Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:02

"Талибан" БУУга кат жолдоду


"Талибан" кыймылынын кол башчыларынын бири.
"Талибан" кыймылынын кол башчыларынын бири.

Талибдер Улуттар Уюмунун Башкы Ассамблеясында кайрылуу жасоону көздөшөт. Алар мындай өтүнүч катты уюмдун баш катчысы Антониу Гуттеришке жолдошкон.

Эми катты эл аралык уюмдун атайын комиссиясы карап чыгышы керек. Ал тапта укук коргоо уюмдары Ооганстандын провинцияларында аялдардын укуктары тепселенип жатканын маалымдашууда.

«Талибан» (Кыргызстанда тыюу салынган) кыймылынын өкүлдөрү Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы ассамблеясынын 76-сессиясында чыгып кайрылуу жасоону суранды.

Мындай өтүнүч уюмдун баш катчысы Антониу Гутерришке келген катта жазылган. Баш катчынын расмий өкүлү Стефан Дужарриктин айтымында, Ооганстандын талибдер башкарган өкмөтүнүн тышкы иштер министринин милдетин аткаруучу Амир Хан Муттаки кол койгон кат 20-сентябрда, Башкы Ассамблеянын башталышына бир күн калганда колго тийген.

Германиянын тышкы иштер министри талибдердин катына ачык каршылыгын билдирип, аны «шоу» деп атады:

«Бириккен Улуттар Уюмунда шоу пландоо эч кандай натыйжа бербейт. Жөн эле сөз эмес, так иштер маанилүү»,-деди Хейко Маас 22-сентябрда.

БУУнун баш катчылыгы талибдердин катын атайын комиссиянын кароосуна жөнөттү.

Катта «Талибан» уюмдун жылдык жыйынына катышууну гана эмес, туруктуу өкүл катары Мухаммад Сухейль Шахинди дайындай турганы белгиленген. Шахин Катардагы тынчтык сүйлөшүүлөрдө "Талибандын" расмий өкүлү болчу.

Сухейль Шахин.
Сухейль Шахин.

АКШнын мамлекеттик департаментиндеги жогорку даражалуу өкүлдөр талибдердин өтүнүчү тууралуу кабардар экенин билдиришти.

Гуттеришке жолдогон катта мурдагы президент Ашраф Гани 15-августта кулатылганы жана дүйнө мамлекеттери аны «президент катары тааныбай калганы», өлкөнүн БУУдагы буга чейинки туруктуу элчиси Гулам Исакзай Ооганстандын атынан сүйлөй албай турганы жазылган.

15-сентябрда Гуттериш Исакзайдан Башкы ассамблеяда сүйлөй турган делегациянын тизмесин алган. Ооганстандын өкүлү 27-сентябрда сүйлөмөк. Азырынча расмий Кабулдун атынан ким чыгары белгисиз.

Гераттагы аялдардын абалы

Ал арада укук коргоочулар «Талибан» кыймылы Ооганстандын Герат шаарында кыз-келиндердин укуктарын тебелеп жатат деп тынчсыздануу билдирип жатышат.

Герат провинциясын талибдер 12-августта басып алышкан. Ошондон бери бул аймактагы аялдар эркин көчөгө чыкпай, кыздар мектепке бара электигин "Хьюман Райтс Вотч" (HRW) эл аралык укук коргоо уюму менен Сан-Хосе Мамлектеттик университетинин Адам укуктары боюнча институту 23-сентябрда тараткан билдирүүсүндө жарыяланган.

Аталган уюмдар Гератта жашаган жети аял менен телефон аркылуу сүйлөшкөн. Алардын арасында активисттер, окутуучулар жана студенттер бар.

Алар талибдер Гератка кирип келген күндөн тартып жашоолору толук өзгөрөнүн айтып беришкен. Көчөгө ээн-эркин чыга албай, билим албай калышканын, канча жылдан берки кыялдары бир ирмемде чачырап кеткенине байланыштуу психикалык жактан жабыркап жатышканын айтышкан.

Талибдер 1996-2001-жылдары Ооганстандын башында турганда кыз-келиндерге билим алууга, иштөөгө жана спорт менен алектенүүгө тыюу салганы белгилүү.

«Талибан» кыймылы Кабулдагы эл аралык коомчулук тааныган бийликти кулаткандан кийин жасаган билдирүүсүндө аялдардын укуктары шариятка ылайык сакталарын билдирген. Анткен менен алар түзгөн өкмөттүн курамында азыр бир да аял жок.

Укук коргоо уюмдары "аялдар көчөгө сөзсүз эркек кишинин коштоосу менен чыгыш керек" деген эрежеге өзгөчө кабатыр.

Алардын айтымында, мындай эреже аялдарды эркектерге толук көз каранды кылып коет. Зомбулук көргөн аял дагы эч кайда бара албай калат.

Талибдердин расмий өкүлү Забиулла Мужахид аял үйүнөн үч күндөн ашуун убакытка чыкканда гана эркек адам коштоп жүрүүсү зарыл экенин 7-сентябрда билдирген. Ага карабай өз алдынча көчөдө жүргөн аялдарды талибдер токтотуп жатканы маалым болгон.

Сан-Хосе Мамлекеттик университетинин Адам укуктары боюнча институту талибдердин башчыларын бардык провинцияларда аялдардын укуктары сактоого чакырды.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG