликтин алмашуусу иш жүзүндө кансыз болуп өттү. Бул жагымдуу учур. Талибдер азыр Ооганстандын бардык аймагына көзөмөл орнотту. Жаңы ооган бийлигинин тынчтыкты орнотуу, коомдук тартип менен коопсуздукту камсыздоо боюнча берген убадаларын аткарууга стимул берсек жакшы болор эле",- деди Путин.

Президент Владимир Путин "Талибанды" таануу үчүн позицияларды такташып, өз ара макулдашуу зарылдыгын айтты. Орусиялык "Новости" маалымат агенттиги ишенимдүү булагына таянып, Кремл талибдердин делегациясынын Москвага сапарын даярдоо боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатканын кабарлады.

Пакистан да ушундай көз карашты карманып, башка өлкөлөрдү талибдер менен кызматташууга чакырган. Ташкент да Ооганстандын эл аралык изоляцияда калбоосун жактай турганын айткан.

Талибдерге каршылыктын толкуну

Борбор Азияда Ооганстан менен чектешкен жалгыз Тажикстан "Талибандын" өкмөтүн тааныбай турганын жарыялаган. Дүйшөмбү кулаган өкмөттүн мүчөлөрүн кабыл алып, талибдерден качкан оогандыктарга башпаанек берди. Муну "Талибан" тажик бийлигинин Ооганстандын ички ишине кийлигишүү деп сындады.

Учурда Батыш талибдерге каршы маанайда. Эл аралык валюта кору 440 млн. доллар жардамын токтоткон. АКШ Ооганстандын Борбордук банкынын 9,5 млрд. доллар резервин тоңдуруп, аны пайдаланууга жол бербей турат.

Бул жагдай Ооганстанда экономикалык абал начарлап, гуманитардык капсалаң күтүлгөн учурга туура келди.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG