Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:15

Талибдерден жашынган ооган өзбектери


Кабулдагы балдар. 17-сентябрь, 2021-жыл.
Кабулдагы балдар. 17-сентябрь, 2021-жыл.

Талибдер бийликти басып алгандан кийин Ооганстандагы интеллигенциянын өкүлдөрү, журналисттер, аялдар оор абалда күн кечирип жатат. Өлкөнүн түндүгүндө жашаган өзбектер менен этникалык азчылыкты түзгөн калктардын тагдыры оор абалда экенин улутташтарына жардам берүүнү көздөгөн өзбек активисттери айтып чыкты.

Саясий аналитик Анвар Назир менен Британияда жашаган өзбекстандык журналист Шахида Якуб колунда экиден-үчтөн ымыркайы бар ондогон үй-бүлөлөр аман калыштын аргасын издеп Мазари-Шариф жана Ооганстандын ири шаарларындагы жертөлөлөрдө баш калкалап күн өткөрүп жатканын жарыя кылды.

Активисттердин айтуусунда, “Талибан” кыймылынын (бир топ өлкөлөрдө тыюу салынган террордук уюм) жоочуларынын жазасынан коркуп качып жүргөн бул үй-бүлөлөргө жардам берүү тууралуу расмий Ташкентке жолдогон кайрылуулар жоопсуз калууда. Батыш өлкөлөрүнүн өкмөттөрү менен эл аралык уюмдарга жолдонгон каттарга берилчү жоопторду күтүү бери дегенде бир айдан ашуун убакытты алат.

Талибдерден корккон оогандыктарды сактап калуу аракети

Кабулдагы бийликти тартып алгандан кийинки талибдердин катаал тартибинен чочулап, аман калуунун аргасын издеп жаткан оогандык миңдеген интеллигенция өкүлдөрүнө, журналисттерге, окумуштууларга, аялдарга жардамдашкысы келген өзбек активисттери эл аралык коомчулукка кайрылды.

Саясий аналитик Анвар Назир Ташкентте турган кезинде бир нече ооган үй-бүлөлөрүнө Өзбекстанга же Батыш өлкөлөрүнө өтүүгө жардам кылган. Анын айтуусунда, ушу тапта жалгыз Мазари-Шарифте талибдерден жашынып качып-тозуп жүргөн жүздөн ашуун кожолук бар.

Назир жардам сурап кайрылган ооган үй-бүлөлөрүнүн колунда экиден-үчтөн ымыркайы, наристелери бар экенин айтты.

"Негизинен алар Ооганстандын түндүгүндө иштеген интеллигенция өкүлдөрүнүн үй-бүлөлөрү. Баарынын болбоду дегенде үчтөн, көбүнүн төрттөн баласы бар. Айрымдары ымыркайын көтөрүп алышкан. Талибдердин колуна түшүп калуудан коркуп, алар бир турган жеринде эки күндөн ашуун турушпайт. Жанындагы азыноолок акчасы түгөнүп, кайдан каражат табар экемин деп көзү чачырап турушкан чагы. Биз эл аралык уюмдарга ушу адамдарга жардам кылып койгула деп кайрылдык. Бирок документтерди даярдоо кыйла убакытты алууда",–деп билдирди Анвар Назир "Озодлик" радиосуна берген маегинде.

Анын айтымында, ооган интеллигенциясынын өкүлдөрү кыска убакыттын ичинде Кабулду басып алган “Талибан” кыймылына ишенбейт.

Башында талибдер мурдагы өкмөт же батыш өлкөлөрү менен кызматташкан оогандыктарды кысымга алып, куугунтуктабастыгын билдиришкен. Иш жүзүндө Ооганстандын айрым жерлеринде талибдер андай адамдарды иликтеп-изилдей баштагандыгы тууралуу маалыматтар келе баштады.

"Мисалы, бизге мурда теледе иштеген өзбек журналистти үйүнөн кармап кетишкени жөнүндө маалымат түштү. Анын үй-бүлөсү тагдыры кандай болот деп камтама болууда. Ошондой эле талибдер Навои таануучу илимпоздун 11 жашар кызын алып кетишкени маалымдалды. Баарынан жаманы - ал адамдардын эмне болгону, кийинки тагдыры белгисиз калганы. Ооганстандан мындай үй-бүлөлөрдү тез арада алып чыгып кете турган өлкөлөр Өзбекстан менен Тажикстан эле. Бирок өзбек бийлиги эч кандай көмөк кылбайт. Ушу тапта Өзбекстанда буга чейин өзбек визасын алган гана оогандыктар бар. Өзбекстандын Мазари-Шарифтеги консулдугу виза берүүнү толугу менен токтоткон. Ошондуктан биз тажик тарап менен гана иштешип жатабыз",- деп айтты Анвар Назир "Озодлик" радиосуна берген маегинде.

Ал ооган интеллигенциясын сактоо аракетин өзү жана бир нече активисттер жасап жатышканын кошумчалады.

Башаламан эвакуация

Лондондо жашаган өзбек журналисти Шахида Якуб мына ушул демилгечилерге кошулгандардын бири. Ал кыркка жакын ооган журналисттеринин тизмесин түзгөн. Тизмени Якуб Ооганстанда жашаган, талибдердин куугунтугуна кабылган ооган журналисттердин жардамы менен толуктаган.

Тизмедеги журналисттердин көбү Ооганстандын түндүгүндө жашагандар, баары үй-бүлөлүү, жаш балдары бар.

"Айрым үй-бүлөлөр жертөлөдө жашайт. Талибдер алардын үйүнө келип, журналисттерди издеп жүрүшөт. Маселен, талибдерден качып үй-бүлөсү менен жертөлөдө жашаган бир өзбек үй-бүлөсүн билем. Бул үй-бүлөнүн төрт баласы бар, улуусу 10 жашта, кенжеси 8 айлык. Азыр аларды кандай да болсо тезирээк коопсуз жерге алып чыгыш керек. Тилекке каршы, Өзбекстандын мамлекеттик органдары, тышкы иштер министрлиги бул маселеде бизге жардам бербейт",–дейт Шахида Якуб.

Шахидага кошулуп ушу тапта дүйнөнүн айрым өлкөлөрүнүн ыктыярчылары чогуу аракеттенүүдө. Анвар Назир ошолордун бири.

"Мага биринчилерден болуп Ооганстандан журналисттер байланышка чыгышты. Алар аркылуу өмүрү коркунучка туш келген башка журналисттерди билдик. Өкүнүчкө, коркунучта калгандарды чыгарып кетүүгө бизде эч кандай мүмкүнчүлүк жок", - деп билдирди Шахида Якуб.

Коопсуздук маселеси

Шахида Якуб менен Анвар Назирдин айтуусунда, тизмедеги оогандыктардын тагдыры чынында эле чоң коркунучта турат.

"Азыр аларды коргоого, коопсуздугун камсыз кылууга мүмкүнчүлүк жок. Биз алардын соцтармактагы мессенжер аркылуу гана байланыша алабыз. Мүмкүнчүлүк болуп калса алар биз менен байланышка чыгышат, маалыматты алып турабыз. Бирок жагдай аябай эле оор, аябай оор. Мазари-Шариф менен Кабул талибдердин колуна өткөндөн кийин оогандыктарды алып чыгып кетүү башаламанга айланды. Мүмкүнчүлүгү барлар колунан келген жардамын көрсөтүштү. Бул ишти иретке салган, тартипке көндүргөн бирөө-жарым болбоду. Азыркы биздин негизги максатыбыз - өмүрү коркунучта калгандарды сактап калуу. Алар ажал менен бетме-бет турушат. Ооганстандан жок дегенде бир үй-бүлөнү алып чыгып кете алсак, мыкты жетишкендик болор эле",–дейт Якуб.

Анвар Назирдин маалымдашынча, Ооганстандын Кабулдан башка аймактарында талибдер өзү менен болушуп, өлкөнү башкаруу системасын толук колго ала элек.

"Талибдердин негизги бөлүгү сабатсыз караңгы адамдар. Ошондон алар соцтармак менен медианын барк-баасын билишпейт. Мамлекетти башкаруу түшүнүгү жок. Мына ушул жагдай ооган интеллигенциясынын абалын азыноолок жеңилдетип турат. Бул жагдай деле көпкө созулбайт, мүмкүнчүлүк болуп турганда коркунучта калгандарды сактап калышыбыз керек",–дейт Назир.

"Достук" көпүрөсү жабык

Активисттер буга чейин Өзбекстан бийлиги оогандын Хайратону менен өзбектин Термезин байланыштырган "Достук" көпүрөсүн кыска убакыт ачса деген үмүттө болчу.

Талибдер Ооганстанды басып алгандан кийин расмий Ташкент өзбек визасы бар бир нече оогандыкты көпүрө аркылуу өткөргөнү буга чейин кабарланган.


Термез шаарына ооган визасы менен келген оогандык журналисттердин бири "Озодлик" радиосуна ырастагандай, ушу тапта ооган-озбек чек арасы боюнча эч кимди өткөрүшпөйт.

"Мазари-Шарифтеги консулдук бизнес-визаны гана берет. Андай виза алыш үчүн өтүүнү каалаган адамдын чөнтөгүндө 2 миң амрикалык доллары болушу керектигин айтышат. Башкача айтканда, өткүсү келген адам ишкер экенин, Өзбекстанда бизнеси бардыгын, ал эч кандай качкын эместигин ырасташы керек. Мазари-Шарифтеги жакын адамдардан андай виза да чектелүү экенин уктук. Эч кимде такталган расмий маалымат жок. Эч талаш жаратпай турган так маалымат чек аранын жабыктыгы",–дейт ооган журналисти.

"Озодлик" редакциясы Өзбекстандын Мазари-Шарифтеги консулдук же Ооганстандын Ташкенттеги элчилиги менен байланышып, алардан ооган жарандарына өзбек визасын берүү тартиби тууралуу расмий маалымат ала албады.

Бирок Сурхандарыя облусунун акимчилигине жакын биздин булак ушу тапта өзбек-ооган чек арасы толук жабык экенин, "Термез" өткөрмө пункту да иштебей турганын ырастады.

Анын айтымында, жакынкы аралыкта бизнес жүктөрүн ташып өтүүгө да тыюу салынат.

"Өзбекстандын активисттери Тышкы иштер министрлигине Мазари-Шарифтеги интеллигенция өкүлдөрүн алып чыгып кетүүгө жардам берүү өтүнүчү менен кайрылган. А бирок Ооганстан маселелери боюнча министрдин орунбасары бул жабык тема экенин айтып, жооп берген жок. Өзбекстан оогандар үчүн гуманитардык коридор ачпады. Жакынкы аралыкта өзбек-ооган чек арасы аркылуу жүк ташып өтүү да токтолот. Чек ара толук жабылат",–деп билдирди биздин булак.

"Озодлик" редакциясы мындай маалыматты расмий же көз карандысыз булактар аркылуу тактай албады.

Өзбекстан ТИМ Ооганстан менен чек араны быйыл июнда жапкан. Ал учурда талибдердин өлкөнүн түндүгүнө чабуулдары күчөп, ооган аскерлери чек арадан өтүп коңшу өлкөлөргө качып кире баштаган эле. Бирок расмий билдирүүдө Өзбекстан Ооганстан менен чек арасын коңшу өлкөдөгү эпидемиологиялык абалдын курчушуна байланыштуу убактылуу жаба тургандыгы кабарланган.

Андан бери эки өлкө ортосундагы чек араны ачуу тууралуу расмий билдирүүлөр боло элек. Мазари-Шарифтеги өзбектердин айтуусунда, бул шаардагы Өзбекстандын консулдугу жабык бойдон турат.

Өзбекстанга өткөн оогандар чочулашууда

Соңку бир жарым ай ичинде Өзбекстанга өткөн оогандар өз жерине кайтуудан коркуп жатышат. Алардын көбүнүн виза мөөнөтү аягына чыгып баратат, калганыныкы дагы жакын арада бүтөт.

Ташкентте жүргөн оогандыктардын "Озодлик" радиосуна маалымдашынча, Ички иштер министрлигинин кызматкерлери "алар азырынча эч тоскоолдуксуз Өзбекстанда жүрө беришерин, кайра Ооганстанга кайтарылып берилбей турганын" айтышкан.

"Бирок биз талибдердин убадасына ишенип кайра кайтарып жибереби деп коркуп отурабыз. Мурда 150 ооган жаранын жерибизге кайтарышкан. Булардан тышкары бизди Өзбекстанда кантип жашайбыз, тамак-аш жагы кандай болот суроосу ойлонтууда",–деп айтты Ооганстандан келген өзбек качкындарынын бири.

Көйгөйдү кантип чечсе болот?

Шахида Якуб менен Анвар Назир оогандыктардын башына каран түн түшүп, айласы куруп турганда аларды ажалдан алып калуунун бир жолу - утурумдук Термез-Хайратон көпүрөсүн ачып, ал жерден өткөн ооган качкындарына жок дегенде бир ай Өзбекстанда турууга уруксат берүү дейт. Бул көйгөйдү чечүүнүн оңой жана жеңил жолу.

"Биринчиден, бул оогандыктардын коопсуз зонада турушуна мүмкүндүк берет. Экинчиден, батыш өлкөлөрүнүн ооган жарандарынын документтерин карап чыгып аларга жооп берүүгө кеминде бир ай убакыт кетет. Бул убакытты алар Өзбекстанда өткөрүп, андан соң үчүнчү өлкөгө чыгып кетишине жол ачылмак. Ушу тапта Германия мага тааныш эки оогандык журналистти кабыл алууга макул болду, Европа өлкөлөрү дагы бир нече адамдын документтерин кароодо",–дейт Шахида Якуб.

Анвар Назирдин пикиринде, чоң коркунучка кабылган ооган жарандарын сактап калуунун экинчи жолу – Исламабаддан Дубайга каттачу аба жолун пайдалануу.

"Кабул менен Мазари-Шариф аба майдандарынан Дохага учактар каттайт. Коридор ачып мына ушул жол менен да алып чыгып кетүүгө болот. Аларды Тажикстанга алып келүүгө да болот",– дейт Анвар Назир.

Ооган өзбектери

Расмий маалыматтар боюнча, өзбектер саны жагынан Ооганстандагы төртүнчү этникалык топко кирет. Ар кыл булактардан алынган маалыматтарга караганда, алардын саны өлкөдөгү жалпы калк санынын 6- 10% чейинки көрсөткүчтү түзөт.

Ооганстанда уруш 40 жылдан бери токтолбой уланууда. Бул аралыкта бир да жолу расмий эл каттоо жүргүзүлгөн эмес.

Ооганстан калкынын саны тууралуу ар кандай маалыматтар айтылат, болжол менен 32 миллиондон 37 миллионго чейин. АКШнын Борбордук чалгындоо башкармалыгынын (БЧБ) маалымдашынча, 2021-жылга карата Ооганстандын калкынын саны болжол менен 37 466 414 киши деп эсептелген.

Этникалык өзбектердин негизги бөлүгү Ооганстандын түндүк провинцияларында - Балх, Жаузжан, Кундуз, Фариабда жашайт.

Өзбек активисттери жалгыз эле этникаык өзбектерге эмес, башка Ооганстан интеллигенция өкүлдөрүнө, "Талибан" жанкечтилеринин азабынан качкандарга жардамдашып жатканын айтышат.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG