Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Октябрь, 2021 дүйшөмбү, Бишкек убактысы 11:39

СССР Ооганстанды үч жолу кантип багындырган?


Басмачыларга каршы турган советтик ыктыярчылар тобу. 1920-жылдар, Орто Азия.

Мындан 20 жыл илгери, 2001-жылдын 11-сентябрында АКШ террордук чабуулга кабылып, ага жооп кылып "Ал-Каида" менен "Талибанга" (Кыргызстанда тыюу салынган террордук уюмдар) согуш жарыялап, Ооганстанды басып кирген. Уруш 20 жылга созулуп, соңунда батыш коалициясы аскерлерин алып чыгууга мажбур болуп, өлкөнүн бийлигин талибандар ээледи.

Ири державалардын жана режимдердин кызыкчылыктары кесилишкен Ооганстан жакыр экенине карабай, өтө бекем экенин Сталиндин тажрыйбасынан дагы көрсөк болот. Сталин бул өлкөнү багындырууга үч жолу даярданып, бирок пландарын ишке ашыра алган эмес.

Советтик окуу китептерде агрардык, мал чарбачылыгы менен жан баккан Ооганстан дүйнөдө биринчилерден болуп Советтик Орусияны тааныганы айтылчу. Бирок тарыхый себептерин жашыруун калтырууну туура көрүшкөн. Чынында Ленин баштаган өлкө менен дипломатиялык карым-катнашты 1919-жылдын 27-мартында Аманулла хан орноткон. Большевиктер мындан бир ай мурун, февраль айынын соңунда аны Кабулдун башчысы деп тааныган.

Өлкөнүн ага чейинки эмири Хабибулла хандын бийлиги 18 жылга созулган. Ак сарайдагы кутумчулар аны 1919-жылдын 20-февралында өлтүрүп, тактыга бир тууган иниси Насрулла хан отурат. Бирок анын бийлиги узакка созулган эмес. Каршылаштары жаш өкүмдарды бир тууган агасын өлтүрдү деп айыптап, зынданга салып, бийликке Хабибулла хандын үчүнчү уулу Аманулла хан келген. Бир жылдан кийин зынданда жаткан Насрулла хандын көзүн тазалашкан.

Большевиктер Ооганстанды дүйнөлүк революциянын Индияга алып бара турган жолу катары карашкан

Большевиктер бийликке жаңыдан отурган Аманулла ханды эл аралык изоляциядан чыгуу үчүн эле эмес, Британ империясына каршы туруу үчүн колдогон. 1919-жылга чейин Ооганстан иш жүзүндө Британ империясынын протектораты эсептелчү, келишим негизинде ооган бюджетин дотациялаш үчүн каражат бөлүнчү. Анын акысына Кабул өз алдынча тышкы саясат жүргүзүү укугунан четтетилген эле.

Аманулла хан болсо тактыга отурары менен өлкөсүн толук көз карандысыз деп жарыялап, аны менен эле тим болбой кечээки колдоочусуна каршы уруш ачкан. Анын натыйжасында 1919-жылдын августунда Британия Ооганстанды эгемен өлкө катары тааныган. 1921-жылдын 21-февралында РСФСР менен Ооганстан ортосунда достук келишимге кол коюлуп, анын негизинде Москва жыл сайын Кабулга миллион субсидия төлөп турган.

Большевиктер алыскы Ооганстанды дүйнөлүк революциянын Индияга алып барчу жолу катары карашкан. Дипломаттардын колу коюлуп, ортолук мамилеге жол ачылгандан кийин атайын кызматтар шымаланып ишке киришкен. Алгачкы советтик агенттердин бири Жемал паша деген түрк болгон. Ал армян кыргынына, ошондой эле Биринчи дүйнөлүк согушта арабдарга азапты көрсөткөндөрдөн эле.

1921-жылдын 1-ноябрында Улуттар иштери боюнча нарком жетекчиси Сталинге жолугуп, ал кездеги британиялык Индиянын түндүк-батышындагы куралдуу козголоңго даяр можахеддерди каражат, курал менен жабдый ала турганын билдирген. Иосиф Сталин андай демилгени колдорун ырастап, Троцкийге кат жазган:

“…Ынды өрөөнүндөгү көпчүлүк мусулман уруулары менен Пенжаб аймагындагы мусулмандар арасында Жемалдын кадыры чоң экен. Ал жерлерде биз база түзүп, Англияга олуттуу зыян келтире турган мүмкүнчүлүккө ээ болобуз. Пенжабдыктар 1922-жылдын жазында же жайында кол салышы керек. Андан тышкары биздин жана түрк инструкторлору менен Жемалга Ооганстанда болбоду дегенде бир бригаданы (мыкты куралданган) түзүп берсек (Аманулла-хандын жетегиндеги делген – А.Г.), Англиянын Ооганстандагы таасирин азайтууга реалдуу негиз түзөбүз. Муну жасабасак, маанилүү делген экинчи милдетибиздин (Индиядагы көтөрүлүш кыймылдарына түздөн-түз таасир кылуу) ишке ашуусу мүмкүн эмес”.

Саясий бюро көпкө ойлонуп отуруп, алгач аскерлер менен инструкторлорду жабдууга каражат жөнөтүүнү туура көргөн. Андан аз өтпөй Тбилисиде Жемал паша каршыккан армяндын колунан набыт болот.

1923-жылы Аманулла хан Конституцияны сунуш кылган. Карапайым калк анын маанилүү документ экенин аңдай албады. Британиялык Индиядан келген импорттук товарларга кошумча салыктын киргизилиши дыйкандардын нааразылыгын жараткан. Андан айрыкча чек арага жакын жашагандар көп зыян тартып, товарлардын керектөө баалары өстү. Буга кошумча Аманулла хан салыктарды көбөйтүп, аны борборго чогултуу милдетин койгон. Бул жергиликтүү төбөлдөрдүн нааразылыгын жараткан. Дыйкандарга бийликтин аскерге милдеттүү тартуу аракети да жаккан эмес.

1924-жылы жазында Ооганстандын түштүгүндө көтөрүлүш башталды. Нааразы калкын кантип токтотуштун аргасын таба албаган конституциялык монарх түндүктөгү кубаттуу коңшусуна жардам сурап кайрылган. Өтүнүчкө жооп кылып, күзүндө учактар жиберилген. Кабулга 11 кызыл авиаторлор келишкен. Алар авиачалгын гана жүргүзүшпөстөн, пуштун козголоңчулары ээлеп турган жерлерди бомбалашкан.

Советтик адистер оогандардын аскер аба күчтөрүн да түзө баштаган. Андан сырткары СССР Ооганстанга өздүк наркынан кыйла арзан куралдарды, ок-дарыларды, ошондой эле радиостанцияларды берип турган.

Кабул полициясынын башчысы ай сайын берилчү 600 рупий сыйлык үчүн англиялык жашыруун агенттерди кармап берүү милдеттенмесин алган

Аскер чалгыны менен Коминтерндин иши катуу жүрүшкөн. СССРдин Кабулдагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүндө 1924-жылдын апрелинен тарта иштеген Георгий Агабековдун ырасташынча, атайын кызматтардын иштөөсүнө эң ыңгайлуу шарттар түзүлгөн.

“ Мен Башкы саясий башкармалык (ГПУ) линиясы боюнча иштөөгө адамдарды тартчумун. Абдул-Мажид хан камакка алынгандан кийин (козголоңчуларга каршы согушкусу келбегендиги үчүн камакка алынган жандарм полковниги. – А. Г.) анын Кабул полициясында аталаш иниси менен байланышып, ооган полиция агенттиги тарабынан болгон маалыматтарды алып турдум. Раджа Протап (эмир менен жакын мамиледеги индиялык эмигрант. – А. Г.) мени Кабул провинциясынын (салык башкармалыгынын башчысы) Мустафа менен тааныштырды. Ал аркылуу өкмөттүк маалыматтарды алып турдум. Андан Индия мусулмандары тууралуу маалыматтарды да чогултчумун. Ал Аманулла хандын тапшырмасы менен индиялык мусулмандардын башчылары менен тыгыз байланышта эле. Кабул полициясынын башчысы менен тааныштым … ал ай сайын алып турчу 600 рупийдин акысына менин тапшырмам боюнча бардык англис жашыруун агенттерин камакка алуу милдетин көтөрдү. Албетте, бул шартты ал толугу менен аткарды. Англиянын тыңчысы деп биз шек алган адамдардын баары ушул полиция жетекчиси тарабынан камакка алынган”.

1925-жылы СССР курал-жарак, ок-дарылар менен жабдууну күчөткөн. Келишимден сырткары, акысыз 4,5 миң мылтык, 50 пулемёт, патрондорду, ошондой эле радиостанция берилген. Көтөрүлүшкө чыккандар талкаланган. Ага улай жыйырма оогандык советтик учкучтар окуусуна жөнөтүлүп, советтик адистер (36 киши) Ооганстандын аскер аба күчтөрүнүн негизги пайдубалын түптөгөн.

Козголоңду күч менен баскандан кийин Аманулла хан эмирликти алмаштырып, Ооганстан падышасы болуп калды (Батыш өлкөлөрүндө, Орусияда аны "Ооганстан королу" деп аташат).

Жумушчулар менен дыйкандардын бактысы үчүн күрөшчүлөрдү өкүмдардын мындай аракетин өөн көрбөдү. Ооган пашасына курал-жарак, ок-дарыларды аянбай берип, 1928-жылы өзгөчө сый-урмат менен Москва, Ленинград, Минскиде кабыл алышкан.

Совет өкмөтү мусулман каршылыгын кантип жоюунун жолун издеп, тажрыйбасын арттырып жатты. Борбор Азия чөлкөмүндө 1920-жылдары басмачылар менен айыгышкан уруш токтоло элек кез. Газаватка чыккандарды большевиктер басмачылар (капыстан кол салчулар) деп аташкан.

Иркуттук изилдөөчү Сергей Панин ОГПУнун документин таап чыкты, анда мындай деп айтылган: "...талаа командири Жунаидге каршы 1928-жылдын 1-июнуна караган түнкү аскердик операцияда кызыл авиация басмачыларга каршы иприт бомбасын ташташкан (РГАСПИ. Ф. 62. Оп. 2. Д. 1367. Л. 104). Элүүдөй жоокер менен эки жүздөй төө саңырсыган булуттан туш тарапка качышып, аман калгандары чогулуп Персия тарапка өтүп кетишкен.

1928-жылдын майында СССР коммунисттери падышаны өзгөчө шаң-салтанат менен кабыл алышкан. Аскердик парад, мылтык атуу, банкеттер, ат майдандагы күлүк жарыштырууларга катышуу, "Червона Украина" линкорун көргөзүү. Даражалуу мейман токтогон жерге борбордук музейлердеги баалуу экспонаттар коюлган, азем буюмдар жайнайт.
1928-жылдын майында СССР коммунисттери падышаны өзгөчө шаң-салтанат менен кабыл алышкан. Аскердик парад, мылтык атуу, банкеттер, ат майдандагы күлүк жарыштырууларга катышуу, "Червона Украина" линкорун көргөзүү. Даражалуу мейман токтогон жерге борбордук музейлердеги баалуу экспонаттар коюлган, азем буюмдар жайнайт.

Изилдөөчү Юрий Тихоновдун ырасташынча, ал арада Ооганстанда ак сарайда иштегендер менен офицерлердин, аткаминерлердин мамлекет казынасын тоноосу жергиликтүү элдин үрөйүн учура турган деңгээлге жеткен. Айласы куруган калк 1928-жылдын күзүндө курал алып бийликке каршы чыгууга мажбур болгон. Өлкөнүн чыгышындагы пуштундар менен түндүктөгү тажиктер басымдуулук кылган жерлерде бир убакта көтөрүлүш өртү жалындаган.

СССР чек арасына жакын жерлердеги Аманулла ханга каршы көтөрүлүштү карапайым калк арасынан чыккан унтер-офицер Хабибулла Калакани (Хабибулла Бачаи-и Сакао – же “сугатчынын баласы Хабибулла”) – консервативдүү исламдын жактоочусу баштаган.

Ооган кызматындагы советтик учкучтар ноябрда пуштун партизандарынын айылдарына бомба таштай башташты. Бирок бул ирет абадан чабуул көтөрүлүшчүлөрдү көбөйттү, козголоңчулар башка жерлерге жайыла баштады.

Аманулла пашанын суроосу боюнча совет тарап декабрдан тарта күйгүзүп салчу жана чачырап кетчү авиабомбаларды арбын таштай баштады. Аскердик жардамдын күчөшү аягында барып Ооганстанда советтик протектораттын орношуна алып келиши керек эле. 27-ноябрда Аманулла советтик өкүлдөн тезинен химиялык авиабомбаларды алып келүүнү сурады.

Scan
Scan

1928-жылдын 13-декабрындагы Саясий бюронун отурумунун протоколу (Өзгөчө № 53) бул органдын тарыхтагы жападан-жалгыз белгилүү токтому - массалык кыргын салчу куралды (МКС) экспорттоо тууралуу :

“7. Ооганстан тууралуу (ж. Ворошилов): Аскер-деңиз эл комиссарлыгына Ооганстан өкмөтүнө белгиленген тартипте 1000 мылтык, тийиштүү сандагы ок-дарысы менен, 20 пулемёт, 1000 химиялык артиллериялык снаряддарды жана бир радиостанцияны сатууга, ооган өкмөтүнүн кыйналып турган абалын эске алып сатылган курал-жарактар акысына жүн, пахта, каракүл жана башкаларды алууга уруксат берилсин”.

Массалык кыргын салчу куралдар кийин жөнөтүлбөй калган. Аманулла хандын абалы күндөн-күнгө начарлай берди. Анан кысталыш кырдаалды таразалап көрүп, хан 1929-жылдын 13нөн 14үнө караган түнү такты инисине өткөрүп берип Кандагарга кетип калган. Бирок анын бул аракети бийликтеги үй-бүлөнү сактап кала алган жок. Бир күндөн кийин Кабулду тажик Бачаи-и Сакаонун куралдуу отряды ээлеп, ал өзүн эмир Хабибулла деп жар салды. Анын бийлигин Пуштунистандын козголоңчулары тааныбай, куралдуу кагылыш улантылды, Аманулла да куралын таштай элек эле.

Сталин биринчи ирет Ооганстанды багынтып, аскер күчү менен тагын таштап кеткен падышаны алып келүүнү чечти. Барнаулдук изилдөөчү Владимир Бойконун ырасташынча, мындай шартта Аманулла кызыл аскерлер менен ОГПУнун кеңешчилеринин айтканын гана аткарган өкүмдар болуп калмак.

20-мартта Саясий бюронун оогандарды басып кирүү тууралуу токтому чыкты. Операциянын жалпы жетекчилиги Сталиндин жакын досу Ворошиловго жүктөлүп, жеринде аскерлерди башкаруу Кабулдагы мурдагы аскердик атташе Виталий Примаковго тапшырылган. Ага "Рагиб бей" деген жашыруун ысым берилип, даярдык иштери 14-апрелге карата аягына чыккан.

Агабековдун эскерүүсүнө караганда, уруш болору кабарланбай чабуул эртең менен эрте башталган:

“Күбөлөрдүн айтуусунда, чек ара жанындагы Термез шаарынан советтик аэропландар учуп чыгып Амударыядан өтүп ооган чек арасынын жанындагы Патта-Гиссар пунктунун үстүнөн айлана баштаган. Чек ара үстүнөн айланган учактарды көрмөкчү болуп сыртка чуркап чыккан чек ара аскерлеринин баарын аэропландагы пулемёт менен кырып салышты”.

Чек ара пункту бомбалоодон кийин түтүн каптаган бийик дөбөлөргө айланып калды, чабуулга кирген өйүздөгү аскерлер кайык, баржалар менен Амударыяны эч тоскоолдуксуз сүзүп өтүшкөн.

Биздикилер куралдарын шаар дарбазасына жакын орнотуп бир атыш менен жыгач дарбазалардын бырын-чырынын чыгарышты... Отряд шаарды ээледи.

Басып алуучулардын негизги күчү - атчан аскерлер эле. Миңден ашуун ооган формасын же жергиликтүү элдин кийимин кийген кызыл аскерлер, ооган эмигранттары каптап киришти. Ооган эмигранттарынын башында Ооганстандын элчиси жүрдү. Пнын СССРдин чек арага жакын райондорундагы иши тууралуу советтик чалгынчы Николай Фригут жогору жакка жөнөткөн отчетунда корбашыны жактырбаганын жашырбай эле минтип жазган: “Гулям Наби хан отряддарды түзүп атканда эч нерсени жашырбай ачык айтып жүрдү. Ал самтыраган ооган көрсө эле (кээде болбогон оюна койбой) отрядына кошуп алчу. Эч кандай конспирация сакталбады”.

Ошентип түзүлгөн бөлүктөр радиобайланыш менен камсыздалып, пулемёттор, башка куралдар менен жабдылган.

Айрым кагылуушуларга баш бербей Примаковдун отряды бир аптанын ичинде өлкөнүн түндүк тарабындагы Мазари-Шариф шаарына жеткен. Агабековдун айтуусунда, ал өзү да ошол шаарда болчу.

“Таң агарып, жер жарып келаткан. Түнкү тынчтыкты бузуп замбиректердин дүңкүлдөгү угулду, аларды пулемёттордун тытыраганы басып кетти. Атышуулар эки сааттай токтогон жок, аскерлер шаарга жакындап келатышты. Акырында дагы бир замбирек атылды, ага улай аскерлердин “ураалаган” үндөрү жаңырды… Биздикилер куралдарын шаардын дарбазасына жакын орнотушуп бир атыш менен жыгач дарбазалардын бырын-чырынын чыгарышты. Отряд шаарды ээледи”.

Анткен менен иликтөөчү Павел Аптекардын белгилешинче, алгачкы жеңишке жетишкендер аз жерден курчоого түшүп кала жаздаган. Примаков минтип маалымдайт.

“Операцияны башында чакан атчандар отрядынын жардамы аркылуу баштоо пландалган, уруш күчөгөн сайын ага башка түзүмдөр кошулуп алдыга жыла беришмек, бирок биринчи күндөн тарта жергиликтүү калктын катуу каршылыгына туш келишти”.

Бир күндөн кийин Хабибулланын аскерлери шаарды курчап калышты. Тажикстандан жардамга жөнөтүлгөн эскадрон оор жоготууларга учурап, артына кайтып кетүүгө мажбур болду. Мазари-Шарифке курал-жарактар, ок-дарылар учактар аркылуу жеткириле баштады.

Жаңы бийлик көпчүлүк алдында көрсөтмө дарга асуулары менен таанылды. Эмгекчилердин элтаралык майрамы – 1-майда шаарда Аманулланын бийлигине көшөрүп каршы турган алты адамды аянтта атышты. Примаков жогортон химиялык куралдарды арбын жөнөтүүнү суранган. Газ гранаталарын ага жөнөтүшпөдү, бирок кызыл авиация курчоого алгандарды бомбалоону күчөттү. Кыйын абалга кабылгандарга жардам бериш үчүн СССРден дагы 400 мыкты куралданган кызыл аскер жөнөтүлгөн. Мына ушул бөлүк курчоодо калгандар менен биригип, блокаданы талкалады. Бириккен отряд түштүктү карай, өлкөнүн борборуна бет алган.

Адамдар чалгы менен чабылгандай кырылды. 3000 адамдан миңдейи гана аман калды…сөөктөрдү жыйнаган киши жок

Агабеков Мазари-Шарифтеги “Матвеев” деген жашырын ат менен жүргөн чалгын башкармалыгынын адиси ага кызыл атчандардын урушу кандай жүргөнүн айтып бергенин минтип эскерген:

"Мазари-Шарифти алгандан кийинки үрөй учурган көрүнүштөрдү айтпай койбосом болбос. Отряд Таш-Коргонго, андан ары жылганда оор уруштар өттү. Мазари-Шарифти басып алгандан кийинки күнү эртең менен урушту улантып, эки күндөн кийин эч кандай каршылыксыз Таш-Коргонду алдык. Жолдо кезиккен адамдарды отряд атып салчу, антпесе алар биздин кабарыбызды душманга айтып коюшмак. Ушундай тактиканын натыйжасында биздин Кабулду басып аларыбыз Мазари-Шарифти каратып алгандан жети күндөн кийин белгилүү болгон. Кабулдан бизге каршы шашылыш аскер министри Сейид-Гусейн баштаган 3 миң атчандан турган отряд жөнөтүлгөн. Биз аларды Таш-Коргондон өткөндөн кийин Гейбактан анча алыс эмес жерден каршы алдык. Оогандыктарды пулемёт огу жетерлик жерге чейин коё берип, анан мөндүрдөй ок жаадырдык. Адамдар чалгы менен чапкандай былгандай кырылды. Жарым сааттан кийин Сейид-Гусейндин отряды артка чегинип артындагы тоонун капчыгайына жашынды. Ал жердегилерди артиллерия менен аткыладык. 3000 адамдан миңдейи гана аман калды… Өлүктөрдү жыйнаган киши жок. Он күндөн кийин ошол жол менен артыбызга кайтып келатсак сөөктөр бузулуп, жыйналбай жатыптыр. …Биздин балдар урушту мыкты билишет, бир аптага жетпей Кабулду деле ээлемекпиз, Аманулла Кандагарды кармап турса аны деле жасамакпыз”.

Ага жетпей падыша аскерлери тумшукка жегенден кийин 23-майда Аманулла четке качып, “конституциялык тартипти калыбына келтирчү” кызылдар июндун башында СССРге кайтып келишкен. Операцияга катышкандардын үч жүзү "Кызыл Туу" орденин тагынып, калгандары баалуу белектерге ээ болушкан.

Кызыл аскерлердин урушта курман болгондору, жарадар болгондорунун саны 120 адамды түзгөнүн, оогандыктардын миңдеген кишилери жок кылынганын советтик тарап оперативдик отчётунда көрсөткөн.

Кабулдагы калктуу конуштардын көрүнүшү, 1930-жыл. Ооганстанга 1920 – 1930-жылдары Тажикстан менен Өзбекстандын, Түркмөнстандын жүздөгөн тургундары качып өтүшкөн.
Кабулдагы калктуу конуштардын көрүнүшү, 1930-жыл. Ооганстанга 1920 – 1930-жылдары Тажикстан менен Өзбекстандын, Түркмөнстандын жүздөгөн тургундары качып өтүшкөн.

Бир жылдан кийин советтик кавалерия бригадасы дагы Ооганстанга басып кирген. Бул ирет алардын көздөгөнү СССРде согушуп бул жакка өтө качкан басмачыларды, коллективдештирүүнү жактырбай жер которуп кеткендерди жок кылуу эле.

Чек ара жанындагы уруштар тууралуу оперативдүү отчёттор жалаң ийгиликтерди гана саноо менен чектелген:

"Ак-Тепе кыштагы өрттөлүп талкаланды, Али-Абад кыштагы толук талкаланды, оогандар жашаган жагы бүтүн калды, 35 чакырымга созулган Кундуз дарыясынын өрөөнүндөгү жер төлөлөр менен үйлөр тыптыйпыл талкаланды... 17 миңге чейин ок-дары жардырылды, 40 мылтык алынды, эмигранттардын болгон эгини өрттөлдү, малдын бир тобу айдалып келинди, калганы жок кылынды. Биздин жоготуулар – дарыяны кечип өтүүдө бир кызыл аскер агып кетти, бир взвод командири жана бир кызыл аскер жараланды”.

Бул операцияны жүргүзгөн Яков Мелькумов кийин Орто Азия аскер округунун кол башчысынын жардамчысы, 1937-жылы 15 жылга Колымага ГУЛАГга айдалган.

Кабулдагы жарандык тирешүү Мухаммед Захир тактыга келген 1933-жылы токтогон. Шахтын бийлиги 1973-жылга чейин созулду. Примаковдун чабуулуна оогандыктар бекер каршы чыгышпаганын партиянын сүйгүнчүгү Николай Бухариндин 1936-жылдын 24-августунда Сталинге жолдогон катында белгилеген. Бухарин Тажикстандын коңшусу Ооганстанды керектөөнүн бейиши катары сыпаттайт, жапандар ал жерге арзан товарларды жайнатып тизип койгон. Ал эми советтик тараптагы кедейлик менен жетишпестик тууралуу кеп кылып деле кереги жок:

“Памир – жайкысын мен кыдырып көргөн жерлердин эң эле артта калган, жакыр аймак … Памирди камсыз кылуу боюнча түшүнүксүз бир нерселер болууда… Жакыр деген аймакта болгон товардын баарын сатып алып кетип жатышат. (…) Мергенчилик менен жан баккан калктын колундагы ок атуучу куралдын баарын жыйнап алдык. Анткен менен Чыгыш Памирде (какыраган кара таш, айрым бир жерлерде сербейген чөп) азыноолок малынын туягын санаган калктын көбү аңчылык менен жан багат. (…) Батыш Памирде калктын 90% көкнар тартат (анын айынан Ооганстандан аткезчилик менен апийим ташымай) мунун саясий залакасы кандай болорун эч ким билбейт. Азырынча биз ал жакка кантсе да “зыяны азыраак” спирт ташый баштадык. (…) Келгиндердин ал жерде иштеши кыйын. (…) Адамдар көп ооруйт, куурап баратышат”.

Бийликтин дыйкандарды ичимдикке көндүрүшү - аларды апийимден алаксытуу эмес. СССРдин башка мейкининдей эле аскердик керектөөгө жумшалчу опсуз кирешелерди алуу үчүн жасалган аракет болчу. Бухаринди болсо ачык катынан жарым жылдан кийин камакка алышып, 1938-жылкы ири террор тушунда атып салышкан. Кызылдардын канабайрамы 1939-жылы баарын согуштук нукка салууга алып келди. Калктын жашоо-турмушу 1930-жылдардын ортосундагы абалдан да начарлап кетти.

Сталиндин алдында дүйнөлүк болбосо да евразиялык кең мейкинди кантип ээлөө азгырыгы турду. Ал Европада согуш өртү башталганда Лондондо отургандарга араң жетти, британиялык эки министрликтин – тышкы иштер жана Индия иштери боюнча министрликтин 1939-жылдын 7-сентябрындагы биргелешкен билдирүүсүндө мындай деп белгиленген:

“Индиянын армиясы империялык күчтөрдүн жардамысыз Ооганстанды Орусиядан коргоп кала албайт, башка толгон милдеттенмелер турганда аны ишке ашырыш кыйын”.

Алгачкы аракети ишке ашпай калгандан он жыл өткөндөн кийин Кремл= экинчи ирет Ооганстанды басып алууга ниеттенди – бул жер өзгөчө баалуу жеңишке алып барчу көпүрө сыяктуу эле.

Кыязы, Сталин Индия океанына чыгыш үчүн үч вариантты эсине туткан болуу керек. 1939-жылдын аягында кышкы согуш күчөп турган чагында – эгер Британия Финляндия тараптан урушка кире турган болсо ага кургак жердин башка жагынан сокку уруу жагы ойлонулган. Анан да эгер Гитлер британдыктарды каратып ала турган болсо анын “башсыз” калган колонияларын тартып алуу ниети турган. Үчүнчү вариант 1941-жылдын жазынан тарта ойлонула баштаган – алгач Алманияны басып алып, континенталдык Европага толук кожоюн болгондон кийин Ортолук Чыгышты “революциялаштыруу” эч жакка качпайт деген ой да болгон.

Аскер иштери академиясынын мүчөсү, профессор Сергей Репко ырастагандай, “1940-жылдын 16-февралынан тарта 1/1/176264 директивасына ылайык Орто Азия аскер округуна тиешелүү гезиттердин редакциясынын штаттары кеңейтилген, фарси, ооган, урду, англис тилдериндеги басылмаларда иштегендер көбөйүп, пенджаб редакциясы түзүлүп, аскерлер, өзгөчө Түштүк аскерлери аракеттенчү өлкөдө жашаган калктарга үгүт иштерин жайылтуу күчөгөн”.

Полковник Мустафа Фуаздын изилдөөсүндө ошол кездеги тийиштүү басылмалардын аталыштары келтирилген: “1939-жылдын октябрынан тарта 1941-жылдын мартына чейин идеологиялык мүнөздөгү айрым милдеттерди чыгыш багытындагы гезиттердин редакциялары чеччү. Индиялык редакция “Эркин Индия”, англис тилиндегиси – “Жоокер туусу”, ооганчасы – “Ооганстан” аталып, алар аскердик-саясий изилдөө иштерин жүргүзчү, гезит номурларын, үгүт-насаат, ошондой эле маалымат-кабарларды чыгарышчу. (…) Ар кыл мазмундагы макалаларда дүйнөлүк масштабда коммунизм идеясы баары бир салтанат курары даңкталчу, этнодиний ажырымдар аз-аздан жок болору ырасталчу, социализмдин капитализмден артыкчылыгы белгиленчү “.

Редакция кызматкерлери плакаттарды даярдашчу, анда түштүк өлкөлөрүнүн кедей-кембагалдары Кызыл аскерлерди кубануу менен тосуп алуулары тартылган болчу.

1940-жылы 29-мартта Жогорку Кеңештин жыйынында Молотов чыгып сүйлөп батыштагыларга сес көрсөткөн: “…Жакынкы Чыгышта генерал Вейгандын жетекчилиги алдында англис-француз ... армиясын түзүү боюнча шектүү бир иштер жүрүп жатат. Бул аскерлерди Советтер Союзуна каршы максатта пайдаланбашы үчүн биз сак турушубуз керек, аларга мүмкүнчүлүк бербешибиз керек. Баскынчылардын андай аракети жасалып калса биз тараптан андайга тийиштүү жооп болот, от менен ойноонун коркунучун СССРге каршы турган өлкөлөр, алардын агрессивдүү саясатына аралашып калган биздин коңшулар билиши керек…”.

Виталий Примаков – Ооганстанга 1929-жылы кирген "чектелүү контингентти" ийгиликтүү жетектеп, кийин кызмат жагынан жогорулап, бирок 1937-жылы атылып кетсе, Иван Петров (сүрөттөгү) Мазари-Шариф шаарын камалоодо атчандар дивизиясын башкарган. Кийин ал "Багратион" аскердик операциясын иштеп чыккан. Анын кол алдындагы аскерлер Прага менен Берлинди камалоого катышкан, 1945-жылдын 29-майында ал Советтер Союзунун баатыры наамын алган.
Виталий Примаков – Ооганстанга 1929-жылы кирген "чектелүү контингентти" ийгиликтүү жетектеп, кийин кызмат жагынан жогорулап, бирок 1937-жылы атылып кетсе, Иван Петров (сүрөттөгү) Мазари-Шариф шаарын камалоодо атчандар дивизиясын башкарган. Кийин ал "Багратион" аскердик операциясын иштеп чыккан. Анын кол алдындагы аскерлер Прага менен Берлинди камалоого катышкан, 1945-жылдын 29-майында ал Советтер Союзунун баатыры наамын алган.

Жумушчу-дыйкан Кызыл армиянын үгүт башкармалыгынын жетекчиси Александр Запорожецтин буйругу менен чыгыш таануучулар Иосиф Брагинский, Иосиф Байков Ортоңку Чыгыш жана Индиядагы абал боюнча Жумушчу-дыйкан кызыл аскерлердин башкы саясий үгүт башкармалыгынын жетекчилер курамы алдында, штабдарда, ошондой эле аскерлерге ай сайын баяндама менен чыгып турушкан.

Репко белгилегендей: "СССР чек арасына жакын жайгашкан мамлекеттерде жашаган калк арасында иштөө үчүн Москвада алардын географиялык абалы, жол катнаштар тармагы, калктуу конуштарын изилдөө иштери жүргүзүлгөн. 1941-жылдын 13-февралына карата Кызыл армиянын башкы саясий башкармалыгынын 7-бөлүмү тарабынан 59 географиялык карта даярдалган, анын 3 – Германияныкы, 2 – Польшаныкы, ошол эле кезде Ирандын картасы - 9, Ооганстандыкы – 12, Индияныкы – 13 болгон”.

7-бөлүмдүн милдети душманга каршы үгүг иштерин жүргүзүү болчу, советтик үгүт-насаат иштерин иликтеген Владимир Невежиндин ырасташынча, 1941-жылдын башында “СССРдин ыктымал душмандары эсептелген өлкөлөрдүн социалдык-саясий абалын иликтеген бөлүм офицерлеринин 80% ашууну Түштүк жана Ыраакы Чыгыш уруш аракеттери жүрчү жерлерде болчу”.

Иш аны менен эле чектелген эмес, Орусия Федерациясынын Коргоо министрлигинин “Тарыхый-аскердик журнал” (1992, № 11) басылмасы маалымдагандай, 1941-жылдын кышы аяктап аткан чакта 7-бөлүмдүн башкы инструктору Иосиф Байков Ташкенттеги Орто Азия аскер округунун “оперативдүү аскердик оюнуна” катышуу үчүн барган.

Ал “Аскерлердин чабуулга кирүүсү” деп аталып, анда “Ооганстан менен Иранга аскерлерди киргизүүнүн маселелерин ишке ашыруунун көнүгүүлөрү өткөн. Оюн шарты боюнча 1941-жылдын 21-февралында жогортон түшкөн буйрукка ылайык аскерлер “Ооганстан менен Ирандын чек арасынан өтүп, Иран, Ооганстан, Индиянын карапайым калкына жардам көрсөтүп, аларды англиялык империалисттер менен ооган, иран аскерлеринин эзүүсүнөн куткарышы” каралган.

Чет тилдерде чыкчу гезиттердин редакция кызматкерлери гезиттердин макетин, бир нече плакаттарды даярдашкан. Анда түштүк өлкөлөрдүн кедей-кембагалдары жумушчу-дыйкан кызыл аскерлерин кубанычтуу тосуп алып жатышканы тартылган.

Карапайым калк менен кызыл аскерлердин кездешүүсү жакынкы аралыкта болушу керек эле. Аны Фуаздын эмгеги да кыйыр белгилеп турат:

"Аскердик тематикадагы плакаттардын алгачкы үлгүлөрү басылып чыгып, чек арага жакын жерлерге таратыла баштаган, тышкы үгүт каналдары аркылуу Улуу Атамекендик уруш башталганга чейин эле Иран менен Ооганстанга жеткириле баштаган”.

Жөн жерден эле Ооганстан менен британиялык Индияда жакын арада совет аскерлери бул жерлерге басып кирет деген миш-миштер тарай баштаган. Бирок анын ишке ашуусуна батыштагы согушта түзүлгөн оор кырдаал тоскоол болгон:

Экинчи дүйнөлүк согуштун биринчи этабын эскерип отуруп Молотов Феликс Чуевге Сталин 1940-жылы өзүнүн стратегиялык контрагентин стратегиялык туңгуюкка капталтып салганын билдирген: “…Гитлердин ал кезде Англия менен согушун аягына чыкпай бизге кол салыштан башка айласы калбай калган”.

Германиянын СССРге капыс кол салышы советтердин Ирандын түндүгүн басып алышына тоскоол боло алган жок, батыштагы согуш өртү индиялык туугандарды “боштондукка чыгарууну” кийинкиге калтырган.

Чуев Молотовдун айткандарына таянып, 1945-жылдан кийинки пландар тууралуу минтип жазган:

“Сталин империализмди жок кылып, коммунизмди жакындатуунун аракетин көргөн дейт Молотов. Бизге тынчтык керек эле, бирок америкалык план боюнча биздин эки жүз шаарларыбыз бир убактагы атом бомбалоосуна туш келмек. Сталин минтип Биринчи дүйнөлүк согуш бир өлкөнү капиталисттик кулчулуктан куткарган. Экинчи дүйнөлүк согуш социалисттик системаны түздү, үчүнчү дүйнөлүк согуш болсо империализмди толук жок кылат деп ойлонгон”.

Александр Черепанов Примаковду Ташкенге алып кетишкенден кийин 1929-жылы 18-майда Ооганстандагы советтик отрядды башкарган, ал өзү чыныгы интернационалист жоокер болчу. Чыгыш кытай темир жолу үчүн болгон уруштарга катышкан, Кытайдагы башкы советтик кеңешчи болгон, советтик-германиялык согушта аскердик операцияларды түзгөн, кийин Грекияга кол салып кирген социалисттик Болгариянын аскерин уюштурган.
Александр Черепанов Примаковду Ташкенге алып кетишкенден кийин 1929-жылы 18-майда Ооганстандагы советтик отрядды башкарган, ал өзү чыныгы интернационалист жоокер болчу. Чыгыш кытай темир жолу үчүн болгон уруштарга катышкан, Кытайдагы башкы советтик кеңешчи болгон, советтик-германиялык согушта аскердик операцияларды түзгөн, кийин Грекияга кол салып кирген социалисттик Болгариянын аскерин уюштурган.

Баягы эле Ооганстан большевиктердин Индияга басып киришине жол ачып бериши керек болчу. 1951-жылдын 9-февралында Сталин оозун карап отурган европалык сателиттерине Ла-Маншка чейин кирип барууга дяр экенин жарыя айткандан бир айдан соң Индия компартиясынын Борбордук комитетинин өкүлдөрүнө акыл үйрөтүп, кантип дүйнөлүк революциянын өртүн алоолонто жагуунун жол-жобосун минтип ырастаган:

"Партизандык уруш керекпи? Албетте, керек. Эркиндикке жетишкен жерлер, элдик-боштондук армиясы силерде болобу? Эгер индиялык жолдоштор темир жолчулардын иш таштоосун уюштура алса, өлкөнүн жашоосу токтоп, өкмөт айласыз отуруп калмак. Боштондук алган жерлер да, аны алып келчү армияны түзүү мүмкүнчүлүгү да силерде болот. Жеңишке жетиш үчүн мунун баары аздык кылат. Партизандык уруштарды жумушчулардын революциялык каршы чыгууларына кошуп ийүү керек …. Эгер индиялык жолдоштор олуттуу, жалпы темир жолчулардын иш таштоосун уюштура алса, бул өлкө менен өкмөттү айласыз отургузуп коймок. (…) Силерде жумушчулар арасында куралдуу отряддар болушу керек, жумушчулардын, темир жолчулардын иш таштоосун уюшуруу зарыл, жумушчулардын арасында отряддарыңар болушу керек. Мына ушул эки агым биригип, кошулуп кетсе – жеңиш колдо деп койсоңор болот".

Ошол аңгемелешүүсүндө индиялык досторго Индиянын бир штатынан баштап канабайрам салууну сунуш кылган. Бирин бүтүп экинчисине көчүп: "Телинганада болуп аткандарды, албетте, колдоо керек. Бул жарандык уруштун алгачкысы, башталышы”.

Ички будуң-чаңсыз калк саны боюнча дүйнөдөгү экинчи лөк өлкөнү козгош оңой-олтоң иш эмес. 1951-жылдын 8-августунда кабыл алынган АКШнын Улуттук коопсуздук кеңешинин № 114/11 токтомунда мына ушул маселе көтөрүлгөн:

“Советтик куралдуу күчтөр, анын сателиттеринин куралдуу күчтөрү континенталдык Европаны, Жакынкы жана Ортоңку Чыгышты (Индия менен Пакистанды кошпогондо) кыска убакыттын ичинде капыс басып алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ”.

Каршылык көрсөтүп чыккан индиялык пролетариат менен дыйкандарга жардам көрсөтүү үчүн советтик армия Гиндукуштун асман мелжиген ашууларын ашып өтө алабы? Качан ошентет?

Феликс Чуев югославиялык коммунист Перо Попиводанын советтик жолбашчы партиянын XIX съезди маалында сыртка чыгып калышканда ага айткан сөзүн жазып алган: “Силердин колдо бир да өлкө жок… Бир жыл чыдай тургула!".

Өлүм басып алуу планын токтотту. Сталиндин мураскорлору стратегияны өзгөртүштү, АКШ менен өнөктөштөрүнө тикелей кол салбай, “үчүнчү дүйнөнүн” өлөсөлүү мамлекеттерин каратып алып, өнүккөн өлкөлөрдү алардын курчоосунда калтырып, соңунда багынтып алууну көздөшкөн. Мына ушул максат-мүдөөнүн артында Ооганстанды басып кирүү амалы турган, өлкө канга чакалып, майдан талаасына айланды, жыйынтыгы талибдерди алып чыкты. Талибдер кудум большевиктердей жанында демократиялык өлкөлөр болушун каалашпайт, алардын жашоо-турмушу, коомдук түзүлүшү акыры жүрүп кандуу режимди жок кыларын билишет, ошон үчүн жаамы дүйнөгө сес көрсөтүп – дүйнөлүк Халифат коркунучун айтып, колунан куралын түшүрбөй отурат.

Александр Гогун, сталинизмдин аскердик тарыхын изилдөөчү

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG